БУУӨП мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду жана ишенимди бекемдөөгө көмөктөшүүдө

2024-ж., 20-May

 

Раззаков, 2024-жылдын 21-майы – БУУӨПтүн жардамы менен Кыргызстанда «Тынчтык курууда Лейлек районунун жаштар, аялдар жана аксакалдар кеңештеринин ролун жана катышуусун күчөтүү, жана Лейлек районунун жаштары, аялдар менен аксакалдардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү» диалог мейкиндиши уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, 9 айыл аймагынын жана Сүлүктү менен Раззаков шаарларынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

БУУӨП жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн негизги кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташтыкты жана диалогду арттырууга умтулат. Диалогдук аянтча Лейлек районунун экономикалык, социалдык жана экологиялык көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулоого, ошондой эле аялдардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун жогорулатууга жана облустун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында социалдык биримдикти жана коопсуздукту чыңдоого мүмкүнчүлүк түздү.

Камила Талиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты: «Лейлек районунда климаттын өзгөрүүсүнүн таасири, жакырчылык деңгээлинин жогорку көрсөткүчтөрү жана эмгек миграциясы, чек арадагы жамааттардын кыйынчылыктары сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрүн биргелешип чечүүнүн потенциалдуу жолдорун издөөдө, албетте, коомдук аксакалдар кеңештери, аялдар жана жаштар комитеттери чоң роль ойнойт. Жаштар, аялдар жана карыялар жергиликтүү жарандык коомдун негизин түзөт».

«Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан жамааттарындагы социалдык биримдик аймактын туруктуулугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүнүн негизги фактору болуп саналат. БУУӨП бардык тургундардын ынтымактуу жана бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн ар кыл топтордун ортосундагы ишенимди жана кызматташтыкты чыңдоого күч-аракетин жумшоодо», - деп БУУӨПтүн программалык адиси Акин Бакиров билдирди.

Учурда БУУӨП социалдык биримдикти чыңдоого багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын негизги максаты – социалдык-экономикалык жана гуманитардык маселелерди чечүүдө өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты активдештирүү аркылуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле жарандык коомдун ортосундагы ишенимди бекемдөө. Чечимдерди кабыл алууга жарандардын активдүү катышуусу башкаруунун ачык-айкындуулугуна жана отчеттуулугуна өбөлгө түзөт жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жогорулатат.

Долбоор жергиликтүү өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине жарандарды активдүү тартууга көмөктөшүүчү тренингдик иш-чараларды өткөрүү жана диалог үчүн аянтчаларды түзүүнү камтыйт.

***

БУУӨП ар кыл катмардагы адамдар менен иш алып барат, жана алар кризистерге туруштук бере ала турган өлкөлөрдү курууга жардам берип, ар бир адамдын жашоо сапатын жакшырткан өсүшкө дем берип, колдоо көрсөтөт. 170тен ашык өлкөдө жана аймактарда иш алып баруу менен биз глобалдык көз карашты жана адамдардын канааттандырарлык жашоосуна көмөктөшүүчү жергиликтүү чечимдерди сунуштайбыз жана мамлекеттердин туруктуулугун бекемдейбиз.

Иш-чаранын фотолору: https://flic.kr/s/aHBqjBrkzn 

ЖМК үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси nurzhan.alymkanova@undp.org