ЕБ жана БУУӨП Душанбеде сууга, климаттын өзгөрүүсүнө жана туруктуулукка байланышкан көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн Борбордук Азиянын өлкөлөрүн чогултат

2024-ж., 5-June

2024-жылдын 10-июнунда Душанбеде “Суу жана климаттын өзгөрүүсү” аттуу жогорку деңгээлдеги Борбор азиялык форум өтөт. Бул форумду Европа Биримдиги жана Тажикстан Республикасынын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги менен кызматташтыкта БУУнун Өнүктүрүү программасы уюштуруп жатат. Бул иш-чара “Туруктуу өнүгүү үчүн суу, 2018-2028-жылдар” аттуу Эл аралык он жылдык иш-аракеттердин алкагында Жогорку деңгээлдеги 3-эл аралык конференциянын ажырагыс бөлүгү болуп калат.

 

Форум “Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсү жана туруктуулук” долбоору боюнча биргелешкен иштин алкагында өтөт. Долбоорду Европа Биримдиги каржылап, БУУӨП ишке ашырууда. Бул долбоор айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүүсүн жана табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу жаатындагы улуттук артыкчылыктуу максаттарга жетишүүгө көмөктөшүп жатат. Бул иш-аракеттер Париж макулдашуусу боюнча улуттук милдеттенмелерге жана 2015-2030-жылдарга табигый кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасына ылайык жасалууда.

 

Фергана өрөөнүндө, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын жана Өзбекстандын трансчек аралык аймактарында туруктуулукту жана климатка туруктуу өнүгүүнү колдоо долбоордун жалпы максаты болуп саналат. Кызматташтыкты бекемдөө, жергиликтүү жана регионалдык кызыкдар тараптардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу долбоордун конкреттүү максаттарына кирет.

 

Душанбеде өтө турган “Суу жана климаттын өзгөрүүсү” аттуу жогорку деңгээлдеги 3-форум Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы суу-климат боюнча диалогду жолго салууга арналат. Бул диалог тобокелдиктерди, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуунун улуттук пландарын жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча чараларды эске алган саясатты ишке ашыруу тууралуу болот. Ошондой эле форумда суу ресурстарын башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы регионалдык кызматташтыкты бекемдөө темалары көтөрүлөт. 

 

Иш-чарага өкмөттөрдүн негизги өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан башка кызыкдар тараптар катышат.

 

Форумдун жыйынтыгы Душанбеде өтчү “Туруктуу өнүгүү үчүн суу” аттуу суу боюнча он жылдык иш-аракеттердин үчүнчү конференциясынын жыйынтыктоочу сессиясында белгилүү болот. Бул тыянактар жана чечимдер Конференциянын ишине олуттуу салым кошуп, туруктуу өнүгүү боюнча 2030-жылдын Күн тартибин, анын ичинде Туруктуу өнүгүү боюнча 6-максатка жетүүнү тездетүүнүн Глобалдык алкактык программасын колдоп берет.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Нигора Фазлиддин менен байланышууңузду өтүнөбүз: Nigorai.fazliddin@undp.org же телефон чалыңыз: +992949999123.