«Пос 26-ТК. Кыргызстан жана дүйнө. Алдыдагы жол» аттуу Кыргызстандын Глазго шаарында (Улуу Британия) өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 26-конференциясына улуттук делегациянын Глазгодогу конференцияга катышуусунун жыйынтыктары жөнүндө кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүн маалымдоо, ошондой эле жетишкендиктерди жана алынган сабактарды талдоо, жана 2022-жылы Египетте Шарм-Эль-Шейх шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын жолугушуусуна позицияны бекемдөө максатында улуттук конференция болуп өттү.
Конференция Улуу Британиянын Элчилигинин колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азияда климаттык коопсуздук боюнча саясий аракеттер» долбоорунун жана Евробиримдиктин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жашыл климат» долбоорунун жардамы менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулду.
Конференцияга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү, Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ошондой эле өлкөдөгү климаттык кун тартибин турмушка ашырууга катышкан жарандык коом уюмдарынын, илимий чөйрөнүн, бизнестин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Конференция өлкөнүн бардык аймактарынан 60тан ашык оффлайн жана онлайн режиминде 90дон ашык катышуучуну чогултту.
Кыргыз Республикасынын делегациясы үстүбүздөгү жылдын негизги климаттык окуясына – Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына Тараптардын Конференциясынын 26-сессиясына (26-ТК) жана Париж келишиминин Тараптарынын үчүнчү жолугушуусуна катышты. Конференция дүйнөнүн 196 өлкөсүнөн 25 миңден ашык адамды чогултуп, 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Глазго шаарында өттү.
«Тараптардын Глазгодогу конференциясы биздин өлкөнүн жетекчилиги үчүн технология жана климаттык маселелердин маанилүүлүгүн түздөн-түз ырастоо болуп саналат, анткени Кыргыз Республикасы Борбордук Азия чөлкөмүндө мамлекет башчысынын деңгээлинде катышкан жалгыз өлкө болду. Кошумчалай кетсек, биз биринчилерден болуп БУУӨПтүн жана Улуу Британиянын Элчилигинин активдүү колдоосу менен жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар отчетун иштеп чыктык жана кабыл алдык. Бул процесс өлкөнүн жарандык коомунун активдүү катышуусу менен өттү. УДАС жакынкы беш жылдыктын климаттык күн тартибинин негиздерин аныктаган стратегиялык маанилүү документ», – деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова.
Кыргыз Республикасы «адаттагыдай эле бизнес» сценарийи боюнча 2025-жылга карата парник газдарынын (ПГ) эмиссиясын 16,63% жана 2030-жылга чейин 15,97% кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы митигациялык максатын белгилеген өзүнүн УДАСын сунуштады. Эл аралык колдоо менен «адаттагыдай эле бизнес» сценарийи боюнча ПГ эмиссиясы 2025-жылга чейин 36,61%, ал эми 2030-жылга чейин 43,62% кыскарат.
БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен белгилегендей, Глазго конференциясынын жыйынтыгында жетишкендиктер да, андан аркы өнүгүү багыттары да камтылган: «Бул көптөн күткөн, болуп өткөн Тараптардын 26-конференциясынан кийин сабак алуу учуру. Бүгүн жыйынтык чыгарууга жана алдыдагы жолду чогуу ойлонууга мүмкүнчүлүк бар. Биз Кыргызстандагы бул трансформация процессине көмөк көрсөтүү үчүн бардык өнөктөштөр жана кесиптештер менен кызматташууну чын жүрөктөн күтөбүз. Биздин ар бирибиздин жигердүү катышуу биздин жамааттык ийгилигибизди аныктайт».
Улуттук конференциянын жүрүшүндө тараптардын Глазго шаарында өткөн 26-конференциясынын дүйнө үчүн негизги жыйынтыктары жана жетишкендиктери жана анын Кыргызстан үчүн мааниси жана жыйынтыктары талкууланды. Ошондой эле эл аралык жана улуттук жарандык коомдун өкүлдөрү, жаштар жана массалык маалымат каражаттары 26-ТКга даярдык көрүү процессине кандай тартылгандыгы жана эл аралык коомчулуктун бул процесске кандайча тартылганы талкууланды. 2009-жылы өнүккөн өлкөлөр 2020-жылдан 2025-жылга чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана эмиссияларды кыскартууга жардам берүү үчүн жыл сайын 100 миллиард АКШ долларын мобилизациялоого макул болушкан. Накталай акча кайра жаралуучу энергия булактары, суу ташкындарынан коргоо, кургакчылыкка туруштук берүүчү өсүмдүктөр жана жашыл технологияны өнүктүрүү сыяктуу муктаждыктарды каржылоо үчүн керек.
Белгилей кетсек, Кыргызстан үчүн 26-ТКдан кийин УДАСтын максаттарын ишке ашырууда жана жетишүүдө прогресске мониторинг жүргүзүү маанилүү. Париж Макулдашуусуна ылайык, өлкөнүн өз максаттарына жетип жатабы же жокпу, жана бардык Тараптардын жеке салымдарынын жамааттык суммасы жалпы максатка жетүү жолундабы же жокпу, баалоо үчүн улуттук аракеттерди көзөмөлдөө процесстери түзүлгөн.
Улуттук конференциянын катышуучулары белгилегендей, Глазго чечими биринчи гана кадам болуп саналат жана биздин өлкөнүн 26-ТКга катышуусунун сабактарын жана жетишкендиктерин эске алуу менен андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасындагы климаттык саясаттын траекториясын аныктоо зарыл.