
БУУӨП гранттык арыздарды кабыл алуу сынагын жарыялайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген бейөкмөт уюмдарды (БӨУ) чакан гранттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн арыз берүүгө чакырат.
Чакан гранттардын долбоорлоруна арыздарды кабыл алуу сынагы БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган БУУӨПтүн жана ЮНЕСКОнун “Чыр-чатактарды алдын алуу жана тынчтыкты куруу боюнча улуттук дараметти чыңдоо: ишенимди жана социалдык биримдикти чыңдоодо жарандык коомдун конструктивдүү катышуусу” долбоорунун (мындан ары - долбоор) алкагында өткөрүлүп жатат.
Долбоордун максаты мамлекет менен жарандык коомдун ортосундагы социалдык диалогдун деңгээлин жогорулатуу жолу менен вертикалдык ишенимди жана горизонталдык биримдикти бекемдөө болуп саналат. Долбоордун бенефициарлары болуп жети максаттуу калктуу конуштардагы Коомдук консультативдик кеңештер (мындан ары - ККК) саналат. ККК мурдагы Ош жана Жалал-Абад облустарында зордук-зомбулуктуу чыр-чатактарга жооп катары жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын алкагында 2013-жылы түзүлгөн. Райондук мамлекеттик администрациялардын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын алдындагы Этностор аралык мамилелер жана социалдык биримдик боюнча түзүлгөн бул ККК көп этностуу 23 райондордо жана шаарларда иштейт. ККК усулдук (методикалык) колдоо көрсөтүү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
Долбоордун милдети этностор аралык мамилелерден тышкары, алардын иш чөйрөсүн кеңейтүү үчүн коомдук консультациялык кеңештердин иштеп жаткан тармагын кайра карап чыгуу. Аларга социалдык бөлүнүүнүн ар кандай башка чөйрөлөрүндө биримдикти жакшыртуу багытында иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. Жамааттардын муктаждыктарын, нааразычылыктарын жана артыкчылыктарын чечүү үчүн ар кандай жарандык коомду жана ЖМК, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарын диалогго жана биргелешкен аракеттерге тартуу үчүн КККге ыйгарым укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү пландары каралган.
Долбоорду ишке ашыруунун максаттуу географиялык аймактары болуп саналат: Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондору, Ош шаары, Ош облусунун Өзгөн району, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Баткен облусунун Баткен жана Раззаков райондору.
Чакан гранттар долбоорлорунун максаты:
1) Социалдык биримдиктин түрдүү чөйрөлөрүндө, жарандык иденттүүлүк[1], сот адилеттүлүгүнө жетүү, адам укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү, медиация жана башка тармактарда иштеген бейөкмөт уюмдарына, жаштар жана аялдар уюмдарына колдоо көрсөтүү.
2) Социалдык биримдикти жана конструктивдүү коомдук диалогду алдыга жылдырууга тартылган медиа БӨУды, журналисттерди, жергиликтүү блогерлерди жана медиа коомчулуктун башка өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүү.
Чакан гранттар долбоорлорунун негизги милдеттери:
Социалдык биримдикти[2] чындоо боюнча демилгелерге көмөктөшүү;
Максаттуу аймактардагы жергиликтүү бийлик органдарына жана/же Этностор аралык мамилелер жана социалдык биримдик боюнча коомдук консультативдик кеңештерге болгон ишенимди бекемдөөгө багытталган иш чараларды[3] ишке ашырууга көмөктөшүү.
Чакан гранттар долбоорлорунун кошумча милдеттери:
Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда координацияны жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөктөшүү;
Коомчулуктардын инклюзивдүүлүгүн курууга көмөктөшүү (коомчулуктун бардык өкүлдөрүнүн катышуусу);
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, анын ичинде юридикалык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга көмөктөшүү;
Айлана чөйрөнү коргоону жакшыртуу;
Экономикалык ресурстарга жетүүнү жакшыртуу;
Чечимдерди кабыл алуу процессине аялдардын катышуусу;
СЭӨП пландоо[4];
СЭӨП ишке ашыруу;
Жергиликтүү деңгээлде гендердик зордук-зомбулукту алдын алуу;
Кыргыз жараны иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу;
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты концепциясын ишке ашыруу;
Жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу;
Аялдар, тынчтык жана коопсуздук жөнүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 Резолюциясын ишке ашыруу;
Экстримизмди алдын алуу;
Креативдүү индустрия.
Арызды ким бере алат?
Бул сынакка катышуу Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган жарандык коомдун бардык институттары (ассоциациялар, фонддор, илимий-изилдөө борборлору ж.б.у.с.) үчүн бирдей негизде ачык.
Социалдык биримдиктин, тынчтык куруунун түрдүү аспектилери менен алектенген БӨУ, анын ичинде жаштар жана аялдар уюмдары;
Медиа БӨУды, журналисттерди, жергиликтүү блогерлерди бириктирүүчү союздар.
Гранттын өлчөмү:
Долбоордун алкагында биржеке гранттык келишимдин суммасы 20 000 АКШ долларга чейин болушу мүмкүн, ал эми коалициялар үчүн гранттык келишимдин суммасы, анын ичинде өз ара байланышкан бир катар демилгелерди/иш-чараларды кошкондо 50 000 АКШ долларынан ашпоого тийиш. Административдик чыгымдар долбоордунжалпы бюджетинин 20%нен ашпоосу керек.
1-лот:
Максаттуу аудитория: 2024-2025-жылдары түзүлгөн, тынчтыкты курууга басым жасаган жана долбоордун максаттуу аймактарында иштеген уюмдар.
Гранттын суммасы: 10,000 АКШ долларынан ашык эмес.
Талаптар:
Уюм 2024-2025-жылдары каттоодон өтүшү керек.
Ишмердүүлүк социалдык биримдикти колдоого, тынчтыкты бекемдөөгө ж.б.у.с. багытталган болушу керек.
2-лот:
Максаттуу аудитория: Эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар БӨУ.
Гранттын суммасы: 20,000 АКШ долларынан ашык эмес.
Талаптар:
Расмий тастыкталган иш тажрыйбасы менен 2 жылдан кем эмес ишмердүүлүгү болушу керек.
Тынчтыкты, социалдык биримдикти бекемдөө жана чыр-чатактарды чечүү темасы боюнча 2ден кем эмес иш-чараларды ишке ашыруусу болушу керек.
3-лот:
Максаттуу аудитория: Уюмдардын консорциумдары
Гранттын суммасы: 50,000 АКШ долларынан ашык эмес.
Талаптар:
Ар бир уюмдун иш тажрыйбасы (кеминде 2 жыл)
Тынчтыкты бекемдөө, социалдык биримдик жана чыр-чатактарды чечүү темасы боюнча 4төн кем эмес иш-чараны ишке ашыруусу болушу керек.
Консорциум биргелешип иштөөнүн планын[5] берүүгө жана катышуучулардын ортосунда координациялоо жөндөмдүүлүгүн документалдык ырастоого тийиш.
Ишке ашыруу мөөнөтү:
Ишке ашыруу мөөнөтү – гранттык келишимге кол коюлган күндөн тартып 2ден 6 айга чейин. Жыйынтыктар 2025-жылдын сентябрынан кеч эмес көрсөтүлүшү керек.
БӨУгө карата талаптар:
Уюмдун юридикалык документтеринин болушу (Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоосу);
БӨУнун максаттуу аймакта катталганы же ушул коомчулуктарда жүргүзгөн иш тажрыйбасы;
Аталган багыттар боюнча тийиштүү иш-чараларды ишке ашыруу[6] тажрыйбасы (10 000 АКШ доллардан жогору турган гранттар үчүн акыркы 3 жылда[7] кеминде 2 иш-чара. Долбоордун максаттуу аймактарында ККК ишин ишке ашыруу үчүн атайын түзүлгөн уюмдар үчүн тажрыйба талап кылынбайт).
*Консорциумдар үчүн, аталган багыттар боюнча тиешелүү иш-чараларды ишке ашыруу тажрыйбасы (консорциумдагы уюмдардын ар бири үчүн экиден кем эмес иш-чаралар)
Зарыл документтер: Чакан грант долбооруна берүүчү арыздын формасы (шаблонду ушул шилтеме боюнча тапса болот): https://www.kg.undp.org/)
Юстиция министрлигинде юридикалык жакты каттоо жөнүндө кубөлүктүн көчүрмөсү;
Катышуучулар күтүлүүчү натыйжалардын баяндамасын (1-тиркеме), календардык планды (2-тиркеме) жана долбоордун бюджетин (3-тиркеме) берүүгө тийиш.
Сатып алынуучу жабдуулар үчүн кеминде 2 прайс-барак (сатып алуулар зарыл болгондо)[8].
Гранттар конкурстук негизде берилет, тажрыйбаны, сунуш кылынган демилгелерди жана алардын долбоордун максаттарына шайкеш келүүсүн баалоону эске алуу менен.
Гранттык арыздарды кабыл алуу сынагы жана талаптар жөнүндө толук маалымат БУУӨПтүн ушул сайтында жеткиликтүү: https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/en/home/procurement.html
Гранттык арыздарды жана тиешелүү документтерди 2025-жылдын 4-апрелинде саат 12:00гө чейин (гранттык арыздардын биринчи агымы) жана 2025-жылдын 18-апрелинде саат 12:00гө чейин (гранттык арыздардын экинчи агымы) төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл grants.sc@undp.org.
Бардык өтүнүчтөрдү ушул электрондук дарек боюнча жөнөтүңүз grants.sc@undp.org.
Бул сынакка тиешеси жок башка өтүнүчтөр каралбайт.
[1] «Кыргыз Жараны» Жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясынын алкагындагы ишмердик
[2] Мамлекет жана жарандык коомчулуктун ортосунда социалдык диалогдун денгээлин көтөрүү аркылуу вертикалдык ишенимди да, горизонталдык биримдикти да бекемдөө.
Социалдык биримдик — бул коомдогу өкмөткө карата ишенимдин жана туруктуу тынчтыктын жалпы көрүнүшүнө жана өнүгүүнүн жалпы максаттарына жетүүдө коллективдүү катышууга каалоонун деңгээли. undp-cb_social_cohesion_guidance--conceptual_framing_and_programming_RU.pdf
[3] Бардык иш-аракеттер муниципалдык органдардын чечимдерди кабыл алуу процесси инклюзивдүү жана жоопкерчиликтүү деп эсептеген калктын пикиринин көрсөткүчтөрүнө тигил же бул жол менен таасир этүүгө тийиш. Буга чыр-чатактардын алдын алууга багытталган инклюзивдик стратегиялар/механизмдер киришимүмкүн; улуттук жана жергиликтүү деңгээлде коомдук келишимди бекемдөөгө багытталган аялдарга жана жаштарга басым жасоо менен жарандыккатышуу иш-чаралары.
[4] Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы.
[5] Уюмдар чакан гранттык ишмердиги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашууга тийиш. Эгерде сунуш тандоо этабынан өтсө, жолугушуулардын протоколдору суралат.
* коомчулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же айыл кеңештери менен макулдашууну ырастаган, пилоттук муниципалитеттин же региондун конкреттүү көйгөйлөрүн чечүү маселелери боюнча түшүндүрмөлөрү менен жолугушуулардын протоколдору (Жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин же коомчулуктун же ККК мүчөлөрүнүн отурумдарынын протоколдору).
[6] Долбоордун отчеттуулук жана мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы. Чыр-чатакка сезимтал чөйрөсүндө билимдер жана тажрыйба артыкчылыктуу.
[7] Сунушталган долбоорду ишке ашыруу үчүн уюмдарда тиешелүү персонал болушу керек. Эгерде сунуш тандоо этабынанөтсө, алардын резюмеси суралат.
[8] Жабдууларды БУУӨП сатып алаарынэстен чыгарбоокерек. Эгерде сунуш тандоо этабынан өтсө, коммерциялыксунуштар кошумча суралат.