Бегим Жанузакова: Климаттын терс өзгөрүшүнө каршы күрөштө жаштардын ролун жогорулатуу

2025-ж., 6-March
A woman speaks at a podium during a conference, with a branding banner in the background.

Бегим Жанузакова

БУУӨП / Кыргызстан

Бегим Жанузакова жаш экологиялык лидерлерди, адистерди жана активисттерди бириктирген Кыргызстандын жаштар климаттык кыймылынын өкүлү. Бегим климаттын өзгөрүшү жана Кыргызстан менен Борбордук Азияга тийгизген таасири тууралуу COY17-COY19 глобалдык жаштар конференциясында  жана COP27-COP29 тараптардын конференциясында жаштардын жана балдардын атынан атайын билдирүү жасаган. 

«Жаштар стратегияларга активдүү салым кошуп, чечимдерди сунушташат», - деп белгилейт Бегим. Кыргызстан боюнча жаштар токойлорду калыбына келтирүү, энергияны үнөмдөө жана климаттык билим берүү боюнча демилгелерди ишке ашырууда. Аймактык деңгээлде алар жаштардын көз караштары климаттык стратегияларга интеграцияланышын камсыз кылуу үчүн RCOY жаштардын аймактык конференциясы сыяктуу платформалар аркылуу кызматташат.

Жаштар климаттык талкууларга активдүү катышып, «жашыл чечимдерди» издеп, өз жамааттарында демилгелерди көтөрүп жатышат.  Мындан тышкары, Бегим менен катар бөлөк жаш айымдардын да климаттын ар кандай секторлоруна катышуусу өсүп, алар климаттык саясатты калыптандыруу үчүн өз билимдери жана тажрыйбасы менен бөлүшүп келишет.

A woman speaks at a podium during a conference, with a branding banner in the background.

Жаштар стратегияларга активдүү салым кошуп, чечимдерди сунушташат

Бегим Жанузакова

Бегим  жана жаштар өкүлдөрү өкмөттөр менен да активдүү иштешүүдө. RCOY аркылуу алар климаттык декларацияларды иштеп чыгуу боюнча консультацияларга катышуу үчүн тогуз өлкөдөн 250дөн ашык жаштарды жана балдарды мобилизациялашты, алардын 70% кыздар.

«Биз климат тууралуу билимдер менен бөлүшөбүз жана климаттык аракеттер үчүн өнөктөштүк түзөбүз. «Акыркы жылдары биз жаштар декларациясын даярдоодон баштап, жергиликтүү жамааттар үчүн билим берүү иш-чараларын, семинарларды жана долбоорлорду уюштурууга чейин активдүү иш алып бардык», -
деди Бегим.
A woman stands in front of a screen, speaking to a camera in a meeting room.

Бегим интервью учурунда

Бегим Жанузакова

БУУӨП айымдардын эл аралык күнүндө климаттык аракеттерден адилеттүүлүккө жана ишкердүүлүккө чейин дүйнөнү өзгөртүп жаткан айымдардын жетишкендиктери тууралуу айтып берет. Азыркы учурда Бегим энергетика, климат жана саясий чөйрөдө иш алып барган ЮНИСОН фондунун климат боюнча программасынын координатору. Ал климаттын күн тартибин активдүү жайылтып, жаштардын, өзгөчө жаш айымдардын туруктуу келечек куруусуна салым кошот. БУУӨП өзүнүн окуясын айтып берүү менен гендердик теңчиликке жана экологиялык туруктуулукка карай олуттуу өзгөрүүлөрдү жараткан айымдардын кыймылын баса белгилейт.