Бизнес жана адам укуктары боюнча БУУнун жетектөөчү принциптери

2024-ж., 5-January
БУУӨП Кыргызстан

Ишкерлик жана адам укуктары Кыргызстанда салыштырмалуу жаңы темалардан. Анын жигердүү өнүгүүсү бизнестин коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө жана ар бир адамга  тийгизген олуттуу таасирине байланыштуу. 

Бизнес адам укуктарын сактоого орчундуу салым кошуп, ишке орноштуруу, такшалтуу үчүн шарт түзүүдө. Ишкерликтен жыйналган салыктар коомдогу, маселен, саламаттык сактоо, билим берүү жана турак-жай менен камсыздоо өңдүү маанилүү маселелерди чечүүгө жумшалат. Коом кыйынчылыкка кабылса, биринчилерден болуп бизнес чөйрөсү кол сунуп, чечүү жолдорун сунуштайт.

Күнүмдүк жашообуз да көбүнесе бизнести ак ниет жүргүзүүдөн көз каранды. Ишкерлик жумуш менен камсыздайт, бул жагынан алганда жумушчу гана тургай, анын үй-бүлөсүнүн бакубатчылыгы да андан көз каранды. Бизнес кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт, товар сатат, өндүрүштү иштетип, өндүрүмдөрдү чыгарат. Иштин бардык баскычтарында ал керектөөчүлөргө, ишмердик жүргүзгөн аймактын жашоочуларына, коомго, айлана-чөйрөгө таасири тийип жатканын түшүнүп же этибарга албай да коюшу ыктымал. Ошондуктан, бизнес жана адам укуктары — бул көлөмүнө, менчик түрүнө, ишмердик тармагына карабастан пайда таап, ошол эле убакта кантип адам укуктарын бузбоо туурасындагы күн тартиби.

Адам укуктарынын өзөгү катарында 1948-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабылдоого болот. Анда:

“Башкы ассамблея бардык элдер жана мамлекеттер аткарууга ашыккан Адам укуктарынын ушул жалпы декларациясын жарыялайт. Ар бир киши жана коомдун ар бир органы ушул декларацияны эске алып, агартуу жана билим берүү жолу менен укук жана эркиндиктерди сыйлоого кол кабыш кылат...”

Бизнес багыт ала турган негизгилери Адам укуктары боюнча эл аралык биллде бекитилген. Ал төмөнкү документтерди камтыйт:

  • Адам укуктарынын жалпы декларациясы;
  • Жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пакты;
  • Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар тууралуу эл аралык пакты;
  • Эл аралык эмгек уюму тарабынан кабыл алынган стандарттар да маанилүү курамдык бөлүгү.

Бизнес жана адам укуктары жаатындагы дүйнөлүк коомчулуктун кийинки кадамы БУУнун Глобалдык келишими болгон. Бул — жамааттык, социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүгүү багытындагы бизнес үчүн эл аралык демилге. 2000-жылы БУУнун ошол убактагы Башкы катчысы Кофи Аннандын чакырыгы менен түзүлгөн Глобалдык келишим туруктуу өнүгүү концепциясын түзүү жана таанытууга бизнести тартуунун орчундуу куралына айланган.

Андан беш жыл өтпөй дүйнөлүк коомчулук бизнес тараптан адам укуктарына жаралган тобокелдиктерге майнаптуу чара көрүп, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши “Адам укуктары боюнча ишкердик ишмердүүлүктүн жетектөөчү принциптери уюмдун Башкы катчысынын атайын өкүлү Жон Рагги тарабынан иштелип чыккан.

Документтин курамындагы үч компонент анын кимдер тарабынан аткарылышын так белгилейт: 

  • мамлекет адам укуктарын коргоого ;
  • ишканалар аларды сактоого;
  • жабыр тарткан кызыкдар тараптар укуктук коргоо каражаттарынан пайдалана алууга тийиш.

1. Мамлекет адам укуктарын башка адамдардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кол салуусунан, тартып алуу ниетинен коргоого милдеттүү;

2. Бизнес түзүмдөрдүн адам укуктарын урматтоо жоопкерчилиги;

3. Бизнес тарабынан укуктары бузулган адамдардын натыйжалуу мамлекеттик жана мамлекеттик эмес каражаттары менен кеңири камсыздоонун зарылдыгы.

Ишкердик ишмердүүлүктүн адам укуктарына кандай таасир этери жөнүндөгү көп жылдык  талкуудан кийин мындай документтин кабыл алынышы маанилүү окуя болгон. Жетектөөчү принциптер адам укуктарына ишкерликтин таасирине байланышкан маселелерди чечүүдө абройлуу глобалдык өзөккө айланды. Ал мамлекеттерге да, ишканаларга карата да пайдаланылып, ишкердик ишмердүүлүктө жаралган тобокелдиктерди аныктоо үчүн тийиштүү милдет жана жоопкерчиликти бекиткен. Ишканалар менен мамлекеттердин бул багытта өз саясатын түзүүдөгү туура кадам, процесстерин аныктайт.

Дүйнөнүн отуз чакты өлкөсү бизнес жана адам укуктары маселелери боюнча  Улуттук иш-аракеттер планына ээ. Алардын баары дал ушул БУУнун Жетектөөчү принциптеринин жоболоруна таянат. Юрисдикциясына карабастан өз ишмердиги жана кызматкерлеринин да, өнөктөш-камсыздоочулар арасында да адам укуктарын урматтоого ыктыярдуу милдеттенме аларын жарыялаган улуттар аралык корпорация, бизнес ассоциация жана ишканалардын саны улам өсүп барат.

Бир катар мамлекеттер компанияларды өз ишмердигинин ар кыл баскычында адам укуктарына карата жаралган кооптуулуктарды аныктоого милдеттендирген мыйзамдарды кабыл алды. Франция – өз аймагында иш алпарган улуттар аралык ири ишканаларды өздөрүнүн глобалдык операцияларынын баарында адам укуктары боюнча талаптагыдай текшерүүгө милдеттендирген мыйзамды алгачкылардан болуп (2017-жылы) кабыл алган өлкө. Ал эми 2021-жылы Германия да ушундай эле мыйзамды кабыл алып, узаган жылы күчүнө киргени белгилүү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жарандык коом да эл аралык мындай көрүнүштөрдөн четте калбайт. Кыргызстандын БУУдагы мүчөлүгү, адам укуктары жаатындагы бир топ эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелери БУУнун бул документинин негизинде адам укуктары жана бизнес боюнча Улуттук иш-аракеттери планын кабылдоонун зарылдыгын аныктап коет.

БУУнун Жетектөөчү принциптери бул жаатта жаңы стандарттарды жаратпайт. Алар азыркы стандарттардын таасирин күчөтүүнү өбөлгөлөйт. Кыргызстанда бул документтин негизинде адам укуктарын актуалдаштырууга БУУнун Өнүктүрүү программасынын салымы чоң. «Адилет» укуктук клиникасы, эл аралык эксперттер менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын укуктук базасынын жана БУУнун Жетектөөчү принциптерин изилдөө отчету” даярдалган. Ошол изилдөөнүн негизинде мамлекеттик органдар тарабынан Улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыгып, бекитилет.

БУУӨП өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына шайкеш келген, керектөөлөр толук эске алынган ийкемдүү программа жана долбоорлорду иштеп чыгууга умтулат. БУУӨПтүн бүт программалары жана долбоорлору бизнес жана адам укуктары жаатындагы улуттук өнөктөштөрү, мамлекеттик органдар менен чогуу иш алпарат.

Макала Кыргызстандын ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампанияны коштоо үчүн Япония өкмөтүнүн каржылоосу менен БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укуктары» (B+HR) долбоорунун алкагында даярдалды.