БУУ Кыргызстанда санариптик саламаттык сактоо боюнча биргелешкен программасын ишке киргизет

2024-ж., 2-October

Бишкек, 2-октябрь, 2024 – Бириккен Улуттар Уюму санариптик саламаттык сактоо системаларын интеграциялоо жолу менен Кыргызстанда саламаттыкты сактоону жакшыртууга багытталган биргелешкен санариптик саламаттык сактоо программасын ишке киргизди. Саламаттыкты сактоонун ырааттуу санариптик экосистемасын түзүүгө багытталган бул программа өлкөнүн тургундары үчүн маанилүү медициналык маалыматка жана кызматтарга жетүүнү жеңилдетет.

Программа БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) Фонду аркылуу Европа Биримдиги, Испания жана Швеция катышуусу менен каржыланып, Туруктуу координатордун жетекчилиги астында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУӨП), ЮНФПА жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылат. Ал Кыргызстандын санариптик саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, өзгөчө аялдар, балдар жана айылдык жана алыскы райондордогу калктын аялуу топтору үчүн ар бир адамга сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүнү камсыз кылууга багытталган.

Жалпы бюджети 4,03 миллион долларды түзгөн биргелешкен программа санариптик саламаттыкты сактоо тутумдарын модернизациялоого, мамлекеттик электрондук кызматтарды өркүндөтүүгө жана аз камсыз болгон жамааттарга жетүү үчүн телемедицинаны кеңейтүүгө багытталган программа 2024-жылдан 2027-жылга чейин иштейт. 

Программанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – жарандардын ден соолугу тууралуу маалыматка жетүүсүн камсыз кылган ден соолуктун санариптик профилин жакшыртуу. Бул үч миллион эмдөө жазууларын Улуттук электрондук ден соолук карталарынын платформасына кошууну камтып, бир жашка чейинки 225 000ге жакын балага керектүү эмдөөлөрдү алууга жардам берет. Мындан тышкары, кеминде 200 000 адам лабораториялык анализдердин жыйынтыктарын онлайн режиминде көрө алышып, бул убакытты үнөмдөп, медициналык жардамдын сапатын жакшыртат.

a group of people on the stage
ДССУ Кыргызстан

Программа ошондой эле аялуу топторду колдоого багытталган. 120 000ге жакын майыптыгы бар адамдар санариптик майыптык күбөлүктөрүн алышат, ал эми 280 000 адам санариптик оору баракчаларына  ээ болуп, керектүү кызматтарды ала алышат.

Телемедицина кеңейтилип, 0-14 жашка чейинки 700 000 балага санарип платформасы аркылуу медициналык консультацияларга мүмкүнчүлүк берилет. Мындан тышкары, 60 медициналык мекеме болжол менен 140 000 энеге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга атайын жардам көрсөтүлүп, алардын бардыгы EHR платформасына туташтырылат.

a group of people sitting in chairs
ДССУ Кыргызстан

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев: “Бул санариптик саламаттык сактоо демилгеси Кыргызстан үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Маанилүү медициналык маалыматка жетүүнү жакшыртуу менен биз саламаттыкты сактоону натыйжалуурак кылып, ар бир адам үчүн жыйынтыктарды жакшыртабыз".

a speaker giving his speech on the stage
ДССУ Кыргызстан

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве белгиледи: «Санариптик технологиялар биздин дүйнөнү өзгөртүп, коом жана планета үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Өткөн аптада дүйнөлүк лидерлер тарабынан Келечектин саммиттинде кабыл алынган Глобалдык санариптик келишим санариптик ажырымды жоюу, туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу жана эч кимдин артта калбашын камсыздоо боюнча милдеттенме болуп саналат. Бул глобалдык көз карашты колдоо үчүн Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аялуу топторго, балдарга жана айыл жерлерине санариптик инструменттер аркылуу саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен программаны ишке киргизип жатат».

###

Байланыш суроолор боюнча:

Жибек Абылбекова,  

Коммуникация боюнча адиси 

БУУнун КРдагы туруктуу координаторунун офиси

Тел: +996 770 979 703

Email: zhibek.abylbekova@un.org 

Алмаз Жумалиев,

Коммуникация боюнча адиси

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 

Тел: +996 550 701 712

Email: zhumalieva@who.int