Александра Соловьева БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы жаңы Туруктуу өкүлү болду

2023-ж., 29-August

 

Бишкек29-август 2023-жыл – Александра Соловьёва айым Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы жаңы Туруктуу өкүлү катары Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мырзага ишеним грамоталарын тапшырды. Александра Соловьёва айым өзүнүн жаңы кызматында БУУӨП менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өз ара аракеттенүүнү Улуттук артыкчылыктар жана стратегиялардын, ошондой эле БУУнун Туруктуу Өнүгүү боюнча Кызматташтык боюнча Алкактык программасынын (UNSDCF) алкагында бекемдейт. 

Министр Кулубаев Кыргызстан менен БУУӨПтүн ортосундагы гуманитардык, социалдык-экономикалык, финансылык жана техникалык тармактарда кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи. Ошону менен бирге ал Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген 2023-2027 жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялаган БУУнун "Тоону туруктуу өнүктүрүү"резолюциясын мындан ары биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

 «Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруу мен үчүн чоң сыймык. Эгемендүүлүк күнүнө карата бул сапарга чогуу аттанып жатабыз, сиздерди Кыргызстан элин келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Мен өлкөгө мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү, тынчтыкты жана ынтымакты каалайм. БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү болуп турган мезгилде мен улуттук артыкчылыктардын жана стратегиялардын алкагында туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жана жашыл өсүүгө, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жана ак ниет башкарууну алга жылдырууга басым жасоо менен туруктуу өнүгүү максаттарында БУУнун кызматташтык боюнча алкактык программасына жетишүү үчүн БУУӨП менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөнүн үстүндө иштейм. Мен өлкөнүн прогрессине жана анын элинин жана өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн комплекстүү, узак мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгууга өз салымымды кошуу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөм", — БУУӨПтүн деди Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.  

БУУӨП негизги кызыкдар тараптар менен биргеликте климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн олуттуу чараларды көрүүдө. Климаттык каржылоо тармагындагы ресурстарды пайдалануу менен БУУӨП инновациялык ыкмаларды жана технологияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Жаңы стратегияларды жана чечимдерди катализдөө менен БУУӨП Кыргызстанга бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүдө түздөн-түз колдоо көрсөтүп келет.  

БУУӨП инклюзивдүү чечимдерди кабыл алуу, социалдык биримдик жана тынчтык үчүн маанилүү жарандык катышууга көмөк көрсөтүү менен башкаруунун жана сот адилеттигинин улуттук жана жергиликтүү системаларын өркүндөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана элине активдүү жардам берүүдө.  

Ушул убакка чейин Соловьева айым 2019-жылдан 2023-жылдын августуна чейин Беларусь Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү болуп келген. Ал БУУӨПтүн өнүктүрүү жаатындагы иштерин жетектеген жана өлкөдөгү ТӨМгө жетишүүдө комплекстүү колдоо көрсөткөн.  

Соловьева айым санариптик трансформация, "жашыл" экономикага өтүү, жумуш орундарын инклюзивдүү түзүү, климат жана айлана-чөйрө ресурстарын башкаруу, гендердик теңчилик жана саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жаатында өзүнүн эл аралык тажрыйбасын жана билимин алып келүү боюнча кеңири тажрыйбага ээ.    

Буга чейин Соловьева айым БУУнун Ыктыярчылар программасынын тышкы байланыштар жана коомдук коммуникациялар бөлүмүн жетектеп, Индияда жана башкы кеңсенин башка бөлүмдөрүндө БУУӨПтүн өлкөлүк директорунун орун басары болуп иштеген.   

БУУӨП "жашыл" экономикалык трансформация жана инклюзивдик өнүгүү, морт экосистемаларды коргоо үчүн климаттык аракеттерди жана жаратылышты коргоо чечимдерин тездетүү, ошондой эле демократиялык башкарууну күчөтүү жаатындагы өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.    

БУУӨП жакырчылыктын адилетсиздигин, теңсиздикти жана климаттын өзгөрүшүн жоюу үчүн күрөшкөн БУУнун алдыңкы уюму. 1993-жылдан тартып Кыргызстандагы БУУӨП өлкө элдерине адамдар жана планета үчүн узак мөөнөттүү комплекстүү чечимдерди түзүүгө жардам берип келет. Көбүрөөк билүү www.undp.org/kyrgyzstan же социалдык тармактарда @UNDPkg.  

Маалымат үчүн БУУӨПтүн коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси Айнагүл Абдрахманова менен электрондук почта аркылуу байланышыңыз ainagul.abdrakhmanova@undp.org же телефон аркылуу: +996770755776.