БУУӨП Кыргызстанда шаардык пландоону жакшыртуу үчүн инновациялык ыкмаларды иш жүзүнө киргизүүдө

2025-ж., 19-March

Бишкек, 19-март 2025 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту БУУӨПтүн колдоосу менен мамлекеттик кызматкерлер үчүн «Форсайт жана келечек перспективаларын изилдөөгө киришүү» аттуу стратегиялык божомолдоо боюнча тренингдерин ийгиликтүү аяктады.

Үч бөлүктөн турган тренинг мамлекеттик кызматкерлерге шаарларды узак мөөнөттүү пландаштыруу жана урбанизациялык процесстерди туруктуу башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү үйрөтүүгө багытталды.

Катышуучулар заманбап шаардык тенденцияларды талдоо, келечектеги чакырыктарды алдын алуу жана шаарлардын өнүгүшүнүн ар кандай сценарийлерин түзүү ыкмаларын үйрөнүштү. Ошондой эле, алар шаардык чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн форсайттын инновациялык ыкмаларын колдонуп машыгышты.

КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директорунун орун басары Айдай Темикеева белгилегендей: «Мамлекеттик башкарууда форсайт-технологияларды колдонуу стратегиялык өнүгүүнүн жаңы горизонтторун ачат. Бул тренинг келечекти көрөгөчтүк менен пландаштыруу жана негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууга өбөлгө түзүп, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган».

A woman in a dark blazer speaks into a microphone in front of a projector screen.

Айдай Темикеева, КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директорунун орун басары

БУУӨП / Кыргызстан

Тренингдин катышуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кызматкерлери болушту.

Тренинг Кыргызстандын негизги мамлекеттик жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн чогултту, алардын катарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Улуттук банк, Улуттук статистика комитети, Улуттук илимдер академиясы, Суу ресурстары боюнча кызмат, Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, ошондой эле Ош, Кант, Каракол жана Кара-Балта шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту.

БУУӨП стратегиялык божомолдоо жаатындагы кесиптик компетенцияларды жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт, анткени шаарлардын туруктуу өнүгүүсү, экономикалык өсүүнү камсыздоодо, жашоо сапатын жогорулатууда жана өзгөрүлүп жаткан шарттарга ийкемдүү ыңгайлашууда негизги ролду ойнойт. Форсайт-технологияларды колдонуу мамлекеттик мекемелерге негизделген чечимдерди кабыл алууга, тобокелчиликтерди азайтууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө жардам берет.

Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева инновациялардын туруктуу өнүгүүнү тездетүүдө маанилүү экендигин белгилеп өттү:

«Келечекти божомолдоо – белгисиздик шарттарында мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өтө маанилүү. Кыргызстанда биринчи жолу иштелип чыккан форсайт-технологияларын колдонуу боюнча практикалык колдонмо мамлекеттик мекемелердин шаардык өнүгүү жаатындагы потенциалын чыңдоого жана кеңири алкакта калктын жыргалчылыгын жакшыртууга өбөлгө түзөт».

A group of people collaborating in a meeting room, reviewing documents and discussing.

Тренингдин катышуучулары

БУУӨП / Кыргызстан

Тренингди Елена Музыкина, Казакстандагы Postnormal Policy & Futures Studies борборунун кызматкери, сертификацияланган футуролог, ислам таануу доктору, философия илимдеринин кандидаты жана форсайт жаатындагы эл аралык эксперт, өткөрдү.

Анын жетекчилиги менен катышуучулар форсайттын негизги принциптерин гана үйрөнбөстөн, шаардык пландаштыруу контекстинде аларды практикада колдонуу боюнча көндүмдөргө ээ болушту.  «Белгисиздик барган сайын күчөп жаткан шарттарда келечекти изилдөө жана форсайт – бул артыкчылык эмес, бардык тармактарда узак мөөнөттүү ийгиликтүү стратегияларды түзүү үчүн күнүмдүк зарылдык», – деп белгиледи эксперт.

Тренингдин интерактивдүү форматынын жардамы менен катышуучулар учурдагы чакырыктарды терең талдап, шаардык өнүгүү үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.

Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучулар урбанистика жана туруктуу өнүгүү тармактарында колдонууга ылайыктуу стратегиялык божомолдоо боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн тастыктаган сертификаттарга ээ болушту.

Жыйналган тажрыйба андан ары анализденет жана мамлекеттик башкарууда форсайт-технологияларын колдонуу боюнча практикалык колдонмо түрүндө бекемделип, улуттук деңгээлде масштабдоо жана кадрдык потенциалды чыңдоо үчүн пайдаланылат.