Туризмди жана креативдүү индустрияны илгерилетүү аркылуу Токтогулдун өнүгүүсүн тездетүү

2024-ж., 19-August
a group of people standing in a room
UNDP / Kyrgyzstan

Бишкек, 19-август 2024 - Өткөн жумада БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) эксперттик колдоосу менен иштелип чыккан Токтогул Дестинациясын өнүктүрүү стратегиясын коомдук угуу болуп өттү. Стратегия бийлик органдарынын өкүлдөрү тарабынан жактырылды. Ал эми аны биргелешип ишке ашыруу туризм жана креативдүү индустриянын базасында аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө кызматташууну күчөтүү үчүн Дестинация менен Токтогул районунун администрациясынын ортосунда кол коюлган Кызматташтык жөнүндө Меморандумга бекитилди.

a group of people around each other
БУУӨП / Кыргызстан

Стратегияны ачык коомдук талкуулоо Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаевдин төрагалыгы астында, айыл аймактарынын башчыларынын, республикалык бийлик органдарынын жана Токтогул райондук администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Туризм жана креативдүү индустрия чөйрөсүндөгү жергиликтүү ишкерлер, конок үйлөрдүн ээлери, туристтик коомчулуктун өкүлдөрү жана жергиликтүү активисттер активдүү катышышты. 

Кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин бириктирүү БУУӨПтүн туризм жана креативдүү индустриялардын негизинде аймакты өнүктүрүү потенциалын баалоо боюнча эксперттик жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле ишкерлер, активисттер жана жергиликтүү бийлик органдары үчүн диалог аянтчасын ишке киргизүүдө колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

Токтогул Дестинациясынын жетекчиси БУУӨПтүн «Жаратман айымдар жамааты» демилгесинин катышуучусу Наргиза Ажиматова болду. Ал лабораториядан алган билимдеринин жана көндүмдөрүнүн аркасында креативдүү жана туристтик кластерлерди өнүктүрүү үчүн аракеттерди координациялап, ресурстарды бириктире алды.

a group of people sitting at a table

Наргиза Ажиматова, Токтогул Дестинациясынын жетекчиси

БУУӨП / Кыргызстан

Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаевдин айтымында, туризм аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү. «Туризм ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого салым кошуу үчүн пайдаланылбаган потенциалга ээ. Ошондуктан биздин максат - Токтогул районун туристтик ресурстарынын кеңири спектри менен жаңы туристтик аймак катары таанытуу», - деди Акылбек Тюкебаев.

Аймакты өнүктүрүү стратегиясы «Токтогул – түндүк менен түштүктүн жолугушуу жери» регионду Кыргызстандын бардык көп түрдүүлүгүн өз ара аракеттенүүнүн жана изилдөөнүн жана жыл бою ондогон иш – чаралар үчүн-жарманкелерден жана фестивалдардан конференцияларга жана тим-билдингдерге чейин универсалдуу иш-чаралардын аянтчасы кылат.

Уникалдуу жаратылыш ресурстары жана Токтогул суу сактагычынын болушу региондук туристтик коомду өнүктүрүүнүн жана регионго кошумча инвестицияларды тартуунун базасы болуп калышы мүмкүн. Бул аймактын инфраструктуралык өнүгүүсүнө, жергиликтүү калктын ишке орношуусуна жана ишкердикти күчөтүүгө жагымдуу таасирин тийгизет. Өнүгүү стратегиясынан тышкары эксперттер Токтогулду Кыргызстандын туристтик картасында «үчүнчү орун» катары көрсөтүү боюнча конкреттүү чараларды жана долбоорлорду талкууга да сунушташты. 

a man talking on a cell phone

Акылбек Тюкебаев, Токтогул районунун акими

БУУӨП / Кыргызстан

«Аймактагы туризмди жана креативдүү индустрияны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам анткени бул жергиликтүү калк жана ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат ошондой эле стратегияны ишке ашыруу боюнча мындан аркы биргелешкен иш маданий алмашуу жана экономикалык өсүш үчүн аянтча түзөт. Мындан тышкары, иштелип чыккан стратегия жергиликтүү бийликтерге Министрлер кабинети тарабынан 2024-2026 – жылдарга бекитилген өлкөнүн шаарларында креативдүү кластерлерди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын аткарууну тездетүүгө жардам берет», - деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу Өкүлү Александра Соловьева.

a group of people around each other
БУУӨП / Кыргызстан

Иш-чаранын жүрүшүндө келечектеги иштин негизги багыттары боюнча-жерди пайдалануу жана онлайн ресурстарды түзүү маселелерин иштеп чыгуу, аймактын коммуникациялык стратегиясын жана брендин иштеп чыгуу, келечектеги иш-чараларды долбоорлоо жана ресурстарды мобилизациялоо боюнча жумушчу топтор түзүлдү. Ошентип, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен иштелип чыккан стратегиянын негизинде Дестинацияны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди кооперациялоо жана координациялоо үчүн платформа түзүлгөн.