ШИРЕ-ШЕРИНЕ: Майыптыгы бар аялдардын күчүн жана лидерлигин көрсөткөн инклюзивдик театралдаштырылган спектакль

2024-ж., 10-December
a group of people standing in front of a crowd posing for the camera

Бишкек, 2024-жылдын 10-декабры – Эл аралык майыптыгы бар адамдардын күнүнө (3-декабрь) жана гендердик зомбулукка каршы активизмдин 16 күндүк кампаниясынын аякташына карата Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстанда инклюзивдик театралдык спектаклди тартуулады. Спектакль Бишкектеги Арсен Умуралиев атындагы шаардык театрда өтүп, 12 майыптыгы бар  кыздар жана аялдар өздөрүнүн күчтүүлүгүн, лидерлигин көрсөткөн окуялары менен бөлүштү.

Шире-шерине деп аталган спектакль кыргыз маданиятында ар бир адамга сөз берүүчү жыйын маанисин туюнтат, жынысы жана майыптыгы боюнча дискриминация маселелерин жеңүүгө багытталган. Катышуучулар менен биргеликте иштелип чыккан бул спектакль стереотиптерди талкалап, инклюзия жөнүндө диалогду алдыга жылдырууну көздөйт.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева бул демилгенин маанисин баса белгиледи:
«Бул спектакль — жөн эле окуяларды угуу эмес, бул аракетке чакыруу. Бул майыптыгы бар  кыздар, аялдар туш болгон чындыкка көңүл бурдуруу платформасы жана өзгөрүүлөргө түрткү берүү. Инклюзия — бул жөн гана принцип эмес, бул күчтүү жана адилеттүү коомдорду куруу үчүн зарылчылык».

Демилге Кыргызстандыктардын БУУнун Майыптыгы бар  адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын, өзгөчө майыптыгы бар аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин толук камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө багытталган 6-беренени ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерин колдойт.

«Биз сценарийди түзүүдө катышуучулардын үнүн жана тажрыйбасын өзөк кылып түз иштештик», — деп түшүндүрөт сценаристка. «Натыйжада, барьерлерди көрсөтүп гана тим болбостон, аларды жеңүүгө болгон чечкиндүүлүктү жана коомдо тилектештикти табууну да баса белгилеген спектакль пайда болду».

Спектаклдин катышуучуларынын бири Нишана Жееналиева бул чыгармачылык процесс анын өзүн кабыл алуусуна чоң таасир эткенин белгилейт:
«Ар бирибиз коомго аралашууга тоскоол болгон өзүн басынтуу сезимин жеңдик. Спектакль учурунда мен башка майыптыгы бар  кыздар менен таанышып, достоштум. Чыгармачылык тажрыйба коркунучтардан арылып, өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алууга түрткү берди».

Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алдында БУУӨП майыптыгы бар адамдарды чечим кабыл алуу процесстерине жана инновацияларга активдүү тартууга чакырат. Жардамчы технологияларды иштеп чыгуудан тартып жергиликтүү демилгелердеги лидерликке чейин — алардын салымы азыркы көйгөйлөрдү чечүү жана туруктуу келечекти куруу үчүн өтө маанилүү. 

Кошумча маалымат алуу үчүн:

 Айнагүл Абдрахманова менен ainagul.abdrakhmanova@undp.org байланышыңыз: