
Бишкек, 28-март 2025 – Кыргыз Республикасы адам укуктарынын принциптерин экономикалык саясатка интеграциялоо багытында олуттуу кадам жасады. Экономика жана коммерция министрлиги уюштурган жогорку деңгээлдеги жыйында өкмөт, ишкердик, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Япония Өкмөтү тарабынан колдоого алынган жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Бизнес жана адам укуктары» долбоорунун алкагындагы жетишкендиктерди талкуулашты.
Бизнес жана адам укуктары боюнча Программанын кабыл алынышы Кыргызстан үчүн маанилүү этап болуп, анын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге берилгендигин жана туруктуу бизнес-практикаларды илгерилетүүгө умтулгандыгын көрсөттү. Бул демилге ачык-айкындуулукту, жоопкерчиликти жана адилет ишкердикти бекемдөө аркылуу өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаева белгилегендей:
«БУУнун жетекчилик принциптерин ишканалардын күнүмдүк иш-аракеттерине киргизүү башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мамлекетке жана бизнеске чоң пайда алып келиши мүмкүн. Бул инвестициялык жагымдуулукту жакшыртууга, мамлекет, бизнес жана жарандык коом ортосунда өнөктөштүктү түзүүгө, ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө, сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө жана калктын аярлуу катмарларынын экономикалык укуктарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт».
Жакында кабыл алынган Бизнес жана адам укуктары боюнча Иш-аракеттер планы Борбор Азиядагы биринчи мындай документ болуп, бизнес-процесстерди адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерине шайкеш келтирүүгө негиз түзөт.
Долбоордун алкагында комплекстүү Улуттук негизги баалоо жүргүзүлүп, Кыргызстандын бизнес жана адам укуктары тармагындагы мыйзамдык жана саясий базасы талдоодон өткөрүлдү. Бул изилдөө учурдагы боштуктарды аныктоого жана мындан аркы өркүндөтүү багыттарын белгилөөгө мүмкүндүк берди. Иштин маанилүү бөлүгү 149 уюмдан 249 өкүл катышкан кеңири консультациялар болуп, Иш-аракеттер планын иштеп чыгууда ар кандай көз караштар эске алынды.
Калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында 40 000ден ашуун адамга маалыматтык кампания жүргүзүлдү. Ошондой эле, бизнес жана адам укуктары боюнча негизги документтер кыргыз жана орус тилдерине которулуп, жергиликтүү ишканалар жана мамлекеттик органдар үчүн жеткиликтүү кылынды.
«Иш-аракеттер планын кабыл алуу Кыргызстандагы ачык-айкын, туруктуу жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү бизнес-секторду түзүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат. Бул өлкөнүн экономикалык өсүшү, эл аралык кызматташтык жана инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. БУУӨП Кыргызстанды бизнес-чөйрөнү калыптандырууда жана адам укуктары экономикалык өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланышына көмөктөшүүдө колдоосун улантат.» - деп БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева баса белгиледи.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү
Япония Өкмөтү бул долбоорду Кыргыз Республикасында жоопкерчиликтүү бизнес-практикаларды бекемдөө үчүн колдоду. Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года белгилегендей:
«Биздин өлкөдө япон компаниялары көп болбосо да, биз үчүн алардын ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү иш алып баруусу маанилүү. Ошондой эле, келечекте Кыргыз Республикасына дагы көптөгөн япон бизнесин тартууну каалайбыз. Адам укуктарына жогорку сый-урмат көрсөтүү экономикабызды өнүктүрүүнүн ажырагыс шарты деп эсептейм. Бул долбоор Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүн жакшыртып, ишкерлерди жана инвесторлорду, анын ичинде япон ишкерлерин дагы тартат жана өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө салым кошот».
Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик органдар, жеке сектор жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. БУУӨП бизнес жана адам укуктары боюнча күн тартибин илгерилетүүдө, дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга жана БУУнун Бизнес жана Адам Укуктары боюнча Жетекчилик принциптерине негизделген колдоосун улантат.
БУУӨП жөнүндө
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) коомдун бардык деңгээлдеринде адамдар менен кызматташып, өлкөлөргө кризистерге туруштук берүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган туруктуу өнүгүүнү камсыздоого жардам берет. 170тен ашуун өлкө жана аймактарда иш алып барып, БУУӨП глобалдык тажрыйбаны жергиликтүү экспертиза менен айкалыштырып, адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана туруктуу коом түзүүгө көмөктөшөт.