БУУӨП Кыргызстандын ишкерлерине электрондук коммерцияны өздөштүрүүгө жана эл аралык рынокторго чыгууга жардам берип жатат

2024-ж., 23-September
Имараттын алдында турган адамдардын тобу

Бишкек / 2024-жылдын 24-сентябры  — Кыргызстандык 50дөн ашык ишкер “Жаңырейшн Санарип” программасынын алкагында электрондук коммерцияны жүргүзүүгө үйрөнүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгүн алышууда. Демилге өлкөнүн микро-, чакан жана орто ишканаларын колдоого багытталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) күч-аракети менен ишке ашырылууда.

«Электрондук коммерция ата мекендик ишкерлерге эл аралык рынокко чыгууга, алардын кардар базасын кеңейтүүгө жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев.

2019-жылдан бери Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өнүгүп келатат, буга интернет-инфраструктуранын өнүгүүсү жана мобилдик төлөм системаларын колдонгондордун санынын көбөйүшү түрткү болду. Бирок бул тармак бир катар чакырыктарга да туш болуп жатат, себеби калктын 60% жашаган элет жергелеринде керектөөчүлөрдүн онлайн-соодага ишеними аз жана интернетке жеткиликтүүлүгү чектелүү. Бул маселелерди чечүү максатында 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2023-2026-жылдарга Электрондук коммерцияны өнүктүрүү программасын ишке киргизген. Бул Программа эл аралык рыноктордо жергиликтүү продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана инвестицияларды тартууга багытталган.

Бул демилгенин алкагында БУУӨП “Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү” долбоору аркылуу ишкерлерге ар тараптан колдоо көрсөтүүдө. Долбоор ишкерлерге электрондук коммерция көндүмдөрүн өздөштүрүүгө, эл аралык маркетплейстерде натыйжалуу иштөөгө жардам берип жатат. Мунун натыйжасында ишкерлер бизнесин өнүктүрүп, кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатышат. Долбоорду Финляндиянын Өкмөтү каржылоодо.

“Санариптештирүү санариптик ажырымды кыскартууда жана Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн тездетүүдө негизги фактор болуп саналат. Электрондук коммерцияны өнүктүрүү кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, ошону менен бирге жергиликтүү ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да түзүп жатат. Биз Өкмөттүн жана БУУӨПтүн биргелешкен күч-аракеттери айрыкча интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон элет аймактарында туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүшкө көмөктөшөт деп ишенебиз”, - деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Программага катышуу үчүн 542 өтүнмө берилген. Ишкерлер бир катар критерийлердин негизинде тандалып алынды. Мисалы, өтүнмө ээсинин Кыргызстанда иштеп жаткан бизнеси болуп, жеке салымы 80 000 сомдон кем болбой, долбоорго жигердүү катышууга даяр болушу керек. Ошондой эле катышуучулардын тажрыйбасы жана квалификациясы, алардын бизнес-долбоорлорунун туруктуулугу жана масштабы да эске алынды. Бул ишкерлер өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган. Алардын арасында тигүү өндүрүшү, туризм, бал өндүрүү, жеңил өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана соода иши сыяктуу өлкө үчүн маанилүү тармактарда иштегендер болду. Мындай көрүнүш бул программа кеңири ишке ашырылып, Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү тармактары үчүн маанилүү болгонун баса белгилеп жатат.

Программанын катышуучусу Наргиза Турбатова өзүнүн бизнес-идеяларын ишке ашырып, электрондук коммерцияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жигердүү пайдаланып жатканын белгиледи.

“Мен өлкөнүн булуң-бурчунда тигүүчү болуп иштеген, колу жөндөмдүү өнөрчүлөр менен бетме-бет жолукпастан эле ишти уюштура алдым. Бардык байланыш интернет аркылуу түзүлүп жатат. Бул мага үй-бүлөмө да көңүл буруп, ошол эле кезде бизнесимди өнүктүрүүгө да мүмкүндүк берүүдө. “Жаңырейшн Санарип” программасы мага маркетплейстерге чыгып, бизнесимди социалдык тармактар аркылуу таанытуу жөнүндө маанилүү билим берди. Онлайн-дүкөн ачып, продукциямдын түрлөрүн кеңейтүүгө жардам берген ментордук колдоону жана практикалык көндүмдөрдү өзгөчө баалайм”,-деди Наргиза.

Долбоор тууралуу

БУУӨП Финляндиянын Өкмөтү каржылаган “Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү” аттуу регионалдык долбоордун бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор инклюзивдүү жана туруктуу өсүштү камсыз кылууда Борбордук Азия өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Бул көмөктү долбоор кошумча нарктын “жашыл” чынжырчасын илгерилетүүнүн жана бул өлкөлөрдүн экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен ишке ашырып жатат. Долбоор кыйла туруктуу, коопсуз жана гендердик өңүттөрдү эске алган экономикалык структураларды түзүүгө көмөктөшүүдө, буларды экономиканы диверсификациялоо, базарлардагы жана керектөөдөгү жаңы тенденцияларга ыңгайлаштыруу аркылуу жасап жатат. Электрондук коммерцияны кеңейтүү боюнча ишти “Жаңырейшн Санарип” ушул долбоордун алкагында John Galt бизнес-акселератору менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Айнагуль Абдрахманова, БУУӨПтүн коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси: ainagul.abdrakhmanova@undp.org

Салидат Султангазиева, John Galt бизнес-акселераторунун долбоордук менеджери: johngalt@ololo.city же +996 707 77 74 55.