БУУӨП Кыргызстандын аймактарында тынчтык инфраструктурасын өнүктүрүүнү колдоп жатат

2024-ж., 11-October
a group of people sitting in a room

 

Ош, 2024-жылдын 10-октябры – Бүгүн, 2024- жылдын 10-октябрында Ош шаарындагы Жаннат резорт мейманканасынын конференц-залында Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттарында жана Ош шаарында кайрадан  түзүлгөн этностор аралык мамилелер жана коомдук биримдик боюнча Коомдук консультациялык кеңештердин (ККК) төрагаларынын/төрайымдарынын биринчи отуруму болуп өттү. ККК райондук мамлекеттик администрациялардын, республикалык жана областтык маанидеги  шаарлардын мэрияларынын алдындагы коллегиалдуу кенеш берүүчү  органдар катары ишмердүүлүк жүргүзүшөт жана көрсөтүлгөн административдик-аймактык деңгээлде тынчтык куруунун  инфраструктурасынын негизи болуп кызмат кылышат.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары, шаарлардын мэрлеринин орун басарлары – ККК төрагалары/төрайымдары, коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары, коомдук жана диний уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү эксперттер, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттигинин, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана БУУӨПтүн өкүлдөрү  катышып, КККтин ишинин негизги аспектилерин талкуулашты.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармасынын  башчысынын орун басары Замирбек Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  коомдо бардык кызыкдар тараптардын ортосунда калыптанган маданияттуу диалогду жана ишенимдүү мамилелерди жүргүзө алган чөйрөнү түзүү милдеттенмесин белгиледи. 

«Коомдук консультациялык кеңештерди түзүү - бул жарандар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалогду жакшыртууга жасалган гана кадам эмес, туруктуу коомду калыптандыруу үчүн стратегиялык чара болуп саналат. Алардын жардамы менен социалдык көйгөйлөрдү чечип, жергиликтүү денгээлде элдин ишенимин бекемдөөгө болот деген ишенимдебиз”, - деп баса белгиледи Замирбек Турсунбеков.

Этностор аралык мамилелер жана социалдык биримдик боюнча  Коомдук консультациялык кеңештер жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылдын 15-июлундагы №484 буйругу менен бекитилген. Райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-акимдеринин, шаарлардын мэрлеринин буйругу менен ККК жобосу жана анын курамы бекитилип, 23 көп этностуу  райондордо, республикалык жана облустук маанидеги шаарларда иш алып барышат.  

Коомдук консультациялык кеңештер жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо негизги ролду ойноп, чыр-чатактарды алдын ала эскертүү системаларынын маанилүү элементи болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. ККК коомдогу ар кандай топторду жалпы баалуулуктардын жана максаттардын айланасында бириктирип, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнү, көп түрдүү маданияттардын баалуулуктарын, толеранттуулукту жана чыр-чатактарды алдын алууну камсыз кылууга, социалдык биримдикти чындоого көмөктөшөт. Алардын ишмердүүлүгү мамлекет менен жарандардын ортосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара аракеттенүү үчүн аянтча түзүп, социалдык чыңалууну азайтууга жана мүмкүн болгон чыр-чатактарды болтурбоого жардам берет.

БУУӨП социалдык биримдикти чыңдоо жана коомдун ар кандай топтору ортосундагы туруктуу диалогдун  механизмдерин калыптандыруу боюнча комплекстүү иш чараларды, стратегиялык пландарды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жөндөмдүү болгон КККди институционалдык жактан өнүктүрүүдө эксперттик жана консультациялык колдоолорду көрсөтөт . 

«БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тынчтык инфраструктурасын куруу жана социалдык биримдикти чындоо  боюнча аракеттерин,  өзгөчө даректүү колдоону талап кылган аймактарды колдоого умтулат. Коомдук консультациялык кеңештерди колдоо Кыргыз Республикасынын социалдык биримдикти чыңдоо жана инклюзивдик коомду түзүү боюнча стратегиялык документтерин ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат», - деп баса белгиледи Александра Соловьева, БУУӨПтун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү

Жолугушуунун катышуучулары БУУӨП тарабынан колдоого алынган КККнын иши жарандык коомду өнүктүрүүдө жана актуалдуу социалдык маселелерди чечүүдө маанилүү кадам болуп саналган коопсуз жана туруктуу чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти. ККК иш пландарында көп этностуу аймактарда тынчтыкты жана коомдук ынтымакты, социалдык биримдикти чыңдоого багытталган демилгелерди ишке ашыруу камтылды.

Медиа байланыш үчүн: Айнагүл Абдрахманова , БУУӨПтүн байланыш бөлүмүнүн башчысы: ainagul.abdrahmanova@undp.org

***

 

 

БУУӨП жөнүндө

БУУӨП 170 өлкөдө жана аймактарда жакырчылыкты жоюуга, теңсиздикти жана четтетүүнү кыскартууга жана мамлекеттердин өнүгүү прогрессин сактап калуу үчүн туруктуулукту курууга жардам берүү үчүн иштейт. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Агенттиги катары БУУӨП өлкөлөргө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берүүдө маанилүү ролду ойнойт.

БУУӨП Кыргызстанды институционалдык реформаларды ишке ашырууда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отчеттуу жана эффективдүү системаларын, шайланган өкүлдөрдү, расмий адамдарды жана коомчулуктарды камсыз кылуу үчүн башкаруунун мыкты тажрыйбасын бекемдөөдө колдойт. БУУӨП ошондой эле социалдык, экономикалык жана саясий чөйрөлөрдөгү негизги тоскоолдуктарды жоюу аркылуу калктын аялуу топтору: жаштар, аялдар жана жакырлар үчүн сот адилеттигине жетүүнү жогорулатууга умтулат.