Жаратман Жаштар Форуму жаңы демилгелерди башат болуп, социалдык биримдикти чыңдоодо

2024-ж., 29-October

26-октябрь, Бишкек – БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Жаратман Жаштар Форумун (Жаштар Форуму) чогу өткөрүп, Кыргызстан боюнча 900дөн ашык жаш ишкерлерди, стартаптарды жана лидерлерди бир аянтка чогултту. Бул иш-чара идеяларды жана демилгелерди алмашуу, жаңы бизнес байланыштарды түзүү үчүн маанилүү платформа болуп кызмат өтөдү. Форум Ош жана Караколдо мурда өткөрүлгөн жолугушуулардын сериясын жыйынтыктады.

Форумдун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири ишкердик жана бизнес жаатындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө болду, анда жаштар жана аялдардын ишкердиги, чыгармачыл индустриялар жана маалыматтык технологиялар аркылуу социалдык биримдикти чыңдоого көңүл бурулду. Форум ар бир катышуучу коомдун туруктуу өнүгүшүнө салым кошокон бизнес чөйрөнү түзүп, тоскоолдуктарды жоюуну көздөдү.

БУУӨП келечектен жаштардын пайдалануучулар гана эмес, санариптик өзгөрүүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнө айланышын  көрөт, айрыкча жасалма интеллект (AI) жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (ICT) чөйрөлөрүндө. Өнөктөштүктөр жана инновациялык долбоорлор аркылуу биз жаштардын өнүгүп келе жаткан технологияларды өздөштүрүүсүнө шарт түзүп, санарип дүйнөдө ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөр менен камсыздайбыз.

“Илим, технология жана глобалдык байланышуунун ылдам өнүгүүсү менен биз жаштарды жасалма интеллект (AI), маалыматтарды талдоо, чыгармачыл ой жүгүртүү жана психикалык ден соолукту колдоо жаатында көндүмдөр менен камсыздап жатабыз. Бул тармактар эртеңки экономиканы алып кете турган негизги күчтөр болот,” – деди Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу Өкүлү Александра Соловьева.

Иш-чарада ийгиликтүү ишкерлер жана коомдук лидерлер “Эффективдүү маркетинг жана илгерилетүү”, “Инвестицияларды тартуу”, “Команданы башкаруу”, “Бизнес санариптештирүү” жана “Социалдык биримдиктин негизги кыймылдаткыч күчү катары жаш ишкерликтин ролу” сыяктуу темалар боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Форумда мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо менен бирге инклюзивдүү жана экономикалык туруктуу өлкөнү түзүү үчүн инновациялык социалдык бизнеске басым жасалды. Ишкердик жана бизнес коомчулугу социалдык биримдикти күчөтүп, коомдун ар кандай түзүмдөрүндө өнөктөштүктү чыңдоочу факторлорду талдап чыкты.

“Биз лидерлер жана инновация жаратуучулар бири-бирин колдоп, идеяларды консолидациялап, чогу өсүү жана бирдиктүү коомду түзүү үчүн колдоо көрсөтө турган коомчулукту түзүүнү максат кылабыз,” – деди форумдун чогу уюштуруучусу Урмат Насыкулов. “Ар бир катышуучу маанилүү, жана биздин ишкердигибиздин жана жалпы коомдун келечегин аныктоо биздин колубузда.”

БУУӨП жаштар менен жакындан иш алып барып, насаатчылык жана көндүмдөрдү алмашуу аркылуу колдоо көрсөтөт. Жаш ишкерлер санариптик технология, туруктуу өнүгүү жана чыгармачыл индустриялар сыяктуу тармактарда ийгиликке жетүү үчүн зарыл тажрыйба жана байланыштарды түзө алышат.

Бул форум БУУӨПтүн жеке сектор менен өнөктөштүгүнүн күбөсү болуп, жаш ишкерлерге өсүү жана ийгиликке жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, туруктуу экосистеманы түзүүгө өбөлгө болду. Бизнес форум жаш ишкерлерди идеялар, билим жана шыктандыруу менен алмашууга бириктирип, биримдик, инновация жана социалдык биримдикти алып жүргөн коомду өзгөртүүгө салым кошту.