
Караколдук балчы Марат Галиев
«Ар кандай ийгилик кыялдан башталат, бирок аны ишке ашыруу үчүн өжөрлүк жана рынокту түшүнүү керек», - дейт аарычылыкка 40 жылдан ашык өмүрүн арнаган атасы Асхат Галиевдин чыгармачылыгын улантуучу Марат Галиев. Бүгүнкү күндө Марат Каракол шаарында «Нектар» бренди менен «Bee Company» компаниясын жетектейт, бул бизнес үй-бүлөлүк бал чарбасынан Кытайга, БАЭге, Россияга, Японияга жана Сауд Аравиясына бал экспорттоочу ийгиликтүү ишканага айланган.
Ишкананын ийгилигинин ачкычы — продукциянын шексиз сапатында. Марат өндүрүштүн бардык этаптарында – балды тартып алгандан баштап, анын нымдуулугун жана жетилишинин текшерилишине чейин – катуу көзөмөлдүн маанилүүлүгүн баса белгилейт, бул бузулууларды алдын алуу үчүн керек. Бул «Нектарга» эл аралык рыноктордо абройун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күнү компания экологияга жана атаандаштыкка басым жасап, ассортиментин кеңейтүүдө – гүлдүү, липа жана кара буудай (гречка) балы – жана жаңы багыттарды өздөштүрүүдө, мисалы, косметикалык жана фармацевтик.
«Брендге жана таңгактоого инвестициялоо – бул жөн гана эстетика эмес. Кардарлар экологиялык таза жана оригиналдуу чечимдерди баалашат, – деп белгилейт Марат. – Ал эми жергиликтүү ресторандар, кафелер жана дүкөндөр менен кызматташуу өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат». Кошумча киреше булагы болуп бал челек жана аарычылар үчүн товарларды өндүрүү эсептелет, бул компаниянын рыноктогу позициясын бекемдейт.
Кыргызстандын балы чет өлкөдө жогору бааланат: өндүрүлгөн көлөмдүн болжол менен 62% кайра иштетилип, экспорттолот. Бирок тармак бир катар кыйынчылыктарга туш болууда – продукциянын жасалмалуулугу, технологиялардын жана каржылоонун жетишсиздиги, ошондой эле жайыттардын деградациясы. Бул маселелерди чечүүгө БУУӨПтүн Финляндия өкмөтү каржылаган «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү» долбоору көмөктөшүүдө. Программа экспортко багытталган өндүрүүчүлөрдү колдоп, «жашыл» жумуш орундарын түзүүгө жана балдын кошумча нарк чынжырларын (КНЧ) өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

«Bee Company» – долбоордун алдыңкы катышуучуларынын бири. Грант алуу үчүн берилген өтүнмөнүн аркасында компания (вакуумдук гомогенизатор, насостук дозатор жана фильтр-ванна) сыяктуу заманбап жабдууларга ээ болду. Бул жабдуулар крем-бал өндүрүүгө мүмкүндүк берип, анын түзүлүшүн, даамын жана жытын жакшыртат. Долбоор ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу, рыноктук анализ жана өндүрүштө «жашыл» технологияларды колдонуу боюнча тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды. Бул жаңы кардарларга жетүүгө шарт түзүп, продукциянын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
«Биз өндүрүүчүлөргө жөндөмдөрүн жакшыртууга, өндүрүштү модернизациялоого жана HACCP, ISO 22000 сыяктуу стандарттарды киргизүүгө жардам беребиз, бул глобалдык рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт, – дейт БУУӨП программасынын адиси Гүлмира Маматова. – Балдын КНЧ катышуучуларынын ортосундагы кооперацияны күчөтүү продукциянын сапатын жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, бүт тармакка пайда алып келет».
Марат Галиевдин тарыхы – бул үй-бүлөлүк иш, инновациялар жана колдоо менен күчтөнүп, экономикалык өсүү жана туруктуу өнүктүрүү үчүн драйвер болууга мүмкүндүк берген мисал.

Долбоор балдын КНЧнү күчөтүүгө багытталган. Конкурстук негизде 6 микро, чакан жана орто ишканалар (МЧжОИ) тандалып алынды, булардын максаты – өндүрүш жана экспорт көлөмүн жогорулатуу, жумуш орундарын түзүү, кирешелерди арттыруу, жаңы рынокторго чыгуу жана эл аралык сапат стандарттарын/сапат башкаруу системаларын киргизүү. Мындан тышкары, балдын кайра иштетүү жана экспортту ишке ашыруу боюнча тандалган МЧжОИ менен иштешкен 120 аарычы тандалып алынган. Долбоор алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталууда.
Долбоордун алкагында комплекстүү көз караш, институционалдык жана жергиликтүү деңгээлдердеги өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө таасирди жогорулатуу каралган. Балдын кошумча нарк чынжырында иштөөчү ар кандай катышуучуларга, анын ичинде аарычы-фермерлерге, экспортчу компанияларга, кызмат көрсөтүү операторлоруна жана жергиликтүү бийлик органдарына колдоо көрсөтүлөт. Өзгөчө көңүл аялдарды жана майыптыгы бар адамдарды камтууга, ошондой эле экологиялык туруктуулукка багытталат.

БУУӨП Финляндия өкмөтү каржылаган Борбордук Азия өлкөлөрүндө «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун бешинчи фазасын ишке ашырууда. Долбоор борбордук Азия өлкөлөрүнө инклюзивдүү жана туруктуу өсүштү камсыз кылуу үчүн колдоо көрсөтүүгө багытталган, ал «жашыл» кошумча нарк чынжырларын илгерилетүү жана үч өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу ишке ашырылат. Долбоор экономиканы диверсификациялоо жана жаңы рыноктук жана керектөө тенденцияларына адаптациялоо аркылуу гендердик маселелерди эске алган, туруктуу жана коопсуз экономикалык структураларды түзүүгө көмөктөшөт.
Долбоорду ишке ашыруу менен кеминде 120 жумуш орду түзүлөт, анын ичинде айыл жериндеги аялдар үчүн да. Долбоор ошондой эле балды кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча ишканалардын, кызмат көрсөтүү операторлорунун потенциалын жогорулатууга көмөктөшөт. Бенефициарлар үчүн онлайн аянтчалар жана электрондук соода платформалары менен иштөө боюнча окутуу да уюштурулат.
Табигый балдын кошумча нарк чынжырын күчөтүү БУУӨПтүн «Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда, бул долбоор Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган жана «TES-борбору» тарабынан консультациялык колдоо көрсөтүлүүдө.
Медиа маалымат үчүн: Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтүн коомчулук менен байланыштар боюнча адиси, ainagul.abdrakhmanova@undp.org.