Борбордук Азиядагы лидер аялдардын диалог аянтчасынын отуруму санариптик, социалдык жана экологиялык инновациялар боюнча идеяларды жактоо жөнүндөгү чечкиндүү билдирүүлөр менен аяктады

2024-ж., 23-May

Бишкек, 2024-жылдын 23-майы – Бүгүн “Борбор Азия аялдарынын диалогу” отурумунун иши ийгиликтүү аяктады. “Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасындагы аялдардын ролу: санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүү үчүн лидерлик” аттуу темага арналган бул иш-чарага бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнөн келген лидер аялдар катышты. Алар мындай өтө маанилүү чөйрөлөрдөгү аялдардын ролун бекемдөө идеясын жактоо стратегиясын аныктап алуу максатында иш алпарышты.  

Борбордук Азиядагы лидер аялдардын диалог аянтчасы 2020-жылдын декабрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП), БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору (БУУ БАПДРБ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча түзүмү (БУУ-Аялдар) тарабынан уюшулган. Аянтча региондогу аялдардын олуттуу саясий, экономикалык жана социалдык ролдорду аткарууга жетишүүсүнө колдоо көрсөтүү аркылуу алардын тынчтык, стабилдүүлүк, туруктуу өнүгүү жана регионалдык кызматташтык маселелери боюнча чечим кабыл алуу процесстерине ишенимдүү таасир этүүсүн камсыздоо максатын көздөйт. 

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өнөктөштүктө жана БУУӨП, БУУ БАПДРБ жана БУУ-Аялдардын Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган. Диалог аянтчасынын отурумуна Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары жана алардын орун басарлары, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Жамиля Исаева айым, Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева айым, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Дания Еспаева айым, Түркмөнстандын Меджлисинин Илим, билим, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сайидова айым, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдардын жана үй-бүлөнүн иштери боюнча комитетинин төрайымынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода айым катышты.

Бул отурум Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы лидер аялдардын диалог аянтчасында 2024-жылга карата төрагалык милдетин аркалап баштагандыгын билдирген иш-чара болуп калды. Кыргыз Республикасы жалпы региондо гендердик теңчиликти бекемдөө жана аялдардын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоо жаатындагы регионалдык деңгээлдеги жамааттык иш-аракеттерди колдоого умтула тургандыгын белгиледи. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогунда Кыргыз Республикасынан төрагалык кылган Джамиля Исаева аялдар туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүдө негизги ролду жаратарын, ал эми белгилүү болгондой ТӨМдүн бардык 17 максаты мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо-тиричиликтин артыкчылыктуу чөйрөлөрүн өзүнө камтый тургандыгын белгиледи. "Глобалдык санариптештирүү жана климаттык көйгөйлөр менен күрөшүү доорунда аялдардын негизги тармактык багыттарга катышуусуна көмөк көрсөтүү зарыл. Аялдар климаттын өзгөрүшүнө эң алсыз гана болбостон, улуттук климаттык максаттарга жетүү үчүн маанилүү катышуучу болуп саналат. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү адилеттүүлүк гана эмес, экономикалык жактан да гүлдөп өнүгүү маселеси болуп саналат", - деп белгиледи Джамиля Исаева.

Диалог аянтчасынын отуруму жандуу талкууну, стратегиялык пландоонун натыйжалуу сессияларын камтып, аларга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн – Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын парламентарийлери, мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн лидерлери жана эксперттери катышты. Иш-чаранын катышуучулары аялдардын лидерлиги региондогу экономикалык инновацияларды илгерилетүүдө жана туруктуулукка көмөктөшүүдө маанилүү экендигин баса белгилешти. 

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: «Борбордук Азиядагы лидер аялдардын диалог аянтчасы гендердик теңчилик жаатындагы регионалдык кызматташтыктын жаңы деңгээлин көрсөтүп берди. Аялдардын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн санариптик, социалдык жана экологиялык чөйрөлөрдө кеңейтүү аркылуу биз экономикалык өсүштүн туруктуу өнүгүүсүндөгү кеңири, азырынча өздөштүрүлө элек дараметти ачып жатабыз».

“Талкууланып жаткан санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтуу үчүн аялдардын лидерлиги багытындагы тема актуалдуу жана эч кимди кайдыгер калтырбайт. Борбор Азия аймагындагы мамлекеттерде мурдагыга караганда мыйзам чыгаруу жаатында аялдадын кызыкчылыгы көбүрөөк көтөрүлүп жатат. Үй-бүлөлүк зомбулук, гендердик тенчиликке байланыштуу реформалар ишке ашырылып келүүдө. Алардын бири Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы жолу үй-бүлөлүк зомбулукту криминалдаштарды. Бул башка өлкөлөр үчүн жакшы мисал болуп берди. Биз бул көйгөйдү чечпей туруп, аялдардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча сөз кылууга мүмкүн эмес”,- деди Танзила Нарбаева.

Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Дания Еспаева салттуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө аялдардын санариптик, социалдык экономикалык багыттарын илгерилетүүдөгү ролуна токтолду. “Бүгүн биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын экономикалык абалын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганы келдик. Казакстанда биринчи кезекте аялдардын экономикалык ролун жогорулатуу багытында чакан орто ишкердик чөйрөсүнө колдоо көрсөтүлүп, учурда бул тармакта алардын орду  40%га жетти. Өзгөчө аял ишкерлигин колдоо багытында өлкөбүздө 19 борбор ишке берилип,  9 минге жакын айымдар түрдүү кызматтарды алышты. Мындан тышкары аял ишкерлигин колдогон ар кандай программалар да ишке ашууда”,- деди Дания Еспаева. 

Ал эми жыйындын жүрушүндө Түркмөнстан Межилисинин Илим, билим берүү, маданият жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова: “Гендердик тенчилик аялдардын туруктуу өнүгүү максаттарынын бири болуп саналат. Түркмөнстанда илимий негизделген инновациялык саясаттын негизинде мамлекеттер ичинде аялдарга түрдүү ар багыттуу колдоолор көрсөтүлүп келет. Биздин өлкөдө да аялдардын илимий техникалык дараметин жогоруталуу, инновациялык технологиялар менен камсыздоо жана илгерилетүү боюнча иш аракеттер жасалууда”,- деди ал. 

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын жыйынына видео конференция режиминде катышкан Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода жогорку уюшкандыкта, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтүп жаткан жыйын үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстанда аялдардын социалдык-экономикалык дараметин жогорулатуу багытында жасалып жаткан иштерге токтолду. “Инновация, санариптик технологиялар аялдардын турмуштук жашоосуна өз таасирин тийгизет, анткени илим, билим берүү жана соода тармактарында алардын орду салмактуу. Тажикстандын Президентинин аялдардын статусун жана ролун жогоруталуу жарлыгынын алкагында өлкөдө бир катар иш аракеттер жасалып жатат”,- деди Фируза Нуруллозода.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик саясат жаатындагы көптөгөн маселелерди камтыган бир катар сунуштамалар иштелип чыкты. Бул сунуштамалар регионалдык кызматташтыкка көмөктөшүүгө, аялдардын санарип, креативдүү жана жашыл экономика жаатындагы демилгелерине колдоо көрсөтүүгө багытталган чараларды илгерилетүү максатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саясий жетекчилигине жөнөтүлмөкчү. 

Мамлекеттик органдар менен бейөкмөт институттар үчүн аял ишкерлер менен инноваторлорду колдоого багытталган конкреттүү шаймандарды ишке киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты. Алардын катарында Борбордук Азиянын Аялдар демилгелери фондун түзүү идеясы да бар. 

Диалог аянтчасынын отурумунун жүрүшүндө бир катар лидер аялдар менен инноватор ишкер айымдар тарабынан учурдагы жана болочок демилгелер, иштешүүнүн түйүндөрү менен аянтчалары жөнүндө маалымат берилди.  Аткарылып жаткан иштер туурасындагы маалымдуулукту жогорулатуу кызматташтык боюнча жаңы жамааттык долбоорлордун жаралышына жана аларды ишке ашырууга катышкандардын чөйрөсү кыйла кеңейишине көмөктөшөт.

Отурумдун жүрүшүндө инновациялардын өтө маанилүү жааттарына көңүл буруп, басым жасаган үч тематикалык сессия өткөрүлдү. 

Динара Ашымова айым модераторлук кылган жана «Жашыл экономика» темасына арналган сессиянын жүрүшүндө аялдардын социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүүдөгү ролу изилденди. Баяндамачылар аялдардын климаттын өзгөрүшүнөн улам жаралып жаткан чакырыктар эске алынган туруктуу практикалар менен жашыл технологияларга кошуп жаткан салымын баса белгилешти. 

«Креативдүү экономика» темасына арналган сессиянын жүрүшүндө Айсулуу Мамашова айымдын модераторлугу алдында креативдүү тармактар жаатындагы инноватор аялдарды жана кол өнөрчүлүктү өнүктүргөн уз аялдарды колдоо стратегиясы талкууланды. Талкууда креативдүү кластерлер менен лабораторияларды түзүп, аларды колдоого алуунун эсебинен жергиликтүү өнүгүүгө болгон инновациялык мамилени калыптандыруу жана буга көмөкчү боло турган чөйрөнү түзүү маселелерине басым жасалды. 

«Санарип экономика» сессиясы Лейла Лурова айымдын модераторлугу алдында өттү жана аялдардын санарип чечимдерге катышуусун чыңдоо маселесине арналды. Мында санарип трансформация, электрондук коммерция, каржы технологиялары жана экологиялык маселелерди чечүү үчүн санарип шаймандарды ишке киргизүү сыяктуу темалар талкууга алынды.

Ошондой эле Диалог аянтчасынын 2024-жылга карата Иш-аракеттер планы бекитилди. Аталган планда артыкчылыктуу багыттар менен стратегияларга негизги көңүл бурулду.  Алардын катарында «ЭКСПО-2024» регионалдык көргөзмөсүнө даярдык көрүү милдети да бар. Анын жүрүшүндө Борбордук Азиянын социалдык-экономикалык өнүгүшүн тездетүү үчүн инновацияларды сунуштаган ишкер аялдарга көңүл бурулмакчы. 

 

БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ЛИДЕР АЯЛДАРДЫН ДИАЛОГ АЯНТЧАСЫ 

2020-жылдын декабрында түзүлгөн учурдан тартып Диалог аянтчасында төрагалык кылуу милдети ушул региондогу көрүнүктүү жана белгилүү бир катар лидер аялдар тарабынан кезек-кезеги менен ишке ашырылып келди. Төрагалык кылуунун ар бир өлкөлүк циклы бул Диалог  аянтчасынын аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык ролун жана алардын чечим кабыл алуу процессине таасир этүүсүн бекемдөө максатындагы миссиясын  илгерилетүүдө маанилүү роль ойноду. 

2021-жылы алгачкы, инаугурациялык төрагалык циклы Өзбекстан тарабынан ишке ашырылган. Анын жүрүшүндө регионалдык кызматташтыкка көмөктөшүү жана гендердик маселелер менен перспективаларды улуттук стратегияларга интеграциялоо жаатында олуттуу прогресс ырасталган. 2022-жылы төрагалык кылуу кезеги Казакстанга келип, анын жүрүшүндө санарип инклюзияга жана аял ишкерлерди инновациялык программалар аркылуу колдоого басым жасалган. 2023-жылы Тажикстан төрагалык кылган мезгилде экологиялык туруктуулуктагы жана тынчтык куруудагы аялдардын лидерлигин чыңдоого өзгөчө көңүл бурулган. Төрагалык кылуунун ар бир кийинки циклы ага чейинки аткарылган иштердин ийгилигин арттырып, Диалог аянтчасынын жалпы миссиясына салым кошуп, гендердик теңчилик жаатындагы регионалдык демилгелерди ырааттуу илгерилетип келүүдө. 

БУУӨП ЖӨНҮНДӨ:

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) БУУнун глобалдык өнүгүү түйүнү болуп саналат, ал өлкөлөргө адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн билим, тажрыйба жана ресурстарды берүү аркылуу өзгөрүүлөрдүн болушуна көмөктөшөт. 

Байланышуу үчүн маалымат: Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтүн коммуникация боюнча адиси, ainagul.abdrakhmanova@undp.org