ПРООНдун Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айымдын сөзү

2021-ж., 14-December

Министрлер Кабинетинин Председателинин биринчи орун басары Урматтуу Арзыбек Кожошев мырза,

Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министри

ЖИА Бизнес Ассоциациясынын Башкармалыгынын Төрагасы Жодар Осмонов

Улуу Урматтуу Габриэла Геллил айым, Германиянын Кыргызстандагы элчиси

Алексей Рогов, ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси

Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом уюмдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана бүгүнкү Форумдун коноктору!

Cаламатсыздарбы!

Туруктуу бизнес мүмкүнчүлүктөрүнө арналган бул жашыл экономика форумуна сизди тосуп алганыма кубанычтамын! Бүгүн мен ПРООНдун атынан гана эмес, БУУнун Жашыл Экономика өнөктөштүгүнүн беш агенттигинин атынан сүйлөйм.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Министрлер кабинетин, ошондой эле Экономика жана соода министрлигин Кыргыз Республикасында жашыл экономика боюнча демилгелерди ишке ашырууда кызматташуу үчүн бардык негизги кызыкдар тараптарды бириктирүүдөгү чыныгы лидерлик сапаты үчүн куттуктайм. Биз өлкөдөгү жеке сектор менен өнөктөштүктүн өсүп жатканына абдан кубанычтабыз, анткени, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бизнес экономиканын өзөгү болуп саналат жана бизнеске адилеттүү шарттарды түзүү менен Кыргызстандын экономикасы өсө алат жана өсө берет.

Уюштуруучуларды бул таасирдүү форум менен куттуктайм жана өзгөчө GIZ жана Германиядагы кесиптештерибизге бул Форумда жашыл экономика тармагындагы туруктуу колдоосу жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирем.

Биз бүгүн чогулуп жатканда, дүйнө Глазгодо климаттын өзгөрүшү боюнча жыйынды жаңы эле аяктады, анда дүйнө өндүрүшү жана керектөө үчүн казылып алынган отунга көз карандылыгы биздин планетанын жашоосуна жана негизи эле адамдарга коркунуч туудурат. Азыр биз илимий жана таасирүү далилдер менен, көмүрдү казып алуу жана энергия үчүн жагуу парник газдарынын эмиссиясына негизги салым кошот экенин толук билебиз. Тилекке каршы, күйүүчү майлар адамдын ден соолугуна да олуттуу коркунуч келтирет, анткени булгануу дем алуу органдарынын жана башка ооруларга, кээде өлүмгө алып келет. Глобалдык таасирден тышкары, булгануунун түздөн-түз таасири жаш балдардын өпкөнүн өнүгүшүнө жана таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнө абдан зыян келтирет.

Ушунун алкагында биз 2050-жылга карата таза нөлгө жетишүү максаты менен 2025-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын шартсыз чаралар аркылуу 16,63% жана 2030-жылга чейин дагы 16% кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын стратегиялык жана амбициялуу чечимин кубаттайбыз. Бул тууралуу октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясына Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан сунушталган жана Президенттин Тараптардын Конференциясына жасаган билдирүүсүндө дагы бир жолу тастыкталган жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар деп аталган документте айтылды. Чынында, Кыргыз Республикасы 2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча Тараптардын БУУнун Конференциясында (COP26) өзүнүн улуттук деңгээлде аныкталган салымы боюнча милдеттенмелерин аткарууда Борбордук Азия чөлкөмүндөгү жалгыз өлкө болгон.

Бул максаттарга жетүү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан кошумча каржылоону камтыган шарттуу чаралардын чегинен чыгуу экономиканы структуралык кайра куруу аракеттерин талап кылат. Муну өкмөт жалгыз жасай албайт. Анан муну ким жасайт? Ооба, мен баарыңарды карап жатам!

Максатыбыз - өсүүнү артка кайтаруу, анткени кеп экономиканын өсүүсү жөнүндө болуп жатат жана Кыргызстандын аз көмүртектүү экономикасы жеке сектор тарабынан түзүлүшү керек. Албетте, өкмөт электр энергиясына тарифтерди реформалоо сыяктуу маселелер боюнча улуттук консенсусту түзүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө өсүштү стимулдаштыруучу структураларды өнүктүрүүгө өз салымын кошуусу керек. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катары биз бул маселеде техникалык жардам көрсөтөбүз деп жатабыз. Ал эми биздин өнүктүрүү банктары өндүрүш түзүмүндө өтүүнү, технологиянын жаңы түрлөрүн жана эскилерин модернизациялоону же трансформациялоону стимулдаштыруу үчүн каржылоону сунуштайт деп ишенем.

Бирок өкмөт жана өлкө инвестиция, инновация, изилдөө, үйрөнүү жана биргелешип түзүү иштери боюнча сизге, бизнеске таянат.

 Бүгүн биз “кантип” дегенди көбүрөөк талкуулаган абалга өттүк деп ойлойм. Кыргызстанда ички энергия өндүрүүнү көбөйтүү жана энергетикалык кризисти жеңилдетүүгө жардам берүү үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу аркылуу энергетика тармагында кесепеттерди азайтуу максаттарына жетишүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. Бул абанын сапатын жана анын ден соолукка тийгизген таасирин, ошондой эле экономиканын негизги тармактарында энергиянын натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган альтернативдик, булгоочу эмес жана экологиялык жактан таза жылытуу технологияларына узак мөөнөттүү инвестицияларды пландаштыруу менен тандемде ишке ашырылышы мүмкүн.

Учурда гидроэнергетикага көп көңүл бурулуп, анын потенциалы бар экенин баарыбызга маалым. Бирок бул иш аны менен бүтпөйт жана убакыттын өтүшү менен ишенимдүү электр энергия менен камсыз кылуу жана экологиялык туруктуулук үчүн бул жетиштүү болбойт.

Кыргызстан ошондой эле күн, шамал, геотермалдык жана биогаз сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүү аркылуу өзүнүн жеңилдетүү амбицияларын кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Башка маанилүү пландардын арасында электрондук мобилдүүлүк, энергияны үнөмдөө жана газдаштырууга карата инвестициялар кирет.

Глазго бул жылы бир гана ири глобалдык жыйын болгон жок. 2021-жылдын 24-сентябрында 130дан ашык дүйнөлүк лидерлер, анын ичинде мамлекет жана өкмөт башчылары, БУУнун жана эл аралык уюмдардын жетекчилери жана бизнес өкүлдөрү БУУнун энергетика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогуна (HLDE) кошулуп, амбициялуу максаттарды, трансформациялык аракеттерди жана тайманбас инвестицияларды жана нөлдүк эмиссияга жетишүү аракеттерин талкуулашты. Бул 2030-жылга чейин электр жарыгысыз жашаган 760 миллионго жакын адамдын энергияга универсалдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча аракеттерди тездетүү жана ошол эле учурда дүйнөнү казылып алынган отундан баш тартуу жолуна салуу үчүн маанилүү болгон

Жолугушууда энергетикалык жакырчылык жана энергетикалык системаларды декарбонизациялоо проблемасын чечүү үчүн дагы көп нерсе керек экени таанылды – албетте, анткени энергияны терең декарбонизациялоосуз Париж келишиминин 1,5°С максатына жетишүү мүмкүн эмес. Бул диалогдун негизги жыйынтыгы Туруктуу өнүгүүнүн 7-Максатына (SDG 7) жетишүүнү тездетүү боюнча биринчи глобалдык жол картасы болду – бардыгы үчүн жеткиликтүү, туруктуу, ишенимдүү жана заманбап энергия абалды түзүү.

Бул максаттарды колдоо үчүн өкмөттөр жана жеке сектор энергетикалык келишимдер түрүндө 400 миллиард доллардан ашык жаңы каржылоо жана инвестиция тартуулады. Бул милдеттенмелер жүз миллиондогон адамдардын таза энергияга жетүүсүн камсыздайт жана жашыл жумуш орундарын түзүүдө энергиянын өтүшүн тездетет. Ал эми бул, айымдар жана мырзалар, бизге өсүүгө жана формалдуу экономикага көбүрөөк адамдарды тартууга жардам берет.

Ошентип, эмне үчүн мен бүгүн эртең менен энергияга мынчалык басым жасап жатканымды кайталоо үчүн дагы бир ирет белгилегим келет. Белгилүү болгондой, Кыргызстан энергия менен камсыздоодо көмүр, газ жана мунайга көз каранды. Өзгөртүү үчүн убакыт керек, бирок бул зарыл иш. Фоссилдик күйүүчү майлар - эгерде алар али эскире элек болсо - модадан чыгып баратат, ал эми кийинки деңгээлге өтүүгө түрткү берүүчү структура иштебей жатат.

Ошол эле учурда, энергиянын кайра жаралуучу технологияларынын баасы дүйнөлүк рыноктордо укмуштуудай тездик менен төмөндөдү. Эми кайра жаралуучу энергияны Кыргызстанда жеткиликтүү жана жагымдуу инвестиция кылуу үчүн биргелешип иш алып барышыбыз керек. Мен үчүн бүгүнкү форумдун темасы мына ушуну билдирет – чакырыктарды бизнестин туруктуу өсүшү үчүн мүмкүнчүлүккө айландыруу.

Жыйынтык бул: энергиянын баасы өндүрүштүк чыгымдардан ашып тургандай туура стимул түзүмүнө ээ болгондон кийин, бизде бул тармакка инвестиция болот. Ал эми бул өз кезегинде бир катар жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана коомду абдан позитивдүү нукка бура турган билимге, инженерияга, илимий-изилдөө жана инновациялык потенциалга инвестиция тартууга алып келет.

Мен бардык өнөктөштөрдү кызматташууну тереңдетүү үчүн күчтөрдү бириктирүүгө жана Кыргыз Республикасынын энергетика системасын декарбонизациялоону колдоого чакырам. Биз бардык тармактарда альтернативдүү энергиянын мүмкүнчүлүктөрүн карашыбыз керек.

Жыйынтыктап айтканда, мен ПРООН катары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстанга жашообузду сергек, сапаттуу жана экологиялык жактан таза кылуу үчүн туруктуу энергияга басым жасоо менен инклюзивдик жашыл экономика саясатын жана практикасын кабыл алууга жардам берүү үчүн биздин ишибизди чыдамсыздык менен күтөм.

Сөзүмдүн аягында баардыгыңыздарды Эл аралык адам укуктарынын күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер! Бардык катышуучуларга келе жаткан жылда чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм жана жемиштүү форумду күтөм. Чон Рахмат!