Ошто кургак учукту так жана натыйжалуу аныктоочу облустар аралык референс-лаборатория жаңыланды

2025-ж., 7-April
A doctor assists a nurse at a computer in a medical office setting.

Оштогу лабораторияда

БУУӨП / Кыргызстан

Бишкек, 7-апрель 2025 – 7-апрелде Улуттук фтизиатрия борбору жана Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору, БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен, Ош шаарындагы облустар аралык референс-лабораториянын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын расмий түрдө ачышты. Модернизацияланган лаборатория кургак учукту диагностикалоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Кургак учукту сапаттуу жана өз убагында аныктоо – ооруну ийгиликтүү дарылоонун негизги фактору болуп саналат. Дарыга туруктуулук боюнча алынган маалыматтардын негизинде гана дарыгерлер эң натыйжалуу дарылоо ыкмасын тандап, бейтаптын толук айыгышын камсыздай алышат.

БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, ар бир адам – жашаган жерине же социалдык-экономикалык абалына карабастан – кургак учукту аныктоо жана дарылоонун жашоого зарыл кызматтарына жеткиликтүү болушун камсыздоого аракет кылууда. Уюм өлкө боюнча диагностикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү, дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууну жана кургак учуктун жүгүн азайтууну колдойт. Заманбап лабораториялык инфраструктурага, инфекциялык көзөмөл чараларына жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө инвестиция салуу менен БУУӨП Кыргызстанды кургак учуктан арылтуу жолунда эч кимди жардамсыз калтырбай, ыкчам прогресске салым кошууда.

Улуттук Кургак Учукка Каршы Программа (УКУП) лабораториялык кызматтарды өркүндөтүү багытында үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп келет. 2020-жылы Кыргызстандагы кургак учук боюнча абалды баалоо отчетуна ылайык, Улуттук референс-лаборатория Борбор Азиядагы эң мыкты аккредитацияланган лабораториялардын катарына кирет.

«Жаңыланган лаборатория адистер үчүн заманбап жана ишенимдүү иштөө мейкиндигине айланып, лабораториялык кызматты жана калктын ден соолугун коргоону өнүктүрүүгө салым кошот», – деп белгиледи Улуттук фтизиатрия борборунун директорунун орун басары Гүлмира Калмамбетова.

Laboratory technician in a pink lab coat using a pipette in a clean workspace.
БУУӨП / Кыргызстан

2019-жылга чейин өлкөдө кургак учукту аныктоодо заманбап ыкмаларды колдонгон эки референс-лаборатория иштеп келген. Улуттук референс-лаборатория өлкө боюнча бардык лабораториялар үчүн ментордук колдоо, супервизия жана сапатты контролдоо иштерин жүргүзүп, негизинен түндүк аймактар үчүн дарыга туруктуулук боюнча тесттерди жасаган. Ал эми Ош облустар аралык референс-лабораториясы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын тейлеп, негизги диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп келген.

Бирок түштүк лаборатория эски, талаптарга жооп бербеген имаратта жайгашкандыктан, иштөө шарты начар болчу. Заманбап жабдуулар бар болгонуна карабастан, диагностиканын сапаты төмөндөй баштаган. 2019-жылы Ош облусттар аралык референс-лабораториясы (ОМРЛ) негизги функцияларын Улуттук референс-лабораторияга өткөрүп берип, өз ишмердүүлүгүн кыскартууга мажбур болгон. Натыйжада, заманбап лабораториялык комплексти түзүү Улуттук Кургак Учукка Каршы Программа (УКУП) үчүн артыкчылыктуу багытка айланган.

Узакка созулган кеңешмелерден кийин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–2026-жылдарга карата «Кургак учук–VI» Программасына колдоо көрсөтүү максатында, БУУӨП жана GIZ имаратты капиталдык оңдоону, кызматкерлерди окутууну жана жабдууларды сертификациялоону колдоону чечишти.

«Бүгүнкү күндө Улуттук Кургак Учукка Каршы Программанын аракеттеринин негизинде өлкөдө ар бир жаран кургак учукту аныктоо, диагностика жана дарылоо боюнча жеткиликтүү, сапаттуу жана өз убагындагы кызматтардын толук спектрин алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргызстанда кургак учук менен күрөшүүгө жана аны жеңүүгө системалуу тоскоолдуктар калган жок. БУУнун Өнүктүрүү Программасы бул жалпы ишке кошкон салымы үчүн абдан сыймыктанат», – деп белгилейт БУУӨПтүн программалык менеджери Хедие Ханега Панах.

Group of people in formal attire gathered outside a building decorated with blue balloons.
БУУӨП / Кыргызстан

Ош облусттар аралык референс-лабораториясы өз ишин 2024-жылдын декабрь айында кайра жандандырып, бүгүнкү күндө Ош шаары, Ош жана Баткен облустары үчүн негизги диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Бул лаборатория Улуттук референс-лабораториянын жүгүн жеңилдетип, ресурстарды лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жана аймактык лабораториялар менен райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлгөн сырткы сапат көзөмөлүнүн деңгээлин жогорулатууга багыттоого мүмкүнчүлүк берет.

Бул иштер БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекция жана кургак учукту натыйжалуу көзөмөлдөө» долбоорунун алкагында, СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун каржылоосу жана GIZ менен өнөктөштүктө жүргүзүлгөн.