БУУӨП Кыргыз Республикасындагы климаттык тобокелчиликтерди жана аялуулукту баалоо, өнүктүрүү сценарийлерин иштеп чыгуу боюнча семинарлардын циклин өткөрдү

2024-ж., 30-January

БУУӨП Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле илимий жана билим берүү институттары жана  жарандык сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда 2024-жылдын 16-26-январында «Климаттык тобокелчиликтерди жана аялуулуктарды баалоо» жана «Өнүктүрүү сценарийлерин иштеп чыгуу» темаларында интерактивдүү окутуучу семинарлардын  сериясын өткөрдү.

Өткөрүлгөн семинарлардын максаты климаттык тобокелчиликтер жана аялуулуктарды баалоо усулдуктарына, ошондой эле өнүктүрүү сценарийлерин иштеп чыгууга окутуу болду. Төрт сектордун адистери келечекти өнүктүрүү сценарийлерин иштеп чыгуудагы жана өнүктүрүү жана климаттык индикаторлордун көрсөткүчтөрдүн ортосундагы өз ара байланышты талдоо боюнча өз көндүмдөрүн бекемдешти. Семинарлар ошондой эле катышуучуларга тармактык адаптация планынын адаптациялоо аракеттерин түзүү үчүн глобалдуу жана улуттук деңгээлдеги сценарийлерди иштеп чыгуу усулдугун өздөштүрүүгө жардам берди.

Глобалдуу климаттык чакырыктардын көрүнүшүндө, алардын аябагандай масштабдуулугунан улам актуалдаштырылгандыктан, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларга катышып жаткан кызматкерлердин жана эксперттердин квалицификациясын жогорулатуу зарылчылыгы айкын болууда. Бул процесстин ажырагыс бөлүгү тажрыйба алмашуу үчүн аянтчаларды түзүү жана эксперттик жамаатты, анын ичинде мамлекеттик органдарды калыптандыруу үчүн тажрыйба алмашуу үчүн аянтчаларды түзүү болуп саналат.                                                                               

Семинардын бардык катышуучулары бардык тармактарда климаттын өзгөрүү шарттарына мамлекеттик структуралар үчүн узак мөөнөттүү келечектеги адаптациялоо чараларынын маанилүү экендигине жогорку баа беришти.

2022-жылдан бери БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сурамасына жооп берүү менен: айыл чарба жана ирригация, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана климаттын тескери таасирлеринин шарттарындагы биотүрдүүлүктү сактоону камтыган маанилүү төрт сектордун климаттык туруктуулугун чыңдоо максатында Улуттук адаптациялоо пландаштыруусун колдоо боюнча долбоорду ишке ашырып жатат. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын улуттук өнүктүрүү артыкчылыктарына тыгыз шайкештикте өткөрүлүүдө. 

***

БУУӨПкө тартылган Борбор-Азиялык Жерлерди прикладдык изилдөө институту Кыргызстандын максааттуу секторлору жана областтарындагы климаттык тобокелчиликтерге жана аялуулуктарга баалоо жүргүзөт. Бул  мамлекеттик органдардын, изилдөө мекемелери, бизнес-структуралардын жана БӨУлардын өкүлдөрүн камтыган тармактык  жумушчу топтордо баалоо жүргүзүүнүн негизинде секторалдык жана областтык адаптациялоо пландарын иштеп чыгуу үчүн негиз катары кызмат кылат.  Бул топтор өлкөдөгү алдын ала изилдөөлөргө негизделген ар бир сектор үчүн спецификалуу болгон аялуулуктарды аныктоо боюнча билимдерге ээ. Конкреттүү секторлордун жана областтардын тобокелчиликтерин жана аялуулуктарын баалоо гендердик аспекттерди жана аялуу топторду эске алат. 

Маалымат үчүн

“Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү” долбоору Кыргызстандагы БУУӨП тарабынан Жашыл Климаттык Фонддун финансылык колдоосу астында ишке ашырылып жатат.

Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) БУУнун жакырчылык, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан адилетсиздик менен күрөшүп жаткан көрүнүктүү уюму болуп саналат. 170 өлкөдөгүэксперттердин жана өнөктөштөрдүнкеңири тармагы менеништөө аркылуу, бизадамдар жана планетаүчүн интеграцияланган, узак мөөнөттүүчечимдерди түзүүгө жардамберебиз. Биз тууралуу undp.org/Kyrgyzstan сайтынантолугураак окуңуздар же @UNDPkg кошулуңуздар. 

Толугураакмаалымат алуу үчүнБУУӨПтүн коммуникация бөлүмүнүнжетекчиси Айнагуль Абдрахмановаменен ainagul.abdrakhmanova@undp.org почтасыже 0770 755776 тел., номери аркылуубайланышыңыздар.