«Борбордук Азиядагы адаптациялык пландоо жана адаптациялык каржылоо: 29-Тараптардын Конференциясына карай жол»

2024-ж., 26-September

Бишкек, 26-сентябрь 2024 – 2024-жылдын 25-26-сентябрында, 29-Тараптардын Конференциясына даярдык көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана БУУӨП биргеликте адаптациялык пландоо жана климаттык каржылоо маселелерине арналган Регионалдык конференция өткөрүштү. 

Бул иш-чара Борбордук Азиядагы климаттык кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган негизги аянтча болуп калды. Конференциянын негизги максаттарынын бири – 2024-жылдын ноябрында Бакуда, Азербайджанда өтө турган маанилүү сүйлөшүүлөргө чейин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жалпы көз карашын жана позицияларын талкуулоо болду.

Борбордук Азияда климаттык коркунучтар улам айкын болуп жатат, жана климаттын өзгөрүшү буга чейин эле аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу таасир берүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү белгилегендей, Борбордук Азия өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу чек аралык климаттык тобокелдиктерге туш болууда, бул болсо регионалдык деңгээлде биргелешкен аракеттерди жана координацияны талап кылат. 

«Биз климатка байланыштуу натыйжалуу, координацияланган жана жакшы каржыланган иш-аракеттерди талап кылышыбыз керек. Адаптация жана туруктуулук биздин тиричилигибиздин негизги шарты», – деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов.

a person wearing a suit and tie, giving his speech in front of a mic
БУУӨП / Кыргызстан

КР Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев: «Биз экономикабызды, айыл чарбабызды, суу ресурстарын жана калкыбызды климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине даяр кылуу максатында Улуттук адаптациялык планды финалдап жатабыз. Бул план Кыргызстан үчүн өтө маанилүү, анткени бизде тоо экосистемалары өзгөчө алсыз», – деп белгиледи.

БУУӨП өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө Улуттук максаттуу салымдар, Улуттук адаптациялык план (УАП) жана көмүртектин нейтралдуулугу стратегиясын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүдө. Ошондой эле БУУӨП 2025-жылга чейинки Улуттук максаттуу салымдар жана тоо экосистемаларын глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдө коргоо аракеттерин колдоп келет.

«Климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана кызматташууну илгерилетүү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн климаттык кыйынчылыктарга каршы күрөштөгү биримдигин жана биргелешкен чечимдерге болгон берилгендигин баса белгилейт», – деп айтты БУУӨПтун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

a person standing in front of a mic and giving her speech
БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨПтун флагмандык глобалдык демилгеси «Климаттын келечеги» 120дан ашуун өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга, Париж макулдашуусу боюнча климаттык милдеттенмелерин аткарууга жардам берүүдө.

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын 2023-жылдагы Глобалдык инвентаризациясынын жыйынтыгына ылайык, бардык өлкөлөргө 2025-жылдын аягына чейин улуттук адаптациялык пландарды иштеп чыгып, 2030-жылга чейин аларды ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишүү сунушталды. Борбордук Азия өлкөлөрү – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан – өздөрүнүн улуттук адаптациялык пландарын иштеп чыгуу боюнча ар кандай баскычтарда турушат. Бул конференцияда адаптациянын негизги багыттары катары айыл чарба, энергетика, курулуш, саламаттыкты сактоо, туризм, биоартүрдүүлүк, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу сыяктуу секторлор белгиленди. 

«Климаттын начарлашына байланыштуу эффективдүү улуттук жана аймактык адаптациялык пландар коомчулуктар үчүн өтө маанилүү. Бирок бул пландар жетиштүү каржылык ресурстарды талап кылат. COP29 адаптациянын артыкчылыктарын аныктоо жана каржылоону камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт», – деп билдирди Антье Граве, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору.

Конференция Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн, эл аралык уюмдардын жана дүйнөлүк эксперттердин өкүлдөрүн чогултту. Катышуучулардын арасында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын улуттук байланыштуу жактары, эл аралык климаттык каржылоо өкүлдөрү, ар кайсы министрликтерден жана улуттук институттардан келген адаптация жана климаттык каржылоо боюнча эксперттер, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү болду. Иш-чарага эл аралык уюмдардын глобалдык эксперттери жана көз карандысыз техникалык адистер да катышты.

Динара Ашимова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Бизге айыл чарбасы, суу ресурстарын башкаруу жана кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча адаптациялык чараларды колдоо үчүн каржылык механизмдерди камсыз кылуу керек. Аялуу коомчулуктардын адаптацияланып, өнүгүшү үчүн зарыл колдоолорду алуусун камсыз кылышыбыз керек».

a group of people sitting in chairs
БУУӨП / Кыргызстан

Конференция улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлде климаттык каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа болуп кызмат кылды. Иш-чаранын негизги максаттарынын бири Борбордук Азиянын 29-Тараптардын Конференциясындагы жаңы коллективдүү каржылоо максаты (NCQG) жана ачыктык системасын күчөтүү боюнча жалпы позициясын иштеп чыгуу болду.

Конференция климаттык максаттарга жетүү үчүн каржылык механизмдердин маанилүүлүгүн, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча чаралардын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн чечүүчү ролду ойноорун баса белгиледи.