Жакшы климат үчүн бирге!

2024-ж., 12-July

Төрт жыл мурун, 2019-жылдын май айында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Климатты каржылоо борбору расмий түрдө ишке киргизилген. Бул убакыт аралыгында кандай жыйынтыктарга жетише алдык жана республиканы Климаттык каржылоо жаатында эмнелер күтүп жаткандыгы тууралуу Климатты каржылоо борборунун (ККБ) директору Адилет Амантаев айтып берет. 

Адилет Кемелбекович, климатты каржылоо борбору Кыргызстандын стратегиялык климаттык саясатын иштеп чыгууда кандай жардам берип жатат?

- Биздин милдет климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоону тартуу жана климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрү жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, климаттын өзгөрүшү жаатында улуттук стратегиялык документтерди иштеп чыгууга көмөктөшүү.

Биздин кызматкерлер ведомстволор аралык жумушчу топтордун курамына активдүү катышышат, анда климаттык саясат боюнча документтер жана аларды ишке ашыруу боюнча пландар иштелип чыгат. 

Климатты каржылоо борборун түзүүгө жана ишке ашырууга жардам берген негизги стратегиялык саясаттар тууралуу айтып берсеңиз?

- Парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга улуттук деңгээлде аныкталган салым (УДАС) катары климаттык саясаттын маанилүү документтери, Улуттук адаптация планы (УАП) жана 2050 чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү Концепциясы (КНЖК)  иштелип чыккан. Алар климаттын өзгөрүшүн жумшартууга жана экономиканын жана коомдун ар кайсы тармактарында адаптациялоого багытталган. Климатты каржылоо борбору (ККБ) ведомстволор аралык жумушчу топтордун ишине активдүү катышып, "табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу", "саламаттыкты сактоо", "биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо", "айыл чарбасы" сыяктуу 4 секторго жана Кыргызстандын түштүгүндөгү 3 облусуна карата иштелип чыккан (ӨЖУА) долбоорлорун түзүүгө жардам берди.

Улуттук деңгээлде аныкталган салымдын (УДАС) алкагында 5 сектордо: "Энергетика", "Транспорт", "Айыл чарбасы", "Токой чарбасы жана жерди пайдалануунун башка түрлөрү", "Калдыктар" боюнча митигациялоо, аны ишке ашыруу пландары иштелип чыкты, 8 сектордо "Суу ресурстары", "Айыл чарба", "Энергетика", "Табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу", "Транспорт инфраструктурасы", "Токой жана биологиялык ар түрдүүлүк", "Климатка туруктуу облустар жана жашыл шаарлар", "Саламаттык сактоо" боюнча адаптациялоо пландары иштелип чыккан.

Көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү концепциясы (КНЖК) боюнча 6 негизги сектор үчүн митигациялоо пландары жана 8 сектор үчүн адаптациялоо пландары иштелип чыкты. Мындан тышкары, климатты каржылоо борбору (ККБ) климаттык инвестициялык программасын (КИП) жаңылады, ал климаттык саясатты ишке ашыруу үчүн 11 негизги багытты аныктайт жана 24 долбоордук идея жана концепциялардан турган портфелди камтыйт.

Азыркы учурда климаттык каржылоонун биринчи концепциясы даярдалды. Ал негизги артыкчылыктуу секторлорду, багыттарды, ошондой эле климаттык каржылоону тартуу үчүн инновациялык инструменттерди аныктайт.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык документтер жана процесстер БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен кызматташуунун алкагында ишке ашырылгандыгын белгилеп кетким келет. 

Климатты каржылоо борбору ийгиликтүү тарткан каржылоонун жана инвестициялардын негизги булактары кайсылар?

- Климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарды тартуу максатында ар кандай эл аралык финансылык институттар, климаттык жана экологиялык фонддор жана эл аралык уюмдар менен иштешебиз. Каржылоонун негизги булактары: БУУнун Жашыл климаттык фондунун (ЖКФ), Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин, Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун жана башкалардын каражаттары болуп эсептелет.

Азыркы тапта бизде 4 долбоор иштеп жатат. Алар эл аралык финансы институттары менен биргеликте Жашыл климаттык фонду (ЖКФ) тарабынан каржыланууда.

Долбоордун аталышы

Сумма

Долбоордун максаты

Аккредитацияланган уюм

"Кыргыз Республикасында климаттык тейлөө жана климатка сезимтал жашоо каражаттарын диверсификациялоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли төмөн аялуу жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү"долбоору

9,6 миллион АКШ доллары

Климаттык кызмат көрсөтүүлөр жана климатка сезгич жашоо каражаттарын диверсификациялоо аркылуу аялуу жамааттардын азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу.

 

Дүйнөлүк азык-түлүк Программасы

"Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрлөө"

50,0 миллион АКШ доллары

Токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртектин секвестрин көбөйтүү. Бул экосистемаларды жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жардам берет.

Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

"Туруктуу калыбына келүүчү энергия булактары жаатындагы тобокелдиктерди азайтуу демилгесинин механизми (SRMI, туруктуулукту камсыз кылууга багытталган 2-фаза)" аймактык долбоору

47 миллион АКШ доллары

Тобокелдиктерди азайтуу жана аймакта энергиянын кайра жаралуучу булактарын туруктуу пайдаланууну колдоо.

Дүйнөлүк Банк

Коомдук транспортто электрондук мобилдүүлүк боюнча аймактык программа

78 миллион АКШ доллары

 

Электрондук автобус парктарын кеңири масштабда жайылтуу жана моторсуз транспортторду колдонууну өркүндөтүү аркылуу, климатка туруктуу жана зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарган мобилдүүлүк системаларын өнүктүрүүгө багытталган.

Азия өнүктүрүү банкы

Мындан тышкары, Жашыл климаттык фонддун даярдык программасынын алкагында потенциалды күчөтүү жана институтташтыруу үчүн жалпы суммасы 4,3 млн АКШ долларын түзгөн гранттык каражаттар алынган. Климатты каржылоо борбору (ККБ) Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону камсыз кылуу менен стратегиялык климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык ресурстарды тартууну жана аракеттерди координациялоону улантууда.

Адилет Кемелбекович, Климатты каржылоо борбору Жашыл климаттык фонддон жана башка климаттык фонддордон каражаттардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга кандай аракеттерди көрөт?

- ККБ эл аралык климаттык фонддордон, анын ичинде Жашыл климаттык фонддон каржылоо алууда ар кандай уюмдарга активдүү көмөк көрсөтөт. Мисалы, аккредитация алуу маселелери боюнча улуттук уюмдарга кеңеш берүү жагы. Биргелешкен иштин аркасында 2024-жылдын март айында ARIS (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) Жашыл климаттык фонддон (ЖКФ) аккредитациядан өттү. Бүгүнкү күндө ARIS Борбордук Азиядагы биринчи жана жалгыз аккредитацияланган уюм болуп саналат. Аккредитацияны алуу менен ARIS долбоорлорду каржылоо үчүн ЖКФге түздөн-түз арыз бере алат. Бул кадамдын арты менен өлкө Жашыл климаттык Фонддун ресурстарына тикелей, түздөн түз мүмкүнчүлүк алгандыгын билдирет. Бүгүнкү күндө мамлекеттик коммерциялык банктарга ЖКФден аккредитация алуу маселелери боюнча консультациялар өткөрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Климатты каржылоо борбору (ККБ) биздин өнөктөштөр менен биргеликте ар кандай климаттык фонддорго, анын ичинде Жашыл климаттык фондго (ЖКФ) бир нече маанилүү долбоордук концепцияларды кароого жиберген.

Бул:

- Бишкекте 50 млн АКШ доллары суммасындагы энергиялык натыйжалуулук жана экологиялык жылытуу долбоору;

- кургакчылык тобокелдиктерин комплекстүү башкаруу аркылуу Баткен облусунун фермердик чарбаларынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу, 50 млн АКШ доллары;

- Кыргызстанда турак жай секторунан парник газдарын чыгарууну кыскартуу, 10 млн евро;

- Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу, 10 млн АКШ доллары;

- Кыргызстанда коомдук имараттарга аз көмүртектүү инвестициялардын тобокелдигин азайтуу, 50 млн АКШ доллары;

-  Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоо боюнча борборлоштурулган климаттык оптимизацияланган тутумуна инвестициялардын масштабын көбөйтүү жана тобокелдиктерди азайтуу. 25 млн АКШ доллары. 

Климаттык каржылоону тартууда жана долбоорлорду ишке ашырууда ККБ кандай негизги кыйынчылыктарга туш болуп жатат?

- Климаттык фонддордон каражаттарды тартуу процесси өтө узак жана татаал. Долбоорлорду тандоо үчүн тиешелүү талаптар жана критерийлер менен эл аралык банктар жана климаттык фонддор тарабынан өтүнмөнүн бир нече этаптарын текшерүү жана бекитүү талап кылынат. Ички тоскоолдуктардын ичинен долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн маалыматтардын жетишсиздигин, сынактык табыштамаларды даярдоодо зарыл көндүмдөрдүн жана тажрыйбанын жоктугун белгилесе болот. 

ККБ өз максаттарына натыйжалуу жетүү үчүн кандай чараларды көрөт?

- Бул проблемаларды жоюу үчүн институционалдык потенциалды чыңдоо жана климаттык каржылоону тартуу маселелери боюнча бардык катышуучулардын ортосундагы ишти координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар зарыл.

Буга байланыштуу мамлекеттик органдар менен координациялоону жакшыртуу үчүн ККБ мамлекеттик органдардын катышуусу менен долбоордук идеяларды чогултууга жана иштеп чыгууга багытталган семинарлардын сериясын уюштурду. Бул иштин натыйжасында 80ден ашык идея чогултулган, алардын ичинен долбоордук концепцияларды андан ары иштеп чыгуу үчүн 24 артыкчылыктуу идея тандалып алынган. Климаттык долбоорлордун маалымат базасы түзүлдү. Бул база жакшыраак башкарууну жана мониторингди камсыз кылган учурдагы жана пландаштырылган долбоорлор тууралуу маалыматты камтыйт.

Ошондой эле, ККБ жеке сектордун өкүлдөрү менен активдүү жолугушууларды жана талкууларды баштап, алардын климаттык долбоорлорго катышуусун жана кызыгуусун арттырды.

Бул чаралар ККБга климаттык долбоорлорду жана каржылоону башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле климаттык каржылоону тартууда координацияны жакшыртууга мүмкүндүк берет. 

ККФ Климаттык каржылоо жана долбоорлорду ишке ашыруу жаатында өзүнүн функцияларын жана таасирин күчөтүү үчүн кандай кадамдарды жасоону пландап жатат?

- Биринчи кезекте бул климаттын өзгөрүү маселелери боюнча окутуу, ошондой эле долбоорлорду түзүү, алуу, уюштуруу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча адистерди даярдоо. Бул үчүн ККБ Климаттык каржылоо чөйрөсүндө кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу программасынын концепциясын иштеп чыкты. Аны ишке ашыруу Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашырууга финансылык каражаттарды мобилизациялоонун потенциалын олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жогоруда белгиленгендей, ККБ климаттык фонддорго мындан ары карай жылдыруу үчүн тандалып алынган 24 долбоордук идеядан турган портфелди иштеп чыкты. Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана климаттык каржылоону натыйжалуу пайдалануу үчүн донорлор жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну күчөтөбүз. 

ККБнын климаттык каржылоону тартуу боюнча стратегиясында жеке сектор кандай роль ойнойт

- Жеке сектор ККБнын климаттык каржылоону тартуу боюнча стратегиясында негизги ролду ойнойт. Анткени иштелип жаткан долбоорлордун бир бөлүгү жеке сектордун ресурстарын тартууга багытталган. Ошону менен бирге биз бизнес үчүн окутуучу иш-чараларды пландаштыруудабыз жана жагымдуу ченемдик-укуктук чөйрөнү түзүү үчүн мамлекеттик органдар менен кызматташуудабыз. 

ККБ климаттык туруктуу инвестицияларды илгерилетүү үчүн жеке инвесторлор менен кандай иш алып барууда?

- Азыр өнүктүрүү банктарынын жана климаттык фонддордун көңүлү мамлекеттик долбоорлорду каржылоодон жеке капиталды тарткан долбоорлорго түшүп, өзгөрүлүүдө. Буга байланыштуу ККБ жеке сектор үчүн жагымдуу долбоорлорду иштеп чыгууда. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын ортосундагы кызматташтыкты стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча климаттык долбоорлор иштелип чыгууда.

Тажрыйбаңызга таянып, Кыргызстанда климаттык каржылоону мындан ары мобилизациялоону күчөтүү үчүн кандай сунуштарды берет элеңиз?

- Кыргызстанда жагымдуу институттук жана ченемдик-укуктук шарттарды түзүү, стратегияларды жана долбоорлорду ишке ашырууга бардык кызыкдар тараптарды активдүү тартуу, инновациялык финансылык инструменттерди өнүктүрүү жана климаттык демилгелердин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу зарыл деп эсептейм.