БУУӨП Кыргыз Республикасына маалыматка жеткиликтүүлүктү илгерилетүүдө көмөктөшүүдө

2024-ж., 8-July

Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында БУУӨП Юстиция министрлигине «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө – мыйзамдын жаңы редакциясы» темасында мамлекеттик органдар үчүн бир катар тренингдерди өткөрүүдө эксперттик жана методикалык жардам көрсөтөт

Нуржан Алымканова, БУУӨП Кыргызстан

Бишкек, 8-июль 2024-жыл - БУУӨП маалыматка жетүү маселесин илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүдө.

Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында БУУӨП Юстиция министрлигине «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө – мыйзамдын жаңы редакциясы» темасында мамлекеттик органдар үчүн бир катар тренингдерди өткөрүүдө эксперттик жана методикалык жардам көрсөтөт. Окутуунун максаты – министрликтердин жана ведомстволордун, Жогорку Соттун, Акыйкатчы институтунун, Президенттин Аппаратынын жана Жогорку Кеңештин кызматкерлерине Мыйзамдын негизги жаңылыктары жана аны колдонуу тартиби жөнүндө маалымат берүү.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Мыйзамына 2023-жылдын 29-декабрында кол коюлган, ал 2024-жылдын 12-июлунда күчүнө кирет. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын масштабдуу инвентаризациялоонун алкагында ар бир жарандын Мыйзамда аныкталган маалымат ээлеринин карамагында турган маалымат алуу укугун ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Мыйзамдын негизги максаттары мамлекеттик органдардын ишинде маалыматтын эң жогорку деңгээлдеги ачыктыгына, маалымдуулугуна, айкындуулугуна жетишүү болуп саналат.

Мыйзамдын негизги концептуалдык жаңылыктарына төмөнкүлөр кирет:

  • Жеткиликтүүлүгү чектелиши мүмкүн болбогон маалыматтардын толук тизмесин бекитүү;
  • Маалымат берүүдөн баш тартууга даттануунун альтернативдүү тартибин киргизүү;
  • Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө аркылуу маалымат алуу укугунун кепилдиги.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн  Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Юстиция министрлигинин демилгесин маанилүүлүү деп белгиледи: "Маалыматка жетүү демократиялык башкаруунун жана туруктуу өнүгүүнүн ачкычы болуп саналат. Бул демилге натыйжалуу жана инклюзивдик мамлекеттик институттарды түзүүгө, жарандар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт. ачык-айкындуулук жана отчеттуулук аркылуу мамлекетти өнүктүрүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн маанилүү ролду ойнойт”.

Иш-чаралар БУУӨПтүн «Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулук боюнча күч-аракеттерди чыңдоо» долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда.

БУУӨП тууралуу:

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) – адилетсиздикти жакырчылыкты, теңсиздикти жоюу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкөн БУУнун уюму. 170 өлкөдө эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштешип, биз өлкөлөргө адамдар жана планета үчүн узак мөөнөттүү комплекстүү, чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. БУУӨПтүн миссиясы – жакырчылыкты жоюу жана планетаны коргоо. Жетишилген прогрессти улантып кетиши үчүн биз өлкөлөргө көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, натыйжалуу саясатты, өнөктөштүк мамилелерди жана институттарды иштеп чыгууга жардам беребиз.


ЖМК үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси Nurzhan.alymkanova@undp.org