Айым балчылар : гендердик теңчиликке кошкон салымы

2024-ж., 16-October
three women beekeepers standing in the grass and looking each other. Many bee houses are in their background.

 

Жыл сайын 15-октябрда Эл аралык айыл аймагынын аялдары күнү белгиленет. Бул күн айыл чарбасында эмгектенген аялдардын маанилүү ролун жана алардын азык-түлүк өндүрүшүнө жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын баса белгилейт. Аялдардын мындай ролуна ачык мисалдардын бири —балчылык ишмердүүлүгү. Бул тармакта аялдар өзгөрүүнүн лидерлерине айланып, гендердик теңчиликке карай чоң кадам таштап жатышат.

Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) "Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоору бал тармагындагы кошумча нарк чынжырын чыңдоо багытында иш алып барууда. Долбоордун маанилүү аспектиси гендердик тоскоолдуктарды жеңип өтүү жана аялдар менен аялуу топторду, айрыкча айыл жергесиндеги аялдарды колдоо болуп саналат. Долбоордун алкагында Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарында эки жылдын ичинде аарычылык тармакта 100 туруктуу жумуш орундарын түзүү пландалууда, анын 50% аялдар үчүн камсыз кылынат.

Аарычылк ишмердүүлүгү көптөгөн маданияттарда күч жана чыдамкайлыкты талап кылган "эркек" кесип катары кабыл алынып келген. Бирок акыркы жылдары аялдар да бул тармакта ийгиликтерге жетишип, балчы болуу физикалык күчкө эмес, билимге, чыдамдуулукка жана табиятты сезүү жөндөмүнө көбүрөөк көз каранды экенин көрсөтүшүүдө.

two women in the green area. bee houses are in the background.

"Балдын кошумча нарк чынжыры" долбоорунун аял балчылары

БУУӨП / Кыргызстан

Эл аралык айыл аймагынын аялдары күнүнө карата биз долбоордун катышуучусу болгон аял балчыларынын ийгиликтуу окуяларын даярдадык. Алар балчылык ишмердүүлүгу алардын жашоосун кандайча өзгөрткөнүн айтып беришет.

"Мен сыяктуу көптөгөн айылдык аялдар үчүн бал аары менен иштоо киреше булагы болуп гана тим болбостон, экономикалык жактан көзкарандысыз болууга мүмкүнчүлүк берди. Ийгиликтүү пасека үй-бүлөнү бал, прополис жана башка пчеловоддук продукциялар менен камсыз кылат. Ошондой эле арычылык көп капиталдык салымды талап кылбагандыктан, бул ишмердүүлүк айыл жергесинде иш баштоону каалаган аялдар үчүн жеткиликтүү болуп саналат", – деп белгилейт Дилбара Муратова, Ысык-Көл облусундагы аял балчыларынын биринчи кооперативинин негиздөөчүсү.

a truck that is sitting in the grass

Дилбара Муратова – аял балчыларынын биринчи кооперативинин негиздөөчүсү.

БУУӨП / Кыргызстан

"Мен аары багууну чакан эле баштагам, бирок алган билимдерим жана тренингдеримдин жардамы менен пасекамды бир нече  уюлга чейин кеңейте алдым. Азыр мен чет өлкөлөргө бал экспорттойм. Өзгөчө мага энелик системаны киргизүү боюнча тренингдер пайдалуу болду, буларды мен долбоор аркылуу өттүм", – дейт долбоордун катышуучусу Анастасия Кузнецова.

a women beekeeper leaning on the bee house. She is standing outside in the nature.

Анастасия Кузнецова – долбоордун катышуучусу.

БУУӨП / Кыргызстан

"Мен көп нерсени интернет аркылуу үйрөндүм, бирок ПРООНдон алган жандуу тренингдер мага интернеттен таба албаган билимдерди берди. Мисалы, мен эми пасекаларды кантип туура жылытуу керектигин, аарылардын ооруларын алдын алуу жолдорун үйрөндүм. Жакынкы келечекте электрондук соода платформалары аркылуу бал сатууну пландап жатам. Долбоордун алкагында түзүлгөн модернизация механизмдери менен өндүрүш каражаттарын модернизациялоого мүмкүнчүлүк алдык", – деп белгиледи Наталья Соколенко, долбоордун катышуучусу.

Аялдар бал менен иштоодо жеке жетишкендиктердин жана айыл жергесиндеги туруктуу өнүгүүнүн символу болуп гана калбастан, эркектер үстөмдүк кылган экономикалык секторлордо гендердик теңчиликке жетишүүнүн мисалы болуп саналат. Аял пчеловоддордун ийгиликтери айыл чарбасын гендердик чектөөсүз, ар бир адам катышканда гана туруктуу өнүгүү мүмкүн экенин көрсөтөт.

a women beekeeper holding a bee frame outside.

Наталья Соколенко – долбоордун катышуучусу

БУУӨП / Кыргызстан

Эл аралык айыл аймагынын аялдары күнүндө биз бул аялдардын туруктуу өнүгүүгө жана жаратылышты коргоого кошкон салымын белгилеп жатабыз. Айылдык аялдар көп учурда чектелген ресурстар менен иш алып барып, билимге, саламаттыкты сактоо кызматтарына жана финансы булактарына жетүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушат. Ошентсе да, алар айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жана үй-бүлөлүк экономиканы сактоодо негизги роль ойношот.

Эл аралык айыл аймагынын аялдары күнү алардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоо жана глобалдык деңгээлде алардын маанилүү ролун белгилөө максатында өткөрүлөт.