Корея Республикасы, БУУӨП жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өрт-куткаруу кызматын чыңдоо жаатында кызматташат
Сузак аймагында жаңы өрткө каршы жана куткаруу бөлүмү курула баштады
2021-ж., 21-June
Сузак – 18-июнь, 2021-жыл – Бүгүн Сузак аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында өрткө каршы жана куткаруу бөлүмүнүн курулушунун башталышына арналган салтанаттуу азем болуп өттү. Салтанкатка Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты.
Сузак аймагындагы өрткө каршы жана куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу KOICA жана БУУӨПтүн кореялык адистер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзгөн долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. БУУӨП кореялык адистер менен биргеликте Сузак аймагында жана Чолпон-Ата, Ош, Бишкек шаарларында төрт жаңы өрткө каршы жана куткаруу бөлүмдөрүн курат, ошондой эле аларды заманбап өрткө каршы шаймандар менен камсыз кылат жана өрткө каршы кызматтын сапатын жогорулатат. Долбоордун алкагында өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин өркүндөтүү боюнча тренингдерди өткөрүү дагы каралган. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгек шарттары гендердик теңчиликтин, өрт-куткаруу кызматтарга жалпы жеткиликтүүлүктүн жана туруктуу өнүгүү принциптеринин негизинде жакшыртылат.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин директору Ли Джонгсу мырза мындай деп белгилеп кетти: “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Сузак айылынын администрациясы менен тыгыз өнөктөштүктө биз бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыра алабыз. Жаңы шаймандар менен камсыз кылынган жаңы өрткө каршы жана куткаруу бөлүмүнүн курулушу Сузак айылынын жарандарынын коопсуздугуна, мамлекеттик башкаруунун туруктуулугуна, региондорду өнүктүрүүгө жана COVID-19га жооп кайтарууга кепилдик берет деп ишенем”.
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мырза:“Бүгүнкү күндө Жалал-Абадта аймак үчүн өтө маанилүү окуя болуп жатат. Биздин өрт өчүрүүчүлөрдүн өнүгүшүнө шарттар түзүлүп, өрт өчүрүү кызматы үчүн жаңы имарат курула баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин куттуктайм жана өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем", – деп баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов мырза: “Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министринин кызматкерлери жана Сузактын жарандары үчүн абдан жакшы күн, анткени биз Сузактагы өрткө каршы жана куткаруу бөлүмүнүн имаратына капсула салуу иш-аракеттерине күбө болуп жатабыз. Биздин өнөктөштөр KOICA жана БУУӨПтүн колдоосу менен министрликтин техникалык жана адамдык потенциалын жогорулатуу жаатында олуттуу натыйжаларга жетиштик. Өрткө каршы жана куткаруу бөлүмдөрүн курууну, өрткө каршы шаймандар менен камсыздоону караган учурдагы долбоорду ишке ашыруу биз үчүн абдан маанилүү жана өз убагында, анткени, тилекке каршы, жыл сайын өрттүн саны көбөйүүдө жана жылытуу мезгилинде өрт чалуулардын саны күнүнө жыйырмага жетиши мүмкүн. Өрт-куткаруу бөлүмдөрүн өркүндөтүлүшү өрттүн кесепеттерин жоюуга чоң жардамчы болуп, эң негизгиси өрттүн кесепетинен каза болгондордун санынын азайышына алып келет деп терең ишенебиз. Мен өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан өнөктөштөрүбүз KOICA жана БУУӨПкө ыраазычылык билдирем”, – деди.
“Биздин көптөгөн иш-аракеттерибиз табигый кырсык коркунучун башкаруу боюнча улуттук дараметти чыңдоого багытталган жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргелешип ишке ашырылган долбоорлор, табигый кырсыктарга байкоо жүргүзүү жана божомолдоо тутумдарын, кризистик кырдаалдарда ыкчам башкаруу жана кырсыктардын кесепеттерин жоюу кызматтарын өнүктүрүүгө салым кошуп келет”, – деп баса белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы табигый кырсыктар тобокелдиктерин башкаруу программасынын координатору Марат Абдырахманов мырза.
БУУӨП өрттүн кесепетинен жабыркагандардын санын жана физикалык чыгымдарды азайтуу, ошондой эле калктын аялуу катмарын, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо үчүн өрткө каршы потенциалын күчөтүү максатында өрт-куткаруу жабдууларды жана шаймандарды модернизациялайт.