“Юридикалык жардам алууга укуктуу болгон ар бир жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтө алган жана көрсөтө турган уюмдардын чөйрөсү кеңейди. Бул Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) жөнүндө мыйзамдын аркасында ишке ашып жатат. Бирок анын иш-аракетинин натыйжасы муну менен гана чектелип калган жок: мамлекеттик түзүмдөрдүн иштөө мүнөзү жана стили өзгөрүп жатат, дейт Айнура Алымбекова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун координатору.
- 2016-жылдан бери колдонулуп келе жаткан МКЮЖ жөнүндө мыйзамдын аркасында акысыз юридикалык жардам көрсөткөн уюмдардын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын жана кызмат адамдарынын тизмеси кеңейди. Эми юридикалык консультацияны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сыяктуу эле, юридикалык клиникалар жана коммерциялык эмес уюмдар дагы берүүгө милдеттүү.
Мындан тышкары, бардык мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын алкагында консультация бериши керек. Мисалы, Мамлекеттик каттоо кызматы - документтер жаатында, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги - пенсияларды жана социалдык жөлөкпулдарды төлөө боюнча, Ички иштер министрлиги жана башкалар - өз багыттары боюнча. Бирок, учурдагы “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын негизги артыкчылыгы мында дагы эмес. Өлкөдө ушул мамлекеттик түзүмдөрдүн бардыгын координациялаган мамлекеттик орган - МКЮЖны Координациялоо Борбору пайда болду.
- Бирок буга чейин бул иш бирдиктүү борбордун жетекчилигисиз деле жүргүзүлүп келген да. Бул чын эле ушунчалык керекпи?
- Бардыгы "Сандын өзгөрүшү башка сапатты пайда кылат" деген жаратылыштын мыйзамында. Буга чейин жарандарга акысыз юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү болгон бир нече гана уюмдар болгон. Азыр – жүздөгөн уюмдар бар. Алардын шайкештикте иштеши үчүн, кимдир бирөө алардын иш-аракеттерин координациялашы керек. Бул керектүү маалыматтарды өз убагында берүү дегенди билдирет. Буга бейөкмөт уюмдар катышкандыктан, активисттерди окутуу зарылдыгы келип чыгууда. Бүгүнкү күндө укук коргоо жаатындагы өзгөрүлүп жаткан мыйзамдардын нюанстарын түшүндүрүү менен, алардын потенциалын жогорулатуу керек.
- Эгер мен сизди туура түшүнгөн болсом, азыр бул ишти– МКЮЖны координациялоо борбору жүргүзүп жатат да?
- Туптуура айтасыз! "Пилди бүт бойдон жутуп" алууга да болбойт. Өлкөдөгү МКЮЖ системасынын бардык катышуучуларынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча көлөмдүү иш бөлүктөргө бөлүнгөн. Башында, биз МКЮЖ боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишин координациялоо үчүн өзүнчө “аянтчаларды” түздүк. Жана өзүбүз үчүн күтүлбөгөн ачылыш жасадык: көптөгөн мамлекеттик түзүмдөрдө кызматкерлер, ал гана эмес айрым жетекчилер МКЮЖ жөнүндө Мыйзамдын бар экендигин билишпейт, же болбосо, ушул Мыйзамга ылайык эмне иштерди кылууга милдеттүү экендигин толук түшүнүшпөйт экен. Мисалы, көпчүлүгү МКЮЖ Координациялоо борборуна бере турган юридикалык консультациялары жөнүндө отчетторду берүү милдетин кастык менен кабыл алышты.
- Кыязы, ансыз да жумуштары толтура экенин айтып, даттанып жатышса керек.
- Туура айтасыз. Түшүнбөстүктөр болбошу үчүн, мындай мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери менен жолугушууларды тез-тезден өткөрүп турууга аракет кылабыз.
- Силер тренингдерди көбүрөөк өткөрө баштадыңар. Алардын катышуучулары туурасында эмне айта аласыз?
- Мен бир өзгөчөлүктү байкадым: эреже болуп калгандай, ар бир тренингде аудиториянын жаңы курамы келет. Бир жагынан жакшы, мамлекеттик кызматкерлердин МКЮЖ жөнүндө билүүсү барган сайын көбөйүп жатат. Бирок бул дагы кадрлардын көп алмашып жатканын билдирет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдарда МКЮЖ жөнүндө мыйзамды ишке ашырууда МКЮЖ Борбордук Комитетине жөлөк-таяк боло турган активисттердин өзөгү (негизи) дагы эле түзүлө элек. Бирок жалпы жонунан алганда, 2017-жылдан бери кызматташып жаткан мамлекеттик органдардын ишинин мүнөзү жана стили жакшы жагына өзгөрүп келе жатканын моюнга алабыз. Мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугу дагы жогорулайт деп ойлойм, анткени буга биздин семинарларда байланган жарандык активисттер менен таанышуу жардам берет. Жарандык сектордун активисттери кызмат адамдарына кабылдама же катчы аркылуу кирбестен, телефон аркылуу жакын байланышта болуусу жеңилирээк.