Япониянын каржылоосу менен Кыргызстандагы БУУӨП 10 жаштар борборун ачты

2021-ж., 16-July

 

Бишкек / 2021-жыл, 16-июль.  Кыргызстандын ар бир облусунда жана Бишкек шаарында Япониянын Өкмөтү жана БУУӨПтүн каржылык колдоосу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлиги жана тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен тыгыз өнөктөштүктө ачылган 10 жаштар борбору жигердүү иштөөдө.

 Бул борборлор жаштарды жергиликтүү коомдордун социалдык-экономикалык, маданий-агартуучу жана коомдук-саясый турмушуна активдүү катыштырууга арналат. Жаштар борборлорун куруу жана оңдоо иштери 2 жыл бою жүргүзүлүп, COVID-19 пандемиясына карабастан ийгиликтүү бүткөрүлдү. Учурда, жаштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаштарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда.

Soyuzbek Nadyrbekov

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлигинин астындагы Жаштар иштери, жене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков жакынкы пландар тууралуу айтып берди: «Биз үчүн жаңы борборлордун системдүүлүгү жана ишке туруктуулугу маанилүү. Жакынкы 2-3 жума ичинде биз жаштар борборлоруна ишкерликти жүргүзүүнүн негиздери боюнча тренингдерди өткөрүү үчүн адистерди жөнөтөбүз. Экинчиден, биз жаштарды СММ көндүмдөрүнө жана социалдык тармактарда коммерциялык илгерилетүүнүн негиздерин окутабыз. Мындан сырткары, жаштар атайын залдар же стадиондор жок эле спорт менен массалык түрдө машыгууга мүмкүнчүлүк бере турган стрит-воркаут менен таанышат. Андан соң биз жаштар борборлору менен биздин ишти системалаштыруу эле эмес, жаштардын талаптарына да жооп бере турган кандай адистерди чакыруу керектигин изилдеп чыгабыз».

Ал эми Исфана шаарындагы жаштар борборунун лидери Элдор Долиев алардын борбору кандай иштей турганын айтып берди: «Биз шаарыбыздын жаштары үчүн бизнес-долбоорлорду түзүү жана жазуу боюнча курстарды уюштурууну пландап жатабыз. Биздин жардамыбыз менен каалоочулар өздөрүнүн потенциалын ишке ашырып, буттарына туруп кетет деп ишенебиз. Биринчи курстарды акысыз өткөрөбүз, жыйынтыгына карап борборубуздун өзүн-өзү каржылоосу үчүн кийинчерээк окуу курстарын акы төлөп окутуу негизине өткөрөбүз», - дейт ал.

 

«COVID-19 пандемиясы жумушсуздуктун өсүшүнө алып келгенин, бул айрыкча жаш муунга өзгөчө таасир бергенин баарыбыз эле билебиз. Бул бир эле Кыргызстанда эмес, бүт дүйнө жүзүндө болуп жатат. Учурда бир миллиондой кыргыз жараны аргасыздан чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт, мына ушундай жагдай өлкөдө жумуш орундарын түзүү жолу менен гана чечилиши мүмкүн. Мыкты мамлекеттик түзүлүш үчүн талаптардын бири – бул жаштар активдүү роль ойной турган коомду түзүү. Япониянын Өкмөтү БУУӨП аркылуу жаштар борборлорун түзүүнү колдоп, 300 миң доллардан ашуун өлчөмдөгү гранттык жардам берди. Себеби, Япония Кыргызстандын жаш муундары экономикалык жактан көз карандысыз болот, коомдун ишмердүүлүгүнө активдүү катышат, өздөрүнүн коомчулуктарын жаратат, бул өлкөнүн өнүгүшүнө алып келет деп ишенет», - деп өзүнүн куттуктоо сөзүндө Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки айтып өттү.

Кыргызстандагы БУУӨПтүн «Тынчтык, сот адилеттиги жана айкын институттар» багытындагы программалык аналитиги Эркина Уразбаева «бул долбоорду ишке ашыра алганыбызга абдан кубанычтабыз» деп белгилеп өттү:

«Бул долбоор жергиликтүү жаштардын өнүгүүгө умтулууга кызыгуусун күчөтө алды жана бул процесске жергиликтүү бийликти тарта алды. Жергиликтүү бийлик да башталган бул иш аймактын социалдык-экономикалык жыргалчылыгына жагымдуу таасир бере ала турганын, көптөгөн жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере ала турганын түшүндү. Бул кызыккандык бийлик ресурстарды таап, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп бергенден кийин байкалды. Мына бүгүн биз жаштардын эле эмес, жергиликтүү бийлик менен райондук администрациянын өкүлдөрүнүн көздөрүнөн чын жүрөктөн кубанганын көрүп отурабыз. Жаштар борборлору диалог, өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча аянтча болуп кызмат кылат деп ишенебиз».

Жаштар борборлорун түзүү Япония өкмөтү тарабынан каржыланган БУУӨПтүн «Борбор Азиядагы зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун жана аймактык кызматташтыгын бекемдетүү» аймактык долбоорунун алкагында демилгеленген.

 

Сүрөттөргө шилтеме: : Кара-Буура, Талас;  Базар-Коргон, Жалал-Абад; Чек-Абад, Ош; Сузак, Ош; Исфана, Баткен.

***

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, коммуникациялар боюнча адис nurzhan.alymkanova@undp.org