Кастык тилине каршы эл аралык күнүнүн алкагында кастык тили маселелери боюнча улуттук көп тараптуу консультация өкмөттү, IT-компанияларды жана жарандык коомду Бишкекте бириктирмекчи

2024-ж., 26-June
UNESCO Kyrgyzstan

Бишкек, 2024-жылдын 26-июну – Кастык тилине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата ЮНЕСКО жана БУУӨП кастык тилинин көйгөйлөрүн чечүү боюнча Улуттук көп тараптуу коалициянын консультациясын өткөрүштү. Анда жеке саясий жана техникалык-методологиялык чечимдерди иштеп чыгуу зарылдыгы баса белгиленди. Иш-чара пикирин эркин билдирүү чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды илгерилетүү, санариптик модерация жана ченемдик-укуктук база аркылуу натыйжалуу улуттук чараларды түзүүгө жана улуттук потенциалды өнүктүрүүгө жардам берүүгө багытталды.

Кыргыз тилдүү социалдык тармактардагы контенттердеги кастык тилинин көйгөйлөрүн чечүү боюнча көп тараптуу консультация Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Борбордук Азиядагы медиа-консалтингди өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, Президенттин Аппаратынан, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, "Манас" КТУдан жанаДевКурултай, Urban Eyes, Жогорку технологиялык паркы IT компанияларынан, медиа коомчулугунан, ошондой эле БУУнун агенттиктеринен 30дан ашык өкүл катышты.

Улуттук талкуулар жана консультациялар кыргыз тилиндеги кастык тилин аныктоонун бирдиктүү методологиясын жана аны интернетте жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн аныктоонун кыймылдаткыч күчү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев кастык тилине каршы күрөшүү боюнча төмөнкүдөй пикир билдирди: “Кастык тилине каршы күрөшүүдө ар бир адамдын жоопкерчилигин белгилеп кетүү керек. Бул маселе боюнча өкмөт, IT-компаниялар, ЖМКлар жана жарандык коом биргеликте иш алып баруусуна колдоо көрсөтүү керек”.

ЮНЕСКОнун Алматыдагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн директору Амир Пирич кастык тили адам укугун бузууда дейт: “Тилекке каршы, бүгүнкү күндө кастык тили өтө тездик менен жайылууда. Ал адам укугун бузуп, жалпы социалдык биримдикке доо кетирүүдө. ЮНЕСКО кастык тилине билим берүү, ЖМК жана маалыматтык сабаттуулук аркылуу глобалдык жана улуттук деңгээлде каршы аракет кылууда. Ошондой эле пикирин эркин билдирүүнүн эл аралык стандарттарын илгерилетүүдө».

Кастык тили социалдык биримдикке, адам укуктарына жана өнүгүүгө олуттуу коркунуч келтирет. БУУӨП инклюзивдүү башкаруу, адам укуктарын коргоо жана тынч, адилеттүү жана инклюзивдик коомдорду куруу боюнча өзүнүн кеңири ыйгарым укуктарынын алкагында кара санатай сөздөр маселелери менен иш алып барууда.

«Кастык тилине каршы күрөшүү инклюзивдик жана тынч коомдорду курууда чечүүгө мааниге ээ. БУУӨП пикирин эркин билдирүү адамдардын аброюн сыйлоо менен айкалышкан чөйрөнү куруу үчүн өкмөттөр, жарандык коомдор жана жеке секторлор менен кызматташууга умтулат. Бул консультация Кыргызстанда жекеликти коргоо жана социалдык биримдикке көмөктөшүүчү улуттук стратегияларды жана техникалык чечимдерди иштеп чыгууда маанилүү кадам болуп саналат», - дейт Александра Соловьева.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев төмөнкүлөрдү баса белгилеп өттү: “Кастык тилине каршы күрөш абдан маанилүү жана бүгүнкү бул талкуу биздин зордук-зомбулукка каршы жана тынч баяндарга болгон умтулуубузду бекемдөөгө жардам берет”.

Мониторинг жүргүзүү, талдоо жана интернеттеги зыяндуу контенттердин кесепетин азайтуу үчүн санариптештирүү жана технология алдыңкы шаймандарды камсыз кылуу менен кастык тилине каршы күрөшүүдө негизги ролду ойнойт. Жасалма интеллекттин жана машиналык үйрөнүүнүн аркасы менен кастык тилинин үлгүлөрү реалдуу убакытта аныкталып, бул ыкчам аракет кылууга жана контентти модерациялоого мүмкүндүк берет.

Urban Eyes компаниясынын инженер-программисти жана DevKurultay'дын негиздөөчүсү Мурат Жумашев мындай деп белгилеп кетти: «Кастык тили маселелери боюнчамаалыматтар топтомун, критерийлерин жана сөздүгүн биргеликте түшүнүү жана аныктоо үчүн технологиялык, социалдык медиа компаниялары жана өкмөт тез арада чогулуп, жасалма интеллектти андан ары жөнгө салуу маселелери боюнча өнөктөштүк мамиле түзүүсү зарыл».

Мурунку жылдары БУУӨП IT-чечимдер, ЖМКлардагы кампаниялар жана маалымат продуктулары аркылуу кастык тили маселелеринин алдын алууга жана чечүүгө ылайыкталган жекече ыкмалардын үстүндө иштеген.

Консультация БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып, БУУнун Өнүктүрүү программасы, ЮНЕСКО, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынынбашкармалыгы тарабынан ишке ашырылып жаткан жана «Социалдык биримдиктин кызыкчылыгы үчүн улуттук потенциалды жана жарандык коомду бекемдөө» долбоорунун алкагында өттү.

Мы помогаем странам разрабатывать эффективную политику, развивать навыки, партнерские отношения и институты, чтобы они могли поддерживать достигнутый прогресс.

БУУӨП тууралуу:

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) – адилетсиздикти жакырчылыкты, теңсиздикти жоюу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкөн БУУнун уюму. 170 өлкөдө эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштешип, биз өлкөлөргө адамдар жана планета үчүн узак мөөнөттүү комплекстүү, чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. БУУӨПтүн миссиясы – жакырчылыкты жоюу жана планетаны коргоо. Жетишилген прогрессти улантып кетиши үчүн биз өлкөлөргө көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, натыйжалуу саясатты, өнөктөштүк мамилелерди жана институттарды иштеп чыгууга жардам беребиз.

ЮНЕСКО тууралуу:

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму (ЮНЕСКО) – Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият тармагында эл аралык кызматташтык аркылуу планетадагы тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө арналган адистештирилген мекемеси. ЮНЕСКОнун программалары БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2015-жылы кабыл алынган, 2030-жылга чейинки күн тартибинде аныкталган Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө салым кошот. Уюм ар бир бала жана жаран сапаттуу билимге, бай маданий жашоого жана илимий прогресстин артыкчылыктарына жетүүсүн камсыз кылууга умтулат.

ЖМК үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

Nurzhan.alymkanova@undp.org