Абдыразак Нышанов: “Pamir Nomad” боз үй лагери кантип Памир-Алай өрөөнүнүн туруктуу туризминин жана маданий мурасынын символу болуп калды

«Бизнес элге пайда алып келсе, ээсине кубаныч тартуулайт» - дейт Абдыразак

2025-ж., 9-April
A group of people dressed in traditional attire stands in front of yurts on a grassy landscape.
БУУӨП / Кыргызстан

Абдыразак Нышанов легендарлуу Ленин чокусуна карай жол башталган Памир-Алай өрөөнүнүн кооз бурчу Сары-Могол айылында туулуп-өскөн. Бул жерге жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы бурчунан альпинисттер жана саякатчылар келип, чокуларды багындыруу же жөн гана жаратылыштын улуулугунан ырахат алуу үчүн келишет. Мына ушул жерде туулуп-өскөн жеринин кооздугуна жана туристтердин кызыгуусунун артышына шыктанган Абдыразак өзгөчө бир нерсени жаратууну чечти.

Идеядан биринчи боз үй лагерине чейин

Мындан 10 жылдан ашык убакыт мурун чет элдик конокторго ыңгайлуу шарттардын жоктугун байкап, Турпар-Көлдүн жанына боз үй кошууну чечкен. Үч салттуу боз үйдөн баштап, ал акырындык менен өзүнүн долбоорун туруктуу жана инновациялык туризмдин моделине айландырды. Бүгүнкү күндө лагерь ийгиликтүү өнүгүп жатат, сезондо 1500гө жакын туристтерди кабыл алат, бул эс алуу жайынын олуттуу өсүшүн жана популярдуулугун көрсөтүп турат.

Инновация жана туруктуулук

Өнүгүү үчүн умтулган Абдыразак кыргыз маданиятынын нукуралыгын сактап, заманбап чечимдерди киргизди. 

2018-жылы ал күн батареяларын орнотуп, лагерди энергиядан көз карандысыз кылган. Ошол эле жылы экология үчүн коопсуз, биологиялык калдыктарды кайра иштетүү системасы бар биринчи заманбап даараткана орнотулган.

2022-жылга карата боз үйлөр эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып, аныктык менен комфорттун балансы түзүлүп, желим, кагаз жана башка таштандылар үчүн өзүнчө урналар менен таштандыларды бөлүү системасы ишке киргизилди.

Five horseback riders in traditional attire, with yurts and mountains in the background.
БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨП менен өнөктөштүү: жаңы мүмкүнчүлүктөр

2023-жылы Абдыразак окуялуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун катышуучусу болгон. Гранттык колдоо менен бизнесин кеңейтүү жана тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн кир жуугуч машина, дисплей муздаткыч шкафы, муздаткыч, 30 уктоочу баштык жана 30 матрац алды.

«Мен БУУӨПтүн бир дагы тренингин калтырган жокмун, гиддер жана айдоочуларым менен катыштым. Дүйнө бир орунда турбайт, биз дайыма өнүгүшүбүз керек», - дейт ишкер.

Маданий туризм: салттарды таанып-билүү

Абдыразак БУУӨП менен биргеликте коноктор үчүн уникалдуу программаларды иштеп чыккан:

• «Боорсок шоу» – бул салттуу бышырылган тамактарды даярдоо боюнча мастер-класс, мында туристтер өздөрүн ашпозчу катары сынай алышат.

• «Ата-бабалардын мурасы» – 18-кылымдагы кыргыздардын баш кийимдери жана алардын символизми тууралуу интерактивдүү аңгемелер.

• Ат минүү турлары – тажрыйбалуу гиддердин коштоосунда жетүүгө кыйын тоо маршруттары боюнча саякаттоо.

Социалдык жоопкерчилик: Адамдар үчүн бизнес

Абдыразак үч майып адамды жумуш менен камсыз кылуу менен инклюзивдик жумушчу мейкиндигин түздү. Сезондо лагерь гиддер, ашпозчулар жана айдоочулардан турган 10дон ашык жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылат.

Үй-бүлө ийгиликтин негизи

«Үй-бүлөмдүн колдоосу болбосо, мен ийгиликке жете алмак эмесмин», - дейт Абдыразак. Анын жубайы лагердин ишин координациялайт, менюсун жана маданий программаларын иштеп чыгат, ал эми балдары бизнести өнүктүрүүгө активдүү жардам беришет. Улуу уулдары туристтер менен иштешсе, кичүүсү келечекте үй-бүлөлүк бизнеске жаңы идеяларды алып келүү максатында Түркияда мейманкана бизнесин үйрөнүүдө.

Келечекке көз караш

Бүгүнкү күндө Pamir Nomad жөн эле түнөй турган жай эмес, Кыргызстандын өткөнү менен бүгүнкүсүн байланыштырган маданий көпүрө. Туруктуу туризм ар бир адам үчүн пайдалуу, шыктандыруучу жана пайдалуу болушу мүмкүн экендигинин далили.

Маалымдама: БУУӨП Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор жашыл нарк чынжырларын илгерилетүү жана үч өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу инклюзивдик жана туруктуу өсүүгө жетишүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Долбоор гендердик аспектилерди эске алуу менен туруктуу жана коопсуз бизнести өнүктүрүүнү колдойт, жаңы багыттарды өздөштүрүүгө жана рыноктогу өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жардам берет.