«Жеткиликтүү өлкө» программасы бекитилди

2023-ж., 27-February
Participants of the training on the rights of people with disabilities, 2020.

 

Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин ишке ашыруу, ошондой эле БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясынын нормаларын жана принциптерин аткаруу максатында иштелип чыккан 2023-2030-жылдарга “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын февралындагы токтому менен бекитилди. Программа өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына, “эч кимди артта калтырбоо” болуп эсептелген, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын түпкү милдеттенмесине негизделип адамдарга карата максатталган.

Атап айтканда, «Жеткиликтүү өлкө» программасы майыптык көйгөйлөрүн чечүүдө медициналык-социалдык экспертизаны оптималдаштырууга; реабилитация, абилитация жана эрте кийлигишүү системасын өнүктүрүүгө; майыптыгы бар адамдар үчүн эмгек рыногун өнүктүрүүгө; “универсалдуу дизайн” жана “акылга сыярлык шайман” принциптерин ишке ашырууну эске алуу менен жеткиликтүү инфраструктураны түзүүгө; протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүүгө; инклюзивдик билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана башкаларга багытталган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, социалдык тармак өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыты болуп калды, - “Акыркы жылдары социалдык жөлөкпулдар үч эсеге, майыптык боюнча жөлөкпулдар эки эсеге көбөйдү, “Жеке жардамчы” алуучулар үчүн чектөөлөр алынды, социалдык мекемелер үчүн тамак-аштын нормасы эки эсеге көбөйтүлдү. «Жеткиликтүү өлкө» Мамлекеттик программасын бекитүү жана аны ишке ашыруу жарандардын бардык категориялары үчүн эмгекке, сот адилеттигине, саламаттыкты сактоого, билим алууга бирдей шарттарды түзүүгө жардам берет деп ишенебиз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү боюнча долбооруна,  бул маанилүү программаны иштеп чыгууда көрсөткөн колдоосу, майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет”.

«Биз Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин глобалдык Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын негизги идеясы болгон, коомдун жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү «Эч кимди артта калтырбоо» программасын ишке ашыруу боюнча бардык аракеттерин жогору баалайбыз. «Жеткиликтүү өлкө» программасынын кабыл алынышы майыптыгы бар адамдарды таануудагы маанилүү этап болуп саналат. Биз Кыргызстандын өкмөтүн, адамдардын жашоо сапатын сезилерлик түрдө жакшыртуу үчүн, бул программанын ишке ашырылышын камсыз кылууга чакырабыз. Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү БУУнун Конвенциясы бардык адамдардын тең укуктуулугун ырастайт. Бул Конвенцияны кабыл алуу менен Кыргызстан бардыгы бирдей шарттарга ээ болгон инклюзивдик коомду түзүү ниетин көрсөттү. БУУӨП акыйкат жана адилет коомду түзүү боюнча өлкөнүн демилгелерин колдоого даяр». - деп БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, «Жеткиликтүү өлкө» программасынын кабыл алынышына байланыштуу белгиледи.

Учурда БУУӨПтүн долбоорунун колдоосу менен «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгууда, ошондой эле мыйзамдарды БУУнун  Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясынын ченемдерине ылайыкташтыруу боюнча техникалык жардам көрсөтүлүүдө.

Кыргызстандагы БУУӨП 2020-жылга карата “Жеткиликтүү өлкө” Улуттук программасынын долбоорун иштеп чыгууга активдүү көмөк көрсөткөн. Бул улуттук документтин үстүнөн Эмгек жана социалдык өнүгүү, Каржы, Саламаттык сактоо, Юстиция, Билим берүү, Транспорт жана жолдор министрликтеринин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, жарандык сектордун адистери жана көз карандысыз эксперттер иштеген.