Ментордук программа жөнүндө жалпы маалымат

Программанын талаптары

2024-ж., 12-June

БУУӨПнын “Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү” долбоору (мындан ары - долбоор) кошумча нарк чынжырчасын илгерилетүү жана Кыргызстандын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдүү жана туруктуу өсүүнү колдоого багытталган. Долбоор экономиканы диверсификациялоо, рыноктун жаңы тенденцияларына ыңгайлашуу жана айымдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу туруктуу, коопсуз жана гендердик сезимтал экономикалык структураларды өнүктүрүүгө салым кошот. ЖИА бизнес-ассоциациясы менен биргеликте долбоор тарабынан тандалып алынган төмөнкү төрт максаттуу нарк чынжырларын алкагында аялдардын жана жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тартууга багытталган Ментордук Программасын ишке киргизүүдө:

  • Кургатылган мөмө жана жер жемиштердин жана жаңгактын кошумча нарк чынжырчасы: Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусттары,

  • Укмуштуу туризмдин кошумча нарк чынжырчасы: Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облусттары,

  • Табигый балдын кошумча нарк чынжырчасы: Ош, Нарын жана Ысык-Көл облусттары,

  • Кийизден жана булгаарыдан жасалган кол өнөрчүлүк буюмдарынын кошумча нарк чынжырчасы: Ош, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облусттары.

Ментордук Программасынын максаты - экспорттук атаандаштыкты жогорулатууга, өндүрүштүн жана сатуунун көлөмүн көбөйтүүгө, гендердик сезимтал жаңы жумуш орундарын түзүүгө басым жасоо менен жогоруда аталган төрт кошумча нарк чынжырларында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумушка тартууга басым жасаган айымдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган комплекстүү жана өз ара байланышкан Ментордук Программасын ишке ашыруу 

Ментордук Программасынын максаттары:

  • ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана экспорттук потенциалын жогорулатуу жана бизнес көндүмдөрүн өркүндөтүү үчүн ментордук колдоо көрсөтүү аркылуу катышуучулардын потенциалын чыңдоо.

  • максаттуу секторлордо бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу инновациялык жана экологиялык технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.

  • иш-чаралар жана ар кандай форматтагы аянтчалар аркылуу тажрыйба алмашуу жана ишкердик чөйрөсүндө байланышты кеңейтүүгө көмөктөшүү, ишкер аялдардын күчтүү коомчулугун түзүү үчүн шарттарды түзүү.

  • эл аралык рыноктордогу тенденциялар, экспортту ийгиликтүү өнүктүрүүнүн талаптары жана жол-жоболору тууралуу актуалдуу маалыматтарды берүү аркылуу экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана эл аралык кызматташтык жөнүндө маалыматын жогорулатуу.

Катышуу сынак аркылуу: Ментордук Программасы жогоруда аталган кошумча нарк чынжырчасында ишкердик менен алектенген долбоордун максаттуу аймактарынан айымдар жана 18 жаштан 35 эашка чейинки жаштар арасында ачык сынак жарыялайт.

Катышуучуларды тандоо

Программа катышуучуларды конкурстук негизде тандоону пландаштырууда:

менторлор: ишкердикте бай тажрыйбасы бар ийгиликтүү ишкерлер, колдоо көрсөтүүгө жана бизнести алдыга жылдырууда баалуу кеңештер менен бөлүшүүгө кызыкдар;

ментилер: долбоордун максаттуу региондорунан бизнесин эксперттик баалоодон өткөрүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө же алдыга жылдыруу боюнча сунуштарга муктаж болгон ишкерлер (микро, чакан жана орто ишканалар).

Менторлор үчүн артыкчылыктар:

  • Жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошуу.

  • Ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүү.

  • Эл аралык эксперттерден ментордук билим алуу жана коучинг.

  • Ишкердик чөйрөсүндө баалуу байланыштарды түзүү.

Ментилер үчүн артыкчылыктар:

  • Бизнес көндүмдөрүн жана стратегияларын өнүктүрүү үчүн ментордун колдоосун алуу.

  • Бизнести өнүктүрүү боюнча практикалык кеңештерди жана сунуштарды алуу.

  • Гранттык колдоонун жардамы аркылуу инновациялык жана экологиялык технологияларга жетүү.

  • Өнөктөштүк жана кызматташтык байланышын куруу үчүн ар кандай форматтагы иш-чараларга катышуу.

  • Экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана эл аралык кызматташуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.

Катышуу шарттары:

Менторлор:

  • Ишкердик тажрыйбасы беш жылдан кем эмес.

  • Жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө умтулуу.

  • Билими жана бизнес тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр болуу.

  • Ментордук Программасынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга кызыктар болуу.

Менти:

  • Долбоордун максаттуу аймактарынан айымдар же жаштар (18-35 жаш).

  • ЖЧК же жеке ишкер катары мыйзамдуу түрдө катталган.

  • Эксперттик баалоого жана кесиптик өнүгүү үчүн жаңы байланыштарга ачык.

  • Бизнес көйгөйлөрүн чечүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн тажрыйбалуу эксперттердин сунуштарына муктаж.

  • Айымдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга басым жасоо менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө умтулуу.

  • Максаттуу областтарда экспорттук сатууну көбөйтүүгө умтулуу.

  • Гранттык колдоонун алкагында суралган сумманын кеминде 50%ын бирге каржылоого даяр болуу

Тандоо процесси:

Биз Ментордук Программасына катышуучу катары эң максаттуу жана мотивациясы жогору ишкерлерди тандоо үчүн ачык-айкын жана адилет тандоо процессин камсыз кылууга умтулабыз. Потенциалдуу катышуучулар социалдык тармактарга жарыяланган ачык конкурс аркылуу программанын максаттарына жана тандоо критерийлерине дал келүүсү баалоодон өткөндөн кийин тандалат.

Программага менти катары катышуу үчүн шилтеме: https://bit.ly/4aU7DiN 

Программага насаатчы катары катышуу үчүн шилтеме: https://bit.ly/3X8V6Vu

Анкеталарды толтуруунун акыркы мөөнөтү: 18:00 саат, 21-июнь 2024-ж.

Кошумча маалымат алуу үчүн project2@jia.kg электрондук почтасы же +996 (502) 230 496/ +996 770 345 288 номерлери менен what’s app аркылуу байланышыңыз.

Толук болбогон анкеталар кабыл алынбайт!