"Жаратман Жаштар Форуму" жаңы башталыштарга шыктандырат жана коомдук биримдикти бекемдейт

2024-ж., 27-October
Группа людей, позирующих перед камерой

26-октябрь, Бишкек — БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) өнөктөштөрү менен биргеликте “Жаратман Жаштар Форумун” өткөрүп, Кыргызстан боюнча 900дөн ашык жаш ишкерлерди, стартаптарды жана лидерлерди чогултту. Бул иш-чара идеяларды, демилгелерди алмашуу жана жаңы бизнес байланыштарды түзүү үчүн маанилүү платформа болду. Форум буга чейин Ош жана Караколдо өткөн жолугушуулар сериясын жыйынтыктады.

Форумдун негизги өзгөчөлүгү — ишкердикте жана бизнес тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө, жаштар жана аялдардын ишкердиги, креативдүү индустриялар жана маалыматтык технологиялар аркылуу коомдук биримдикти чыңдоого көңүл буруу болду. Форум ар бир катышуучу коомдун туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо ала турган бизнес чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

БУУнун Өнүктүрүү Программасы жаштарды пайда алуучу гана эмес, санариптик трансформациянын, айрыкча, жасалма интеллект (ЖИ) жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) тармагында негизги кыймылдаткыч күч катары көрөт. Биз өнөктөштүктөр жана инновациялык долбоорлор аркылуу жаштарга жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана санарип дүйнөдө ийгиликтүү адаптациялоо үчүн керектүү көндүмдөрдү берүүгө көмөктөшөбүз.

человек, держащий табличку

"Илим, технология жана глобалдык байланыш тездик менен өнүгүп жаткан учурда, биз жаштарды ЖИ, маалыматтарды талдоо, креативдүү ой жүгүртүү жана менталдык ден соолукту колдоо сыяктуу эртеңки экономиканы жетектей турган тармактарда көндүмдөр менен камсыздап жатабыз", — деди Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Ийгиликтүү ишкерлер жана коомдук лидерлер “Эффективдүү маркетинг жана алга жылдыруу”, “Инвестицияларды тартуу”, “Команданы башкаруу”, “Бизнести санариптештирүү” жана “Коомдук биримдиктин өзөгү катары жаштардын ишкердигинин ролу” сыяктуу темалар боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Форум мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап гана тим болбостон, инклюзивдүү жана экономикалык жактан туруктуу өлкөнү илгерилетүү үчүн инновациялык социалдык бизнеске да көңүл бурду. Ишкерлер жана бизнес коомчулугу ар түрдүү социалдык структуралардын өнөктөштүктөрүн чыңдаган коомдук биримдик факторлорун талкуулашты.

"Биз лидерлер жана новаторлор бири-бирин колдой ала турган, идеяларды бириктирип, чогуу өсүп, биримдиктүү коом түзө ала турган коомчулук түзүүнү максат кылабыз", — деди форумдун тең уюштуруучусу Урмат Насыкулов. "Ар бир катышуучу маанилүү, жана биздин ишкердик жана коомубуздун келечеги бизге көз каранды".

БУУнун Өнүктүрүү Программасы жаштар менен менторлук жана көндүмдөрдү алмашуу аркылуу тыгыз иш алып барат. Жаш ишкерлер санариптик технологиялар, туруктуу өнүгүү жана креативдүү индустрия сыяктуу тармактарда ийгиликке жетишүү үчүн зарыл болгон тажрыйба жана байланыш түйүнүн алышат.

Бул форум жаш ишкерлер өскөн жана ийгиликке жетише ала турган туруктуу экосистеманы түзүп, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү ПРООНдун жеке сектор менен өнөктөштүгүнүн далили болуп калды. Бизнес форум жаш ишкерлерди идеяларды, билимдерди жана шыктандырууну алмашууга бириктирип, солидардуулук, инновациялар жана коомдук биримдик менен башкарылган коомду өзгөртүүгө салым кошту.