Кыргызстанда укмуштуу окуялуу туризмди өнүктүрүү
2024-ж., 6-December
Бишкек, 2024-жылдын 6-декабрында – Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы укмуштуу туризмди өнүктүрүү боюнча ишинин аралык жыйынтыктарын тартуулады. Улуттук өнөктөштөр жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын активдүү катышуусу менен аймактарда туризм секторун колдоого туруктуу системалуу мамилени түзүү боюнча негизги кадамдар талкууланды. Жолугушууга Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев, Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров жана Туруктуу туризм боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Альбина Алимова катышты.
«Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш ресурстары жана бай маданий мурасы укмуштуу туризм үчүн жакшы шарттарды түзөт. Бул тармакты өнүктүрүү аймактардын социалдык-экономикалык өсүшүнө, жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана калктын кирешелеринин өсүшүнө өбөлгө түзөт. Туризмге экологиялык жактан таза жана туруктуу ыкмаларды киргизүүнү улантуу өтө маанилүү жана БУУӨП көп жылдардан бери бул багытта ишенимдүү өнөктөш болуп келүүдө», - деди Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев.
БУУӨП Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-2028-жылдарга Жашыл экономика жана 2025-2030 жылдарга Туризмди туруктуу өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөтүп келет. Мындан тышкары, БУУӨП эл аралык мамилелерди улуттук контекстке интеграциялоо аркылуу Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган демилгелерди илгерилетет.
Мындан тышкары, БУУӨП укмуштуу туризм үчүн туруктуу жана инклюзивдик нарк чынжырын түзүүгө жана өнүктүрүгө активдүү көмөк көрсөтүп келүүдө. Стратегиялык өнөктөштүк жана потенциалды жогорулатуу боюнча иш-чаралар аркылуу БУУӨП жергиликтүү коомчулуктарга инновациялык туристтик продуктыларды түзүү үчүн табигый ландшафттарды жана маданий мурастарды пайдаланууга жардам берет.
«Укмуштуу туризмди өнүктүрүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү колдойт, экосистемаларды жана маданий салттарды сактап калат. Бул жергиликтүү жамааттарга туруктуу өнүгүүгө катышуу жана экономикалык пайда алуу мүмкүнчүлүгүн берет», - деп баса белгиледи Моника Ризал, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар туризм тармагын жакшыртуу боюнча төмөнкү сунуштарды бирге иштеп чыгышты:
- Мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы координацияны күчөтүү;
- Бардык этаптарда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- Кызыкдар тараптардын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен жергиликтүү деңгээлде туристтик маршруттарды туруктуу башкаруу системасын түзүү;
- Чакан жана орто бизнес үчүн программалар, салыктык жеңилдиктер, жөнөкөйлөштүрүлгөн лицензиялоо процесстери жана билим берүү демилгелери аркылуу жашыл туризмди колдоо;
- БУУӨПтүн инклюзия боюнча демилгелерин, анын ичинде айымдардын ишкердигин колдоо жана майыптыгы бар адамдар үчүн идеяларды көрсөтүү.
БУУӨП ошондой эле инфраструктураны жакшыртууга, экологиялык таза тажрыйбаларды киргизүүгө жана жергиликтүү ишкерлерди колдоого, ошону менен экономиканы диверсификациялоону күчөтүүгө жана Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш жана маданий баалуулуктарын сактоого салым кошууда.
БУУӨПтүн Соодага көмөк көрсөтүү долбоору тренингдер, туристтик кызматтардын сапат стандарттарын киргизүү жана жашыл жана туруктуу туризмдин алдыңкы тажрыйбаларын киргизүү аркылуу укмуштуу окуялуу туризмдин кошумча тизмегинин катышуучуларынын потенциалын чыңдоо боюнча ишин уланта бермекчи. Бул чаралар региондук экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын уникалдуу укмуштуу туризм багыты катары позициясын бекемдөөгө жардам берет.
***
БУУӨПтүн Соодага көмөк көрсөтүү долбоору жөнүндө:
БУУӨП Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган “Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү” аймактык долбоорунун бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүн (Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан) жашыл нарк чынжырларын илгерилетүү жана үч өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө көмөктөшөт. Долбоордун максаты экономиканы диверсификациялоо жана рыноктун жана керектөөчүлөрдүн жаңы тенденцияларына адаптациялоо аркылуу туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык структураларды түзүү болуп саналат.
Кыргызстандагы туристтик нарк чынжырын өнүктүрүү боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн www.undp.org/kyrgyzstan сайтка өтүңүз.
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн:
Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси, ainagul.abdrahmanova@undp.org
Жаныбек Пакыров, FSDS долбоорунун менеджери, janybek.pakyrov@fsds.kg