БУУӨП жана ӨКМ Фергана өрөөнүндөгү климаттык туруктуулукту жогорулатуу үчүн өзгөчө кырдаалдар системаларындагы гендердик инклюзивдүүлүк боюнча диалог өткөрүштү

2024-ж., 5-November
a group of people standing in front of a crowd posing for the camera

Participants of the Dialogue on Gender Inclusivity in Emergency Systems in the Fergana Valley

UNDP / Kyrgyzstan

 

Ош, 4-ноябрь 2024-жыл - БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана Европа Биримдиги (ЕБ) менен кызматташтыкта климаттын туруктуулугун жогорулатуу жана регионду адаптациялоо үчүн гендердик-инклюзивдик мамилени эрте кабарлоо жана өзгөчө кырдаалдар учурунда тобокелдиктерди азайтуу тутумдарына интеграциялоого багытталган комплекстүү диалогду өткөрдү. Бул иш-чара БУУӨПтүн ЕБ каржылаган "Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук" долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат жана аймакта инклюзивдүү жана туруктуу жамааттарды түзүүгө умтулууну баса белгилейт.

 

Диалогго өкмөттүн, жарандык коомдун, аялдар, жаштар жана инклюзивдик топтордун, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн ар кайсы райондорундагы пилоттук жамааттардын өкүлдөрүн кошкондо 60тан ашык катышуучулар чогулду. Жолугушуунун алкагында климаттык туруктуулукту жогорулатууда жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө гендердик-инклюзивдик мамилени интеграциялоонун маанилүүлүгү талкууланып, Кыргыз Республикасынын ӨКМ тарабынан топтолгон практикалык мисалдар жана тажрыйбалар көрсөтүлдү. Берилген темалардын арасында Кыргызстандын ӨКМ практикалык тажрыйбасы, жакында төрт пилоттук аянтчада (Барпы, Жаңы – Ноокат, Орозбеков жана Майдан) орнотулган эрте кабарлоо системасы жана Баткен облусунан өзгөчө кырдаалдар шарттарында гендердик зомбулук тобокелдиктерин алдын алуу боюнча мисалдар, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү системасына инклюзивдик мамилени киргизүү бар.

Жамааттар климаттык тобокелдиктерге жакшы даяр болушу үчүн климаттык туруктуулук жана эрте кабарлоо системалары боюнча локалдык пландарга гендердик багытталган чараларды киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын программасына Өзгөчө кырдаалдар шарттарында гендердик зомбулук тобокелдиктерин азайтууга багытталган Баткен облусундагы симуляциялык практикалар боюнча презентациялар киргизилген, бул аярлуу топторду коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Диалог долбоордун пилоттук жамааттарында эрте эскертүү тутумун көрсөтүүнү камтыды.

БУУӨП долбоорунун улуттук координатору Гүлжан Махмудова мындай деди: “Гендердик мамилени эрте кабарлоо жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу системасына интеграциялоо – бул жөн гана теңчилик маселеси эмес, ошондой эле климаттык тобокелдиктерге туруктуулукту жогорулатуунун маанилүү элементи. Биздин биргелешкен аракеттерибиз аялуу катмарды коргоого жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине жамааттардын даярдыгын жогорулатууга багытталган”.

БУУӨП климаттын инклюзивдик чечимдери аркылуу жамааттарды колдоону улантып, коомдун бардык мүчөлөрүнүн уникалдуу муктаждыктарын эске алган туруктуулукту бекемдейт.