БУУӨП айымдардын жана жаштардын ишкердигин колдоо боюнча ментордук программасын ишке ашырууда

2024-ж., 6-June

Бишкек, 6-июнь, 2024-жыл - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте айым ишкерлер жана жаштар үчүн ментордук программасын баштады. Программа Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган БУУӨПтүн “Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун иш-чараларынын бири болуп саналат, ал табигый балга, укмуштуу туризмга, жаңгак,  кургатылган мөмө жана жер-жемиштерге жана кийиз жана булгаарыдан жасалган буюмдарга кошумча нарк чынжырларын (КНЧ) өнүктүрүүнү колдоого багытталган.

Ментордук демилгелер айым ишкерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө жана социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. Учурда айымдар соода, кызмат көрсөтүү, жеңил өнөр жай тармагынан тарта IT жана нанотехнологияга чейин экономикалык ишмердүүлүктүн кеңири спектринде иш алып барышууда. 

«Ментордук программасы Кыргыз Республикасынын айымдардын ишкердигин өнүктүрүү программасынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети айымдар арасында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди, тагыраак айтканда, микро жана чакан ишканалардын потенциалын жогорулатууга көмөктөшчү программаларды колдойт. Аталган ментордук программанын Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүндө артыкчылыктуу багыттардын бири болгон негизги тармактарда кошумча нарк чынжырын чыңдоого багытталгандыгы өзгөчө кубандырат”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова.

Ментордук демилгеси айым ишкерлер жана жаштар үчүн ментордук программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, бизнести өнүктүрүүгө жана экспортко чыгуу потенциалын жогорулатууга багытталган, ошондой эле ишкердик чөйрөсүндө байланыштарды кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана практикалык көйгөйлөрдүн чечимдерин сунуштаган жеке насаатчылыкты камтыйт. Ошол эле, ментордук программанын катышуучулары өндүрүштө жашыл жана инновациялык технологияларды киргизүү үчүн гранттык колдоо алууга мүмкүнчүлүк алышат, аталган гранттык колдоо дагы БУУӨП тарабынан көрсөтүлөт. 

«Айымдардын ишкердигин өнүктүрүү - жакырчылыкты жеңүүнүн жана коомчулукта туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири. БУУӨП өз демилгелерин ишкерлердин потенциалын чакан гранттык программалар аркылуу жогорулатуу менен инклюзивдик экономиканы колдоого умтулат. Ошол эле учурда айымдарга пайда алып келген микро жана чакан бизнестин туруктуулугуна жана өсүшүнө артыкчылыктуу көңүл бурулат», - деп баса белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Жалпылап айтканда ментордук программа катышуучулардын сатуу жана кирешесин жогорулатуусун, жаңы жумуш орундарын түзүүсүн, эффективдүүлүк, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктөрүн арттыруусун, онлайн сатуу көлөмүн көбөйтүүсүн жана КНЧ катышуучуларынын экспортко чыгуусун, ошондой эле өз ишмердүүлүктөрүндө жаңы продукцияларды жана кызматтарды кошуусун жыйынтык катары көрүүдө.

ММК маалымат үчүн: Айнагуль Абдрахманова, БУУӨП коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, ainagul.abdrakhmanova@undp.org 

***

Долбоор тууралуу: “Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү” долбоору Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланып, Кыргызстанда 2009-жылдан бери ишке ашырылып келет. Учурдагы этапта долбоордун V фазасы (2023 – 2025) ишке ашырылууда, ал “жашыл” нарк чынжырларын өнүктүрүү жана өндүрүштүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Долбоор өлкөнүн табигый потенциалын пайдалануу жана экологияны сактоо аркылуу сатууну көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет жана төрт кошумча нарк чынжырын бекемдөөгө багытталган: табигый бал, укмуштуу туризм, жаңгак, кургатылган мөмө жана жер-жемиштер, кийиз жана булгаарыдан жасалган буюмдар.