Кыргызстандын делегациясы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын бардык аспектилери боюнча мыйзамсыз соодасын болтурбоо жана жоюу боюнча БУУнун иш-аракеттер программасынын Төртүнчү кароо конференциясынын жыйынына катышты

2024-ж., 24-June

Кыргызстандын делегациясы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын бардык аспектилери боюнча мыйзамсыз соодасын болтурбоо жана жоюу боюнча БУУнун иш-аракеттер программасынын Төртүнчү кароо конференциясынын жыйынына катышты

БУУӨП Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы ок атуучу куралдарды жана жеңил куралдарды (ОКЖК) мыйзамсыз сатылуусун бардык аспекттеринде болтурбоо жана жоюу боюнча БУУнун Иш-аракеттер программасынын (РоА) жана анын байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык инструментинин (ITI) обзору боюнча 2024-жылдын 18-июнунан 28-июнуна чейин БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өтүп жаткан БУУнун Төртүнчү Конференциясынын отурумуна катышууда.

Конференциянын биринчи күнүндө жогорку деңгээлдеги жыйындар этабында кыргыз делегациясынын башчысы өз сөзүндө БУУнун Иш-аракеттер программасын ишке ашыруу боюнча Кыргызстан күч-аракеттерин активдештирип жаткандыгы жана бул маанилүү маселеге карата комплексттүү мамилелерди камсыз кылууда жетишилген олуттуу прогресс жөнүндө дүйнө коомчулугуна маалымат берди. Ошону менен катар эле Кыргыз Республикасы ОКЖКны мыйзамсыз сатылуусун болтурбоо жана жоюу боюнча боюнча эл аралык коомчулуктун ишинин алкагындагы чараларды жүзөгө ашыруу үчүн маанилүү негиз катары Иш-аракеттер программасын жактай тургандыгы жана аны андан ары толук жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү жөнүндө баса белгиленди.

Кыргызстандан барган делегация ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана Куралсыздандыруу маселелери боюнча БУУнун Жогорку өкүлү – Изуми Накамицу айымдын, БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын администраторунун орун басары – Сюй Хаолян мырзанын жана Төртүнчү серептик конференциянын төрагасы – Мариц Чан Вальверде айымдын катышуусунда өткөрүлгөн “Ок атуучу куралдарды жана жеңил куралдарды контролдоо боюнча программаларды өнүктүрүү жана куралдуу зомбулукту азайтуу” паралелдик жогорку деңгээлдеги *SALIENT иш чарасына катышты.

*“Өмүрлөрдү Сактоо Уюму” (Saving Lifes Entity SALIENT) – бул аткыч куралдарды жана куралдуу зомбулукту кыскартууга комплекстүү ыкмаларды колдоо үчүн чакан гранттарды берген глобалдык долбоор. Ал 2020-жылы БУУӨП жана БУУнун Куралсыздандыруу иштери боюнча бюросу (UNODA) тарабынан Тынчтык курууну колдоо кеңсеси (PBSO) менен макулдашуу боюнча түзүлгөн.

Жыйынга катышуу Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосунда өттү. БУУӨП Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарды контролдоону күчөтүүдө дараметин бекемдөөнү «Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарга контролду күчөтүү» жаңы SALIENT долбоорунун алкагында колдойт. Долбоор инклюзивдүүлүк принцибин карманып, куралдуу зомбулукту азайтуудагы маанилүү ролун эске алуу менен коомдун бардык секторлорун, анын ичинде аялдарды жана жамаат лидерлерин чечимдерди кабыл алуу процесстерине кеңири тартууга багытталган.