Кыргызстан климат жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча ТК-29 жана ТК-16дан кийин аракеттерди күчөтүүдө
2024-ж., 6-December
6-декабрь, Бишкек – Кыргызстан улуттук артыкчылыктарын илгерилетип, тоо экосистемаларын глобалдык климаттык жана биологиялык күн тартиптердин алкагында коргоо боюнча өзүнүн позициясын бекемдөөгө умтулууда. Климат боюнча Тараптардын 29-конференциясынан (ТК-29) кийин, Бакуда жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Тараптардын 16-конференциясынан (ТК-16) кийин, октябрда Колумбияда өткөн, өлкө өзүнүн жаратылыш жана климатка берилгендигин күчөтүп жатат. Бул Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурган маанилүү иш-чарада көрсөтүлдү.
Глобалдык тараптардын конференциялары климаттык кризис менен биологиялык ар түрдүүлүк кризисинин ортосундагы өз ара байланышты тастыктап, биргелешкен глобалдык аракеттердин зарылдыгын баса белгиледи. Кыргызстан климаттык тобокелдиктерди башкаруу, глобалдык маанилүү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттык иш-чараларды каржылоо боюнча инновациялык ыкмаларды көрсөтүп, тоолуу күн тартибин илгерилетүүдө лидерликти көрсөттү.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди:
«Климат жана биологиялык ар түрдүүлүк кризистери – бул бир монетанын эки тарабы. Кыргызстан тоо экосистемаларын жана глобалдык туруктуулукту коргоо боюнча чечимдерди илгерилетүүгө даяр.»
Бакудагы ТК-29да өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттык каржылоо боюнча жаңы максаттарга жетишүүдө пикир келишпестиктери менен карама-каршылыктарына карабастан, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу, адаптация, жоготуулар жана зыяндарды башкаруу, гендердик маселелер жана жаштардын климаттык саясатка катышуусу боюнча көңүл бурулду. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн, айрыкча, тоолуу аймактардагы климатка адаптация жана жоготууларды жоюу боюнча адилеттүү каржылоонун зарылдыгын баса белгиледи.
Атайын конок, Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси куттуктоо сөзүндө аймактагы мындай жогорку деңгээлдеги климаттык талкууну өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын делегациясынын кеңири өкүлчүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, ал гендердик өлчөм CoP-29 учурунда жакшы иштелип чыкканын белгиледи.
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев белгиледи:
«Кечигүүгө убакыт жок: 2030-жылга чейин чыгындыларды 45% кыскартуу, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушун токтотуу – бул биздин келечек үчүн жалпы жоопкерчилигибиз!»
Калида өткөн ТК-16 климаттык жана биологиялык күн тартиптерди интеграциялоонун зарылдыгын баса белгилеп, уникалдуу экосистемаларды,анын ичинде тоолуу экосистемаларды коргоого көңүл бурду. Бул Кыргызстан активдүү илгерилетип жаткан артыкчылыктуу багыт болуп саналат. ТК-16да Кыргызстан биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону климаттык саясатка жакыныраак интеграциялоо зарылдыгын белгилеп, «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» демилгесин бөлүп көрсөттү.
БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Александра Соловьева баса белгиледи: «Климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу – бул Кыргызстан үчүн абстракттуу түшүнүктөр эмес, бул – чыныгы турмуш чындыктары. Биз чогуу экосистемаларыбыздыгана бекемдебестен, келечек муундар үчүн туруктуу өнүгүүгө көмөктөшкөн чечимдерди иштеп чыгуудабыз.»
Иш-арада катышуучулар Кыргызстандын туруктуу келечеги боюнча комплекстүү көз карашты аныкташты. Алар климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу үчүн кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу масштабын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Климаттык туруктуулукту бекемдөө климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирлеринен аялуу жамааттарды коргоо үчүн абдан маанилүү экени таанылды. Мындан тышкары, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону алдыга жылдыруу адамдын бакубаттуулугу менен ден соолукта экологиянын ортосундагы өз ара көз карандылыкты таанып, жашоо каражаттарын жана экосистемаларды колдоо үчүн зарыл экени белгиленди.
БУУӨП жана башка өнүгүү боюнча өнөктөштөр Кыргызстандагы климат жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча аракеттерди глобалдык алкактар менен шайкештештирүүдө. Негизгидемилгелерге кайра жаралуучу энергия булактарын көбүрөөк пайдалануу, климаттык каржылоону тартуу, климаттык туруктуулукту бекемдөө жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо кирет. Бул өнөктөштүк климат жана биологиялык ар түрдүүлүк стратегияларын интеграциялоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстандын бардык жарандары үчүн туруктуу жана гүлдөгөн келечекти камсыз кылууну көздөйт.