Санарип көндүмдөр Бибигүлгө кыялындагы карьерасына жол ачты

2023-ж., 11-July

Digital Skills Helped Bibigul to Start Her Dream Career

UNDP Kyrgyzstan

2022-2023 - жылдар аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган “Санарип Айымдар” аталышындагы долбоор ийгиликтүү ишке ашты.

Аталган долбоордун негизги максаты бул кыз-келиндердин IT жана санариптик, лидерлик жана коммуникациялык жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү болуп саналат.

Бир жыл ичинде долбоорго кабыл алынган 15 жаштан 34 жашка чейинки 180 кыз-келиндерге өздөрү тандаган IT жана санариптик курстар боюнча окутуулар уюштурулду. Бүгүнкү күндө, долбоорго катышкан 180 кыз-келиндердин 50% жумуш менен камсыз болушту. “Санарип айымдар” долбооруна катышкан кыз-келиндердин ийгиликтерин бөлүшөбүз. 

***
Менин атым Бибигуль Ашимова. Мен Жалал-Абад шаарында туулуп-өскөм. Учурда Гуманитардык-Экономикалык колледжде программист адистиги боюнча билим алып жатам.  Бала кезимден эле компьютерге, интернетке жана технологияларга кызыгуум күчтүү болгондуктан, келечектеги кесибимди да ушул тармакта тандадым.

Күн сайын социалдык медиа маданиятыбызды, баарлашуубузду жана бизнес жүргүзүү ыкмасын кандайча өзгөртүп жатканын көрүп келебиз. Бул өзгөрүүлөр мендеги интернет-маркетинг тармагында кесипкөй адис болууга каалоону ойготту. Бул кыялымды ишке ашыруу үчүн СММ боюнча сапаттуу окутуулардан өтүшүм маанилүү болчу. Тилекке каршы, курстардын акысын төлөөгө үй-бүлөмдүн каражаты жетишсиз эле. Менин пландарымдын бири: жайкы каникул учурунда окууга акырындык менен каражат топтоо үчүн официант же сатуучу болуп ишке орношуу. Бул көп күч-аракетти жана убакытты талап кылаарын түшүндүм, бирок максатым үчүн ар дайым бардык нерсеге даярмын.

Дал ушул учурда санариптик жөндөмдөрүмдү өркүндөтүү жана Интернет маркетинг жаатында билимимди кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду. БУУӨПтүн Instagram баракчасынан “Санарип айымдар” долбоору жөнүндө маалымат окуп калдым. Мен ар дайым ушундай долбоорлорго кызыгып келгем жана бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону чечтим.

Долбоорго катышып, программалоо, маркетинг жана ишкердик сыяктуу түрдүү тармактарда олуттуу ийгиликтерге жетишкен шыктандыруучу насаатчыларды жолуктурдум. Мындан тышкары, санарип дүйнөсүнө болгон кызыгуумду бөлүшкөн жаңы досторду таптым. Бул кыздар ийгиликтин жолунда бири-бирине колдоо көрсөтүүдө жана кыйынчылыктарды жеңүүдө баалуу өнөктөш болуп калышты. Алар дагы өз аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүүнү, айымдарга финансылык көз карандысыздыкка жана медиа сабаттуулукка жетишүүдө колдоо көрсөтүүнү каалашат. 

Бул долбоор өнүгүүмө чоң таасир берди. Ал мага социалдык медиа маркетингди гана өздөштүрүүгө жардам бербестен, лидерлик, эффективдүү баарлашуу жана өзүнө болгон ишеним боюнча маанилүү көндүмдөрдү үйрөттү.

Азыркы учурда чыныгы лидерге айландым. Кардарлар, кесиптештер жана өнөктөштөр менен туура иштешүүнү үйрөндүм. Тренингдердин жыйынтыгында эл алдында сүйлөөдө коркуу сезимин жеңе алдым, презентация жана дизайн жасоодо жаңы баалуу инструменттерди өздөштүрдүм. Долбоордун алкагындагы эң маанилүү учурлардын бири - бул айымдардын инновациялык идеяларынын презентациясы болду. Ал күнү Жалал-Абад шаарында графикалык кызмат көрсөтүү боюнча агентство ачуу идеясын сунуштадым.

Талыкпаган эмгектин жана долбоор алкагында алган билимимди колдонуунун натыйжасында, көптөн бери эңсеген кызматыма жеттим. Жалал-Абад шаарындагы риэлтор компаниясына СММ-адиси болуп ишке орноштум. Бул менин карьерамды баштоого эң сонун кадам болду. Ошондой эле, маркетинг жана социалдык медиа жаатындагы жөндөмдөрүмдү иш жүзүндө колдонууга мыкты мүмкүнчүлүк алдым. Азыр мен өз жумушумдан ырахат аламын. Анткени, компанияда эффективдүү стратегияларды иштеп чыгуу, кызыктуу контентти түзүү, ийгиликтүү жарнамалык кампанияларды жүргүзүү аркылуу креативдүүлүгүмдү колдонуудамын.

Мындан тышкары, жумушум менин биргеликте окуумду да улантып жатам. Риэлтор компаниясынан алган айлык-маянам менен окуумдун акысын төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.

“Санарип айымдар” долбоору мага финансылык көз карандысыздыкты гана эмес, тынымсыз өнүгүүгө жана максаттарга умтулууга стимул берди.
#СанарипАйымдар долбоору Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен БУУӨПтүн долбоору алкагында «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.