Ментордук Программасына катышууга чакыруу

Аялдардын жана жаштардын ишкердигин колдоо боюнча Ментордук Программасына катышууга чакыруу!

2024-ж., 13-June

Урматтуу достор!

Биз ментордун колдоосуна кызыккан аялдарды жана жаштарды Ментордук Программасына катышууга чакырабыз. Бул демилге Кыргыз Республикасынын төмөнкү облустарында жана максаттуу багыттарында ишкердикти колдоого багытталган:

  • Кургатылган мөмө жана жер-жемиштердин жана жаңгактын кошумча нарк чынжырчасы менен алектенгендер: Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусттары

  • Укмуштуу туризмдин кошумча нарк чынжырчасы менен алектенгендер: Жалал-Абад, Ысык-Көл

  • жана Ош облусттары

  • Табигый балдын кошумча нарк чынжырчасы менен алектенгендер: Ош, Нарын, Ысык-Көл облусттары

  • Кийизден жана булгаарыдан жасалган кол өнөрчүлүк буюмдарынын кошумча нарк чынжырчасы менен алектенгендер: Ош, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облусттары

Бул демилге БУУӨПнын «Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында, Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган жана “Бизнес Ассоциация JIA” менен биргеликте ишке ашырылууда.

Эгер сиз кошумча нарк чынжырчасы менен иштесеңиз жана төмөнкү критерийлерге жооп берген ишкер болсоңуз:

• Долбоордун максаттуу аймактарынан бизнес-процесстерге эксперттик баа берүүнү талап кылган жана алынган сунуштарды колдонууга даяр болгон айымдар жана 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар;

• ЖЧКнын же жеке ишкердин юридикалык статусуна ээ болуу;

• кошумча нарк чынжырчасы менен кесиптик өнүгүү же бизнести алдыга жылдыруу үчүн жаңы таанышууларга жана пайдалуу байланыштарга умтулсаңыз;

• Өзгөрүлүп жаткан тышкы чөйрөгө көнүү үчүн тажрыйбалуу ментордун колдоосуна муктаж болсоңуз;

• Сиздин бизнесиңиз атаандаштыкка туруштук берүүсүн, сизге жаңы рынокторго чыгуу, сатууну жогорулатуу жана бизнесиңизди кеңейтүү үчүн профессионал эксперттин кеңешине муктаж болсоңуз;

• Сиз жаңы долбоорду ишке ашыруунун алдында турсаңыз жана туруксуз бизнес-план, бизнес модели же рыноктук суроо-талаптын жоктугу менен байланышкан каталарды кайталабоону кааласаңыз;

• Айымдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген (майыптыгы бар) жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө даяр болсоңуз

• Кошумча нарк чынжырчасы аркылуу экспорттук сатуунун көлөмүн жогорулатууга кызыктар болсоңуз;

• Гранттык колдоо программасынын алкагында суралган сумманын кеминде 50% биргелешип каржылоого даяр болсоңуз

анда биз сизди Ментордук Программасынын алкагында төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо үчүн менти катары катышууга чакырабыз!

• Бизнес көндүмдөрүн жана стратегиясын өркүндөтүү үчүн ийгиликтүү бизнес лидерлеринен ментордук коштоосун алуу;

• Сиздин бизнесиңизди жана бизнести башкаруудагы жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча практикалык кеңештер жана сунуштарды алуу; 

• Бизнести өнүктүрүү/кеңейтүү үчүн гранттык колдоонун жардамы аркылуу инновациялык жана

экологиялык технологияларга киргизүү;

• Ишкердик чөйрөсүндөгү жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү;

• Экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана эл аралык кызматташтык тууралуу билимиңизди жогорулатуу 

Сынакка менти катары катышуу үчүн шилтеме аркылуу онлайн анкетаны толтуруңуз:

https://bit.ly/4aU7DiN

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 18:00, 21-июнь, 2024-жыл

Катышуу жана кошумча маалымат алуу үчүн биз менен төмөнкү жолдор аркылуу байланышыңыз: project2@jia.kg электрондук дареги же +996 (502) 230 496, +996 (770) 345 288 (Whatsapp’ка жазыңыз)

Негизги тандоо критерийлерине жооп берген талапкерлерге алардын арызынын жыйынтыгы жөнүндө кабар берилет.