Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоонун негизги планын иштеп чыкты

2025-ж., 19-March
Woman speaking at a podium with a UN logo in the background.
БУУӨП / Кыргызстан

Бишкек, 19-март 2025 – Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган Климаттын өзгөрүшүнө адаптациянын улуттук планынын (УАП) долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. 

Бул долбоорду иштеп чыгуу БУУӨПтүн “Жашыл климаттык фонд” (ЖКФ) тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн улуттук адаптациялоо планын иштеп чыгуу процессине көмөктөшүү” долбоорунун алкагында демилгеленген.

Улуттук адаптациялык план - Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык документ болуп саналат. Элдин турмушуна жана өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизип, өсүп жаткан климаттык тобокелдиктердин контекстинде УАП системалуу чечимдердин жана адаптация маселелерин өлкөнүн өнүгүүсүнө интеграциялоонун негизги платформасы болуп калат.

УАП долбоору алты негизги сектор боюнча конкреттүү чараларды камтыйт: айыл чарба жана ирригация, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, энергетика жана климатка туруктуу жашыл шаарларды өнүктүрүү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты. Анда документтин долбоору жана адаптациялоо чараларын андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштар жана сын-пикирлер айтылды.

A woman in a dark suit speaks at a podium with a UNDP backdrop.

Асел Раимкулова, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары

БУУӨП / Кыргызстан

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова: “Кыргызстан Париж келишимин жактайт. Адаптациянын улуттук планы – бул биздин өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен климаттын өзгөрүшүнүн чакырыктарына натыйжалуу жооп кайтарууга мүмкүндүк берген стратегиялык курал”, - деп баса белгиледи.

A woman in professional attire speaks at a podium with a United Nations backdrop.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү

БУУӨП / Кыргызстан

“Адаптациянын улуттук планын иштеп чыгуу - тыгыз өнөктөштүктүн жана адаптация маселелерине ырааттуу мамиле кылуу менен гана ишке ашты. Экономиканын негизги секторлору үчүн адаптациялоо пландары конкреттүү долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн анын ичинде климаттык каржылоону тартуу үчүн узак мөөнөттүү негиз түзөт”, - деди БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

A conference room filled with attendees listening to a speaker at a presentation.

Иш-чаранын катышуучулары

БУУӨП / Кыргызстан

Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары УАПты жол-жоболоштуруу жана ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Бул долбоор даярдалып бүткөндөн кийин улуттук артыкчылыктарга жана климат боюнча эл аралык милдеттенмелерге ылайык, өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөөгө багытталган конкреттүү демилгелерди ишке ашыруунун жаңы этабы башталат.