Чыр-чатактардын алдын алуу жана тынчтык куруу жаатындагы улуттук потенциалды чыңдоо

Долбоордун аталышы

Чыр-чатактардын алдын алуу жана тынчтык куруу жаатындагы улуттук потенциалды чыңдоо: Жарандык коомдун ишенимди бекемдөө жана социалдык биримдиктеги маанилүү катышуусу.

Долбоор тууралуу кыскача: 

БУУӨПтүн демократиялык башкаруу жана тынчтык куруу жаатындагы аракеттери түздөн-түз социалдык биримдик маселелерине тиешелүү. Бул күн тартиби чыр-чатактардын алдын алууга, инклюзивдүү саясий процесстерге, эсеп берме башкаруу, зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана жаштар менен өз ара аракеттенишүүгө багытталган программаларды кучагына алат. БУУ-БУУӨП-ЮНЕСКО Тынчтык куруу фондунун ушул долбоору Кыргызстандагы туруктуулукту жана гүлдөп өсүүнү тынчтык, жамааттардын ортосунда өнүгүү жана туруктуулук контекстинде кызматташууну камсыздоо үчүн инфрастуруктура куруу жолу менен жогорулатууга багытталган. 

Долбоордун негизги максаты бир эле учурда социалдык биримдикти чыңдоо үчүн тынчтык куруу маселелери боюнча кызматташууга көмөктөшүү менен мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун ортосундагы ишенимди чыңдоого көмөктөшүү болуп саналат.

Долбоордун бенефициарларынын бири максаттуу жети жерде орун алган Коомдук консультациялык кеңештер (ККК) болуп саналат. ККК 2023-жылы Ош жана Жалал-Абад областтарындагы зомбулук чыр-чатактарына жооп катары 2013-2017-жылга карата элдин биримдигин жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча улуттук концепциянын алкагында түзүлгөн. Бул борборлор көп улуттуу калкы бар 23 райондо иштейт жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин астында аракеттенет. 

Долбоордун жыйынтыгы жана милдеттери:

Жыйынтык: топтор ортосундагы диалог, инклюзивдүүлүк жана отчеттуулук үчүн диалог жана комплекстүү аракеттердин негизинде чечимдерди кабыл алуу, мамлекеттик механизмдерди жакшыртуунун жардамы менен горизонталдуу жана вертикалдуу ишенимди бекемдөө.

1-милдет: Социалдык биримдиктин учурдагы чакырыктарына стратегиялык жооп кайтаруу үчүн Коомдук консультациялык кеңештердин (ККК) институционалдык алкактарын жана мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо жолу менен тынчтык үчүн узак мөөнөттүү жана туруктуу инфраструктураларды түзүү. 

2-милдет: Колдоо жана жамааттык аракеттерди жайылтуу, каржылоонун булактарын бириктирүү жана өнөктөштөр менен ККК тарабынан иштелип чыккан социалдык биримдиктин комплекстүү стратегияларын изилдөө аркылуу биргелешип имплементациялоо.

Жамааттык аракеттер, каржылоонун булактарын бириктирүү жана PCCS социалдык биримдиктин комплекстүү стратегияларына эксперимент жүргүзүү жана изилдөөнүн эсебинен колдоого алынып жана кеңейтилип жаткан өнөктөштөрдү биргелешип программалоо. 

Долбоордун узактыгы: 36 ай (январь 2023 – декабрь 2025)

Долбоордун географиясы:  Кыргызстан (Аламүдүн, Сокулук, Ош, Өзгөн, Баткен, Жалал-Абад, Раззаков)

БУУнун долбоорду жүзөгө ашырып жаткан агенттиктери: БУУӨП, ЮНЕСКО

Долбоордун өнөктөштөрү: Президенттин администрациясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; Ички иштер министрлиги,  Юстиция министрлиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы. 

Максаттуу бенефициарлар: жергиликтүү бийлик органдары, Коомдук  консультациялык кеңештер (ККК), коомдук кабылдамалар, жамааттарга негизделген жарандык коом уюмдары, коомдук лидерлер, жаштар жана аялдар уюмдарынын лидерлери, медиа уюмдар, билим берүү институттары

Тематикалык багыт: Тынчтык, сот адилеттиги жана эффективдүү институттар  

Долбоордун координатору: Мукаш Калдаров