Мектеп окуучусу Балкыял Тажибаеванын өнөрүн өркүндөтүп, өзүнө колунан баары келээрин далилдеген баяны

2023-ж., 6-December

 

2022-2023 - жылдар аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыган “Санарип Айымдар” аталышындагы долбоор ийгиликтүү ишке ашты.

Аталган долбоордун негизги максаты бул кыз-келиндердин IT жана санариптик, лидерлик жана коммуникациялык жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү болуп саналат.

Бир жыл ичинде долбоорго кабыл алынган 15 жаштан 34 жашка чейинки 180 кыз-келиндерге өздөрү тандаган IT жана санариптик курстар боюнча окутуулар уюштурулду. Бүгүнкү күндө, долбоорго катышкан 180 кыз-келиндердин 50% жумуш менен камсыз болушту. “Санарип айымдар” долбооруна катышкан кыз-келиндердин ийгиликтерин бөлүшөбүз. 

 

***

Ош шаарындагы №5 Ж. Бөкөнбаев атындагв мектептин окуучусу Балкыял Тажибаева “Санарип Айымдар” долбоорунун  эң жаш жана туруктуу катышуучуларынын бири болду. “Санариптик дүйнөдө- ийгиликке жетүүдө жаш курак тоскоол боло албайт, муну мен тастыктап бере алам.  Мен болгону 16 жашымда бир топ ийгиликтерге жетиштим, сизди дагы каалаган жашыңызда алдыга койгон максаттарыңызга жете аласыз деп шыктаныдыргым келет”

Балкыял ар дайым башкаларадан өзгөчөлөнүп, өжөрлүгүн көрсөтүү менен, ар кандай ийримдерге жана мектептеги бардык иш-чараларга активдүү катышып келген. Бирок 2020-жылы, пандемия учурунда ал алектенчү иштин жоктугунан жана өзүн бекерчи сезгендиктен терең депрессияга түшкөн. Ал көп учуруда салыңкы маанайда болуп, апатияга кабылып, убакытты текке кетирип жатам деп ойлочу. Атүгүл анын сүйүктүү Гарри Поттер китептери дагы жардам бере алган эмес.

 “Бул мезгилде менин жаңы көндүмдөрдү, чет тилдерин үйрөнүүгө, чыгармачылык менен алектенүүгө жана жеке өсүү чөйрөсүндө өнүгүүгө болгон каалоом жана алар менен бирге тынчсыздануум да күчөй берди. Ошол убакта апам экөөбүз СММ боюнча онлайн курстарды таптык.” Социалдык тармактардагы маркетингдин негиздери боюнча 15 күндүк окууну аяктагандан кийин, ал чечкиндүү түрдө аралыктан иштөө жана киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн издеген. Көптөгөн компания кыдырып, резюмесин көрсө­ткөн, бирок  өзүнө ишенбегендиктен, бетме-бет эч нерсе айта албай, регистратурага резюмесин таштап коюп эле кете берчү.

“Бир нече ирет жолум болбогондон улам жана жагымсыз кырдаалдардан кийин өзүмдү-өзүм баалоо сезимим катуу жабыркап, өз жөндөмдүүлүгүмдөн күмөн санай баштадым. Анализ жасап, жыйынтыгында бардык көйгөйлөрдүн себеби өзүмдө деген тыянакка келдим. Уюлдук телефонумдун жардамы менен жогорку сапаттагы сүрөттөрдү жана видеолорду тартуу ыкмаларын өздөштүрүүдөн тышкары, контент жаратуу жана жасалгалоо үчүн ар кандай тиркемелерди жана куралдарды колдонууну үйрөндүм. Мен ошондой эле социалдык тармактарда жарнамалоонун эффективдүү стратегияларын жана мобилдик платформалар аркылуу аудиторияны тартуу ыкмаларын билип калдым. Бирок эң негизгиси, мен коммуникация, лидерлик жана ынандыруу жаатындагы көндүмдөрүмдү өркөндөтүп, бекемдедим.”

Ошентип Балкыял мобилография боюнча эффективдүү курстарды изей баштаган, бирокалардын баасы өтө кымбат эле. Күндөрдүн биринде ал “Youth of Osh” коомдук бирикмеси БУУӨПтүн каржылык колдоосу менен үч шаардын кыздарына санариптик кесипти үйрөнүүгө жардам берген “Санарип Айымдар” долбоорун ишке киргизип жатканы тууралуу кулактандырууну көрүп, дароо мобилография курсунан өткүсү келгенин билдирген анкетаны толтуруп жөнөтөт.

Окууну аяктагандан кийип Балкыял акыры маектешүүгө чакырылып, жаштыгына карабай ага мүмкүнчүлүк берилип, учурда идиш-аяк дүкөнүн жана стоматологиялык клиниканын социалдык тармактардагы баракчаларын алып барат.

“Күнүнө бир нече саат СММ менен алектенип, мен ата-энемден каржылык жактан көз карандысыз болуп калдым, бул мага чоң канааттануу жана эркиндик алып келет.

Баардык кыздарга кеңешим – үйрөнгүлө, өнүгүп, заман агымынан артта калбагыла. Санариптик кесиптерди изилдегиле, анткени алардын келечеги бар жана көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.” 

 

 

Санарип Айымдар долбоору Россия Федерациясынын каржылык колдоосу
менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын долбоору алкагында «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.