Демилгелүү топтор инклюзивдүү чечим кабыл алуу жана тынчтык үчүн диалог маданиятын калыптандырууда

2024-ж., 8-October
Two middle-age women in white scarfs are making notes.

Баткен облусунун Ак-Турпак айылындагы демилгелүү топтун мүчөлөрү.

БУУӨП / Kyrgyzstan

Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү жана татаал социалдык-саясий жагдайлары менен белгилүү болгон шартында, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тынчтыкты жана социалдык биримдикти бекемдөө боюнча активдүү иш жүргүзүүдө. Инклюзивдүү башкаруунун, коомдук туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн зарылдыгын түшүнүп, БУУӨП тынчтыктын негиздерин чыңдоо жана социалдык биримдикти бекемдөө максатында ар кандай демилгелерди ишке ашырып келет. Бул иш-аракеттерге инклюзивдүү башкарууну жайылтуу, аялдар менен жаштарды колдоо, социалдык-экономикалык өнүгүү аркылуу туруктуулукту куруу жана башка багыттар кирет.

Бири-бирине жуурулушкан коомдорду жана инклюзивдүү келечекти куруу максатыбызда жергиликтүү демилгелүү топтор, коомдук лидерлер жана активисттер тарабынан түзүлгөн, негизги ролду ойнойт. Бул элдик платформалар жергиликтүү бийлик органдары менен маанилүү сүйлөшүүлөргө катышууга коомдун мүчөлөрүн шыктандырат, ар бир адамдын үнү угулуп, бааланганын камсыздайт. Ачык диалог жүргүзүү аркылуу бул топтор инклюзивдүү жана бирдиктүү коомдун негизин түптөшөт.

Аялдарды колдоо жана 1325-Резолюциясын УАПны жергиликтүү деңгээлде илгерилетүү

Бул демилгелүү топтордун маанилүү жетишкендиктеринин бири — аялдардын укуктарын колдоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-Резолюциясынын (1325 Улуттук Ааракеттер Планы) принциптерин жайылтуу. Максаттуу программалар жана демилгелер аркылуу бул топтор аялдарга өз коомдорунда лидерлик позицияларды ээлөө мүмкүнчүлүктөрүн түзүшөт. Гендердик теңдикке берилген бул багыт алардын жашоосуна таасир этүүчү чечим кабыл алуу процесстерин жакшыртып, баарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.

Айнура Арипова, Баткен облусунун Ак-Турпак айылындагы демилгелүү топтун мүчөсү, долбоорго катышуусу аркылуу өзүнө жана жөндөмдөрүнө ишеним артканын айтат. Анын айтымында, ар бир аял колдоо жана ишенимге ээ болгондо, коомдун өнүгүүсүнө жана тынчтыкты курууга олуттуу салым кошо алат.

«БУУӨПтүн Жарандык коомду күчтөндүрүү боюнча долбооруна катышуу менин жашоомду 180 градуска өзгөрттү. Долбоор аркылуу мен өз укуктарымды жана аялдардын чечим кабыл алуу процессинде активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн билдим. Бизге долбоор жазууну, жыйындарды уюштурууну жана ойлорубузду билдирүүнү үйрөтүштү. Мен үчүн эң маанилүүсү — айылдагы аялдарды бириктирүү болду. Биз жолугушууларды өткөрүп, жалпы көйгөйлөрдү эле эмес, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун да талкуулай баштадык. Бирге балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга жана аялдар үчүн жумуш орундарын түзүүгө багытталган иш-аракеттер пландарын иштеп чыктык. Коңшуларыбыздын көздөрүнөн кызыгуу жана ишеним отун көрдүм. Аялдар өз идеяларын жана демилгелерин бөлүшө башташты. Ар бир жолугушууда биздин айылдагы атмосферанын өзгөрүп жатканын байкадым. Жергиликтүү бийлик биздин демилгелерибизге көңүл бура баштаганын байкап, айылдаштарымдын урмат менен талкуулай баштаганын укканымда, биздин үнүбүз маанилүү экенин түшүндүм», — дейт Айнара.

Айнара мүчө болгон демилгелүү топтун эң маанилүү жыйынтыктарынын бири үй-бүлөлүк жаңжалдарды башынан өткөргөн аялдар үчүн колдоо тобун түзүү болду. «Биз аялдар өз окуялары менен бөлүшүп, бири-бирине ишенимин кайтарууга жардам берген туруктуу жолугушууларды уюштурдук. Бул аялдардын мурун бири-бири менен пикир келишпестиктен жапа чеккендер өздөрүнө жана жөндөмдөрүнө ишене баштаганын көрүп турам. Алар үй-бүлөлөрүндө жана коомдорунда лидер болуп баратышат», — деп бөлүшөт Айнура.

«Менин ишим долбоор аяктаганы менен токтоп калбай турганын да түшүндүм. Аялдардын укуктарын коргоону улантып, алардын айыл турмушуна активдүү катышуусуна шарттарды түзүүнү чечтим. Мен аялдар ай сайын жолугушуп, идеяларын жана долбоорлорун талкуулап, алардын ишке ашырылышында бири-бирин колдой ала турган жыйындарды уюштурууну пландап жатам».

Women at the training

Баткен облусунун Ак Турпак айылынын аялдар учрашуусу жана ата-эне мектеби.

БУУӨП / Кыргызстан

Тынчтыкта өзгөрүүлөрдүн агенттери

Өздөрүнүн жамааттарындагы уникалдуу муктаждыктарды жана динамикаларды түшүнүп, демилгелүү топтор тынчтыкка багытталган өзгөрүүлөрдүн агенттери катары чыгышты. Алар жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн жекече тынчтыкты куруу иш-аракеттер планын иштеп чыгышты. Бул пландар чыр-чатактарды жөнгө салуу стратегияларын гана эмес, туруктуу өнүгүүнү жана коомдун биримдигин жайылтат, жамааттар үчүн тынчтыкты камсыздоонун так жолун көрсөтөт.

Мындай кызматташтыктын бир мисалы Баткен облусунун Кыштут айылында бала бакча ачуу долбоору болуп саналат. Бул демилгени жамааттын активисттери көтөрүп чыгышкан. Кыштут Өзбекстандын Сох району менен чектешип, бат-бат жер көчкүлөрдөн жапа чегет. Көптөгөн алыскы жана жетүүгө кыйын болгон айылдар сыяктуу эле, бул айылдын инфраструктурасы өтө чектелген. Эркектердин көбү эмгек миграциясында болгондуктан, айылда негизинен аялдар жашайт.

Бир нече жылдан бери жергиликтүү аялдар өзүн-өзү башкаруу органдарына бала бакча ачуу маселесин көтөрүп келишкен, бул аларга балдарын кароосуз калтырбай эле жумушка кайтып келүүгө мүмкүндүк бермек. Бирок жергиликтүү өкмөттүн бөлгөн каражаттары жетишсиз болгон. Жооп катары, активдүү топ мигранттарды тартуу менен чет өлкөдөгү кыргыз жамааттарынан ресурстарды мобилизациялоого жетишкен.

Комиссия түзүлүп, ага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана жамаат лидерлери, аялдар жана эркектер кирген. Жергиликтүү тургундар эмгеги менен жардам беришти, мигранттар курулуш материалдары үчүн акча беришти, ал эми БУУӨП бала бакчага эмеректер жана башка жабдыктар менен камсыз кылды. Бул демилге жергиликтүү жамааттын өнүгүү планынын бир компонентин ишке ашырып гана тим болбостон, бардык тургундардын жалпы максат үчүн аракетин бириктирип, коомдогу социалдык биримдикти бекемдеди.

children in kindergarden sitting on tables in national constumes and reading books. Teachers are standing and looking at them on the background. The premices well decorated and new.

Бала бакчадагы ачылыш күнү. Кыштут, Баткен облусу.

БУУӨП / Кыргызстан

Тынчтыкты куруу боюнча иш-аракеттер пландарын биргелешип ишке ашыруу

Демилгелүү топтордун, жергиликтүү бийликтердин жана БУУӨПтүн кызматташтыгы тынчтыкты куруу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашырууда маанилүү роль ойноп келет. Алар биргелешип, жамааттын дароо муктаждыктарын канааттандырган долбоорлорду ишке ашырып, ошондой эле социалдык биримдикти, туруктуу тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө негиз салууда. Бул демилгелерди көрсөтүү менен биз пайда болгон чыныгы өзгөрүүлөрдү белгилеп, туруктуу диалогдун жана кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп жатабыз.

Баткендеги Кыштут айыл кеңештеринде БУУӨП тургундардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгесин колдоп, бардык айылдарга кызмат көрсөткөн эски суу түтүгүн оңдоп чыгууга багытталган долбоорду ишке ашырган. Суу түтүк системасы Советтер Союзу учурунда курулган жана жергиликтүү бийликтер оңдоо иштерин жүргүзүүгө зарыл жабдууларды сатып алууда кыйынчылыктарга туш болушкан. Жамааттын арасында нааразычылык жана ишенимсиздик өсүп, тургундардын ортосунда чыңалуу пайда болгон. Суу инфраструктурасын жакшыртуу менен БУУӨПтүн долбоору таза сууга жетүү маселесин чечип гана тим болбостон, жамаатты чыңдап, анын туруктуулугун камсыз кылды. Бул кызматташтык жалпы ресурстун маанилүүлүгүн баары түшүнүп, жамаатта ишенимди жана биримдикти калыбына келтирүүгө жардам берди.

People digging the space for drinking water supply pipes

Баткен облусунун Кыштут АО ичүүчү суу түтүктөрүн жаңылоо.

БУУӨП / Кыргызстан

Кыргызстанда БУУӨП тынчтыкка жана инклюзивдүүлүккө карай сапарын улантууда, ал эми жергиликтүү демилгелүү топтор бул процессте абдан маанилүү ролду ойношот. Диалогду бекемдеп, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, тынчтыкты куруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгып, жергиликтүү бийликтер жана БУУӨП менен тыгыз кызматташуу аркылуу бул топтор өз коомдорунда оң өзгөрүүлөрдү жаратууда.