Чокойбаев Улархан – Таластык жаш ишкер өзүнүн бизнесин туулуп-өскөн айылында баштады. Быйыл жайында ал тарап-тытуучу жабдуу сатып алып, жергиликтүү калкка тийиштүү кызмат көрсөтүп жатат.
«Тарап-тытуучу машина – бул түктүү материалдарды тароо үчүн колдонула турган атайын өнөр жай жабдуусу. Бул жабдуунун түзүлүшү тарооч ийнелүү айланмалардан же тиштүү беттен турат. Тароо процессинде була таралып, ар кандай кошундуларда тазаланат жана бири-бирине салыштырмалуу текши бөлүштүрүлөт. Мындай тарооч машиналар дээрлик бардык токуу технологиясында,ошондой эле кийизден буюмдарды жасоо өндүрүшүндө колдонулат”, - деп түшүндүрдү Улархан.
Жаш ишкер бул тармакта көптөн бери иштегендиктен, иштин көзүн жакшы билет. Улархандын айтымында, тарап-тытуу цехи алар жашаган аймакта совет доорунан бери сакталып калган. Бала кезинде апасы экөө жүн тыттырганы келишип, көп учурда алардын кезеги жеткиче күнгө какталып туруп калышчу. Ал цехтин жабдуусу да аябай эскирип калгандыктан жай иштөөчү. Сезондо кезек аябай узарып, бир нече күндөп кезек күтүү адамдарга ыңгайсыздык жаратчу. Ушул маселеден улам ага жаңы тарап-тытуу цехин ачуу жөнүндө ой келди. Быйыл ал бизнесин баштоону чечип – жабдууларды сатып алды, базарга жакынырак жерден жай тандап алып, өзүнүн цехин ачты.
«Мен акыркы эки жылдан бери цех ачууну ойлоп, бирок кантип ишке ашырууну билбей жүрдүм. Оюмдун орундалышына БУУӨПтөн алган грант жардам берди. Бизге ишмердүүлүктүн өзүбүз каалаган түрү менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк беришкенине аябай кубанычта болдум. Мындан тышкары, мени жана башка грант алуучуларды ар түрдүү окутуп-үйрөтүү тренингдерине чакырышты. Аларда мен финансылык сабаттуулук, бизнес-план жана аны кантип жүзөгө ашыруу боюнча билим алдым. Мен буга аябай кубанычта болдум, анткени билим бул өмүр бою керек жана бардык тармакта пайдасы тиет!» - дейт ал.
Анын айтканына караганда, Таласта бул кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап чоң. Жүн тытуучу машина токуу өндүрүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Айрыкча үй чарбасында мал кармап, жүнүн иштетип же саткандар үчүн өтө керектүү. Анын үстүнө Улархандын станогу универсалдуу, жүндү да, пахтаны да тытүу боюнча буюртма алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул эки сырье тең жергиликтүү элде кеңири колдонулат: жүндөн кийиздер жасалса, тытылып жумшартылган пахтадан келиндин себи үчүн төшөк-жууркандар даярдалат. Улархандын цехи жакында эле ачылса да, кардалдары жетиштүү. Мал базарынын жанында илинген жарнактын да аябай пайдасы тийди, анын үстүнө цехтин өзү да мал базардан алыс эмес жерде жайгашкандыктан, базарга келгендер Улардын ишканасына жүн тыттыруу үчүн кире калууга ыңгайлуу.
«Азырынча өзүм жалгыз иштеп жатам. Бизнесимди бир аз өнүктүрүп алгандан кийин жазында жардамчы алсам дейм. Муктаж адамга акча иштеп табууга мүмкүндүк берүү керек. Ал үчүн жергиликтүү бийлик органына кайрылам, аларда жардамга муктаждардын же иш издегендердин тизмеси дайыма болот. Жаз келери менен үйлөнүү той сезону башталат жана буюртмалар кайрадан көбөйөт. Ошондуктан, жазды чыдамсыздык менен күтүп жатам”, - дейт Улархан.
«Айыл жеринде ишкердүүлүктү өнүктүрүү зарылдыгы жашоо деңгээлинин төмөндүгү, жумушсуздук, ошондой эле коронавирустун дүйнөгө таралышынын кесепеттерине байланыштуу кризис сыяктуу социалдык көйгөйлөрдөн улам жаралды. Аймактардагы калктын экономикалык абалын жакшыртуу максатында Кыргызстандагы БУУӨП аймактык жаштардын бизнес-демилгелерин колдоого алып, алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду жүзөгө ашырууда. Бул долбоорлордо аймактардагы стартаптар үчүн чакан гранттарды берүү каралат. Жаштар ишмердүүлүктүн түрлөрүн өздөрү сунушташы биз үчүн мааниге ээ, анткени алар кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү рыногунда эмнеге талап чоң экенин жакшы билишет. Бул ыкма жер-жерлердеги стартаптардын туруктуу ишмердүүлүгүн камсыз кылат деген үмүттөбүз”, - деп түшүндүрдү БУУӨПтүн тынчтык жана өнүгүү маселелери боюнча кеңешчиси Калдаров Мукаш.
Улархандын цехинин ачылышы БУУӨПтүн “COVID-19 кризисин жоюу жана жооп кайтаруу максатында тобокел тобундагы жаштардын жана жамаат мүчөлөрүнүн өз бизнесин, ишкердүүлүгүн жана/же стартаптарын өнүктүрүү боюнча демилгелерин колдоого багытталган чакан гранттарды жүзөгө ашыруу” долбоорунун алкагында мүмкүн болду. Долбоор Кыргызстандын аймактарындагы жаштардын жалпы суммасы 3 млн 700 миң сомдук 18 стартапын жүзөгө ашырууга жардам берди.