
Кургак учук – бул медициналык гана көйгөй эмес, ошондой эле ал социалдык алсыздыктын белгиси. Ал эми комплекстүү чечимдерсиз аны жеңүү мүмкүн эмес. БУУӨП Саламаттыкты сактоо министрлигине дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды үзгүлтүксүз жеткирүүдөн санариптештирүү жана технологияларды ишке киргизүүгө чейин туруктуу саламаттык сактоо системасын курууда колдоо көрсөтөт.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө олуттуу жылыштар байкалууда. 2022-жылы Кыргызстанда кургак учуктун 4183 жаңы учуру катталган. Алардын 700дөн ашыгы көптөгөн дарыларга туруктуу формалар (МЛУ-ТБ) болуп эсептелет. Кургак учуктун бул түрүн дарылоо өтө кыйын жана медициналык кийлигишүү менен бирге 6-18 ай бою бейтапты туруктуу колдоо талап кылынат.

Саламаттыкты сактоону санариптештирүү системалуу жооп катары
БУУӨП тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан колдоонун багыттарынын бири Бирдиктүү медициналык маалыматтык тутумун (БММТ) ишке киргизүү болуп саналат. Бул санариптик платформа бейтаптардын ден соолугунун бардык маалыматтарын бир санариптик мейкиндикте бириктирүүгө мүмкүндүк берет, бул медициналык кызматтарды ачык, натыйжалуу жана жеткиликтүү кылат.
“Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү – биздин негизги приоритетибиз. Биз алдыңкы технологияларды ишке киргизип, медициналык жардамды ар бир жаранга жеткиликтүү кылып жатабыз”, - деп баса белгилейт Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев.
БУУӨП лабораториялык системаларды модернизациялоого, кургак учуктун диагностикасы үчүн жасалма интеллект-чечимдерин ишке ашырууга жардам берет жана IT-инфраструктурасына аудит жүргүзөт. Бул жөн гана модернизация эмес – бул туруктуу, адамдарга багытталган саламаттык сактоо системасын түзүү.

Оштогу лабораторияда
Колдоо чекити: баш калкалоочу жай айыктыруучу мейкиндик катары
Бирок, адам диагнозу менен жалгыз калса, эң заманбап технологиялар да алсыз. Ошондуктан БУУӨП баш калкалоочу жайларды түзүүнү колдойт, анда бир гана өпкөнү дарылабастан, жан дүйнөгө да да даба табылат.
Кыргызстандын түштүгүндөгү “Плюс” коомдук фондунун долбоордун координатору Элмира Каримова өзү ооруну башынан өткөргөн. Жакындарынан айрылып, өзүнчө обочолонуп, кургак учукту жеңип гана тим болбостон, башкаларга жол көрсөтүүчү болууга да жетишкен.
"Адам кайрадан дем ала баштаганда, бул өзүнчө эле бир керемет", - дейт ал.
Баш калкалоочу жайда ар бир күн жылуу учурашуу жана кам көрүү менен башталат. Туугандары баш тарткан бейтаптар турак-жай, тамак-аш, дары-дармек менен камсыз болуп, эң негизгиси бардыгын кайрадан баштоого мүмкүнчүлүк алышат.

Элмира Каримова, “Плюс” коомдук фондунун долбоордун координатору
Статистиканы жанданткан окуялар
Адахан Мамадалиев 35 жыл боюу камалып жашагандан кийин жашагысы келбей калгандардын бири. Оору ага «жоголуунун жолу» болуп көрүнгөн. Бирок, баш калкалоочу жайга келип, ал жашоонун маңызын тапты: "Мен мурда жашаган сыяктуу болчумун, азыр болсо чындап жашап жатам", - дейт ал.

Adakhan Mamadaliev
Наиль (аты өзгөртүлдү) диагнозу белгилүү болгондон кийин неберелерине зыянын тийгизбөө үчүн үйүнөн чыгып кеткен. Анын окуясы коомдук пикир азапты канчалык тереңдете алаарын чагылдырат. Бирок баш калкалоочу жайдан анын үмүт оту тутанды. "Мен кургак учук өткөн чактын оорусу деп ойлогом. Ал 21-кылымда деле ошондой экен. Бирок жаныңда ишеним, жардам жана сени тосуп алчу жай болсо, ооруну жеңсе болот", - дейт ал.

Наил “Плюс” коомдук фондунун психологу Роза Алимбаева менен маектешүү учурунда
БУУӨПтүн комплекстүү кийлигишүүсү
Баш калкалоочу жайды колдоо БУУӨПтүн системалуу мамилесинин бир бөлүгү гана. БУУӨП эң алыскы аймактарда да сапаттуу диагностика жана дарылоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Глобалдык Фонд менен өнөктөштүктө БУУӨП жасалма интеллект менен иштөөчү заманбап рентген жабдыктарын алып келди. Ошондой эле медициналык кызматкерлерди окутту, аялуу бейтаптарга юридикалык жардам көрсөтүүнү кеңейтти жана медициналык факультеттин студенттери үчүн инновациялык окуу программаларын киргизди.

Сатып алууга болбой турган дары бул - өзүңдү керек сезүү
БУУӨП көрсөткөндөй, кургак учук менен күрөш – бул стигманы жана дискриминацияны да чечүүчү иш болуп эсептелет. Өкмөттү, жарандык коомду жана бейтаптардын өзүн бириктирүү менен БУУӨП адамдарды борборго койгон системаларды түзгөн.
Баш калкалоочу жайдын бейтаптары белгилегендей, негизги дары жөн эле таблеткалар эмес. Эң башкысы сен жалгыз эмес экениңди билишиң керек.
"Биз адам өмүрүн сактап калуучу дары-дармектерге, заманбап медициналык жабдууларга жана юридикалык жардамга туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн иштеп жатабыз. Ар бир муктаж болгон адам өз убагында дарыланып, колдоо ала алат. БУУӨП Саламаттыкты сактоо министрлиги менен санариптик чечимдерди иштеп чыгуу, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана бардыгы үчүн медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу боюнча кызматташууну улантат", - деп жыйынтыктайт БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.