БУУӨПтүн Жаратман аялдардын лабораториялары: Чыгармачыл мейкиндиктер аркылуу аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

2024-ж., 15-July

Аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү туруктуу өнүгүү үчүн чечүүчү мааниге ээ болуп саналат. Көптөгөн өнүгүп келе жаткан чөлкөмдөрдө, айрыкча элет жергелеринде аялдар алардын дараметин чектеген кыйынчылыктарга, анын ичинде экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине жана калыптанып калган стереотиптерге туш болушат. Аялдарга шарттарды түзүп берүү үчүн инновациялык чечимдер зарыл, ал эми креативдүү экономика экономикалык өсүш, социалдык туруктуулук жана коомдун бакубатчылыгы үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. 

БУУӨП / Кыргызстан

Креативдүү экономика жана аялдар 

Креативдүү экономика ИДПны жана иш менен камсыз болуу көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн чоң дараметке ээ, мындай экономика инновацияларды, баалуу өнүмдөрдү чыгарууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылат. Креативдүү индустрия жумуш орундарын түзүп, жашоонун сапатын оңдоп, инклюзивдүү коомду түптөөгө салым кошот. Көптөгөн аймактарда аялдар бул тармактарда жумушчу күчтүн олуттуу бөлүгүн түзөт, адатта алар формалдуу эмес шарттарда иштешет. Анткен менен, финансылык тоскоолдуктар жана коопсуз чыгармачыл мейкиндиктердин жоктугу көптөгөн аялдарга өзүн чындап таанытууга жол бербей жатат. 

Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында БУУӨП Кыргызстанда Жаратман аялдардын лабораторияларын (WCL), аялдарга багыт алган алгачкы коворкингдерди ишке киргизди. Жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар жана муниципалдык бийликтер менен кызматташтыкта түзүлгөн бул лабораториялар аялдарга баштапкы каржылоону алууга, окуудан өтүүгө жана чыгармачыл ишканаларда бизнес идеяларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөгө мүмкүнчүлүк берет. Оштогу лабораториянын 2022-жылдагы ийгилиги 2023-жылы Жалал-Абад жана Баткенде да кошумча лабораторияларды ачууга шарт түздү. 

Жалал-Абаддагы жана Баткендеги лабораториялардын башчысы Гүлсана Абытова: «Биз аялдар арасындагы жумушсуздук жана киреше табуу көйгөйлөрүн бир жол менен чечүүгө абдан умтулдук. Бул үчүн аялдардын күчтүү жактарын — курак, шырдак, сувенирлерди даярдоо, туристтик кызмат көрсөтүү жана башка көптөгөн көндүмдөрүн колдондук. Аялдар пикирлеш башка аялдар менен таанышып, өз идеялары жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, колдоо табууга өтө муктаж. Мунун бардыгын алар Лабораториядан таба алышат». 

Кетмен-Төбө айылынын башчысы Айдарбек Алишеров Лабораториянын тийгизген таасирин баса белгиледи: «2023-жылы биздин айылда жашаган кыз-келиндер Аялдардын креативдүү лабораториясына кошулуп, туризм жана туристтик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөлөрүндө конок үйлөргө басым жасашты. Бул демилгенин жардамы менен жаңы конок үйлөр ачылып, салттуу кол өнөрчүлүккө өткөндөр көбөйдү. Лаборатория аялдарга биздин аймактын дараметин ачууга жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди». 

БУУӨП / Кыргызстан

Жаратман аялдардын лабораторияларысынын таасири жана модели 

Лабораториялар аялдарга керектүү ресурстарды берип, көндүмдөрдү үйрөтүү менен финансылык, эмоционалдык жана психологиялык жактан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. 300дөн ашуун аял лабораториянын резиденти болуп калышты жана 1000ден ашуун аял ар кайсы жерлерде тармакка кошулушту. Модель уникалдуу жана масштабдуу, ушундан улам алдында турган уюмдарга аны жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырууга, финансылык да, контенттик да туруктуулукка жетишүүгө мүмкүндүк берет. 

Кызыл-Кыяда аялдардын кооперативин түзүү жана Токтогулду туристтик багыт катары өнүктүрүү боюнча лабораториялык демилгелерди моделдин ийгилигинин мисалдары катары кароого болот. Бул жетишкендиктер шыктандырып, бул жылы Нарын облусунда да үч жаңы лаборатория ачылат деп күтүлүүдө. 

БУУӨП / Кыргызстан

Гендердик стереотиптер менен күрөшүү

Жаратман аялдардын лабораториясы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү бергенден тышкары, элет жергесинде гендердик стереотиптер менен да күрөшүүдө. Кожолуктардын кирешесине салым кошуу менен аялдар үй-бүлөсүндө жана жамааттарында абройго ээ болуп жатышат. Лаборатория жагымдуу чөйрөнү түзөт, ушундан улам аялдарда өзүнө болгон ишеним көбөйүп, алар жаңы көндүмдөрүн өркүндөтүп, жашоосунун сапатын оңдоп жатышат. 

Оштогу лабораториянын резиденти Алтынай Абдышова: «Лаборатория – бул жеңүүчү аялдардын жамааты. Бул жерде жаңы идеялар, пландар жана кыялдар жаралууда! Бул жаш куракка, социалдык абалга, иш чөйрөсүнө же улутка карабастан сени угуп, кабыл ала турган чөйрө». 

Лабораториянын колдоосу менен күч-аракетин бириктирген аялдар жергиликтүү бийликтин алдында өз кызыкчылыктарын сүрөөгө да мүмкүнчүлүк алышты. Мындай жамааттык иденттүүлүк аларга жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процесстеринде аялдардын үнү башкаларга жетип, сый мамиле жасалган жагымдуу чөйрөнү түзүп жатат, алар өз муктаждыктарын жана каалоолорун натыйжалуу сүрөй башташты. 

Алынган жыйынтыкты сактап калып, андан ары жайылтуу 

Туруктуу прогресс үчүн ой жүгүртүүнү жана социалдык нормаларды өзгөртүү өтө маанилүү. Жалпы Кыргызстан боюнча Жаратман аялдардын лабораторияларынын тармагын түзүү лабораториялардын таасирин колдоого алып, андан ары кеңейтип, жайылтууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай шарттарда “аялдарды колдогон аялдар” идеясы табигый түрдө өнүгөт, бул болсо аялдарга социалдык ролдорду өзгөртүү менен бирге өз кыялдарына жетүүгө жардам берет. Ушундай өзгөрүүлөр кыз-келиндерге өз дараметин ачып, өз жамааттарынын жашоосуна маанилүү салым кошуу үчүн тең мүмкүнчүлүккө ээ болгон келечекке жол ачат. 

Чыгармачыл мейкиндиктерди түзүп, стереотиптерге чакырык таштоо менен БУУӨПтүн Жаратман аялдардын лабораториялары Кыргызстанда аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана коомду өнүктүрүүгө терең таасирин тийгизүүдө.