Аялдардын укуктарын коргосом деген Упанай

2019-ж., 11-October

Упанай Жаныбек кызы

Упанай Жаныбек  кызы илбериңки сүйлөп, элеттеги башка кыздардан айырмаланбагандай көрүнгөнү менен, максаттары, келечектеги ниетин ишке ашырууга  жасаган аракеттери айланасындагылардай эмес деп айтууга болот.

Анктени жакындарынын “кызга кырк үйдөн тыюу” же кыз баланын комдогу  көрүнбөгөн бөлүгүндө болсун деген пикирлерин жеңип чыга алды. Ал үчүн түрдүү аракеттер, акырындык менен жасаган кадамдары менен тоскоолдуктарды жеңип, айланасындагы жакындарына калыптанып калган пикирлерди өзгөртүүгө жетишти.

Упанай чек арадагы жаңжалдуу айылдагы кадимки орто билимдүү ишкердин үй-бүлөсүндө беш баланын эң кичүүсү болуп жетилген. Айылдагы кадимки тирилик менен алектенип, окуудан тышкары үй-тирилигине жардам берип жашы өтүп калган чоң атасына каралашып дегендей. Мектепте деле теңкурларынан айрмаланбай ортозаар окуп, айылдык мектепте шарттын барынча жалпы билим алганы менен,  ичиндеги каткан укук коргочу болуу ниети мектепти аяктаганда ишке ашпай калчу абал жаралды. Жогорку билим алуу үчүн борборго же башка шаарларга барып окуусун улантууга чоң атасы караманча карыш туруп алган эле.  Ал эле эмес кесип тандоосу да жакындарынын чечими менен кабыл алынганын айтат:

“Мен кадимкидей эле элетееги ар бир баладардан өзгөчө болбогон балалыкты баштан өткөрдүм. Айылда кошумча шарттар, өзү менен иштеп, мүмүкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн шарттар деле жок. Бирок менин эмнегедир укуктук жаатта адис болуу, укук коргоо жаатында кызмат кылуу деген ички максаттарым бар эле. Анан эле орто мектепти аяктаганда чоң атамдын чечими менен башталгыч класстардын мугалими болушум жакындарым тарабынан кабыл алынды. Менин ири максаттарым, борбордон же аты чыккан жогорку оку жайларынан укутук билим алуу ниетим ишке ашпай калаарына көзүм жетти. Жалгыз каршылык көрсөтө берсем чыңалууну андан ары күчөтүп, такыр эле жогорку билим алуума да тоскоолдук жаратып алчудай абал жаралды. Айла жок макул болуп, Баткен мамлекеттик университетинин педогогика факультетине тапшырдым. Ошентип биринчи курсту аяктадым. Бирок, ички туйгумдагы укуктук адис болуу максатым мени ойлондуруп, тынч койгон жок. Бир жыл бою үй-бүлөмдү, жакындарымды акырындап айтып жатып экинчи курска өткөндө гана ушул эле университеттин юридикалык факультетине которулууга жетиштим.

Улпунай түрдүү конференцияларга, талкууларга катышып, укуктук билимин окуу жайдан сырткары да изденүү менен аракеттенип жатат.  Бириккен улуттар уюмунун өнүктөрүү программасынын алкагында ишке ашып жаткан «Кыргызстандын жана жаштарынын Өзбекстандын ынтымакты  жана кызматташтыкты чындоо» демилгеси менен  жайкы эс алуу учурунда   акысыз алгачкы юридикалык кеңеш берүү боюнча юридикалык клиникада ыктыярчы катары стжировкадан өттү. Бул келечектеги адам укуктары багытында ишмердиктин алгачкы кадамы болуп калганын айтат Упанай:

Окуудан сырктары жайкы эс алуу учурунда долбоордун алкагында Айдаркен шаарында юридикалык жактан алгачкы жардамдарды берүү багтыныда ыктыярчы болуп иштедим. Ал жерде ар кандай укуктук жактан жардам сурап кайрылган жарандар мене иштешип калдым. Чынын айтсам бул практикалык жактан түздөн-түз жардамга муктаж кишилер менен бет келип иштешкеним болду. Балдар менен аялдар үчүн укуктук жактан акысыз кеп-кеңеш берүү менен алардын көгөйүн чечилүүсүнө аз болсо да салым кошуп, ажырашкан учурда укуктук сабатсыздыктан көп өзүнө тийешелүү мүлктөрдү алалбай клагандарга коодоо көрсөтүп ишимдин канчалык маанилүү экенин сездим. Мен жашымдан койгон максаттарым ишке ашып жатканына күбө болдум. Менин юридикалык кесипке ыктаганым да ушундан болсо керек. Элет жеринде кыз-келиндер тандоо, чечим кабыл алуу процесстерине тартылбай калып кетишет. Алардын кызыкчылыктар менен эсептешпей койгон көндүм көрүнүш болуп калган. Мындай абал менен менен келише албайм. Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо, алар үчүн коомдун өнүгүүсүндөгү ар бир аракетте өз укутарын билип, кесип тандоо, кайсыл талапкер үчүн добуш берүү, жергиликтүү чечимдерди кабыл алууга аралашуу сыяктуу  мыйзамдык мүмүкүнчүлүктөрүн пайдаланып, каалоолоруна жетүүсү үчүн аракет кылам деп ушул багытты тандап алдым окшойт”:- дейт Упанай Жаныбек кызы.

 Упанай Жаныбек кызы  өз аракети менен бир жыл болбосо экинчи жылы тыным албай түшүндүрүү, пикирлерди талкуулоо менен чыңалууну да жаратпай сабырдуулук аркылуу өз максатына жете алды. Тыным алып токтоп калбай андан ары изденип, коомдун аярлуу катмарына, жардамга муктаждарга өз билими менен бөлүшүп, укуктук кеп-кеңеш берүү аркылуу өзүнүн билимин жана кесиптик чеберчилигин да жогорулатуу үстүндө иштеп жатат.  Дагы да курбалдаштарына, элеттеги кыз-келиндерге да өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, коомдук өнүгүүгө, өзүн-өзү өнүктүрүүгө, чечимдерди каблы алууга аралашууга үндөп кедет.