БУУӨП Кыргызстанда аймактык туруктуу өнүгүүгө өбөлгө болчу мамлекеттик-жеке тармак диалогун колдоодо

2024-ж., 8-August
түнкүсүн дүкөндүн алдыңкы

Чолпон-Ата шаары, 9-август, 2024-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн алдында Аймактык инвестициялык кеңеш түзүлүп, алгачкы жыйынын баштады. Жаңы түзүм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ыраатуулук менен бекемдеп, ишенимдүү алака курууну көздөйт. Ар кыл тараптардын, анын ичинде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы диалог үчүн үзгүлтүксүз аянтча катары кызмат кылат.

Бизнес, мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулуктун 100дөн ашуун өкүлү Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү узак мөөнөттүү мүмкүнчүлүктөрү өңдүү бир топ маселелерди талкуулады. Атап айтканда, жаңы түптөлгөн кеңештин биринчи отурумунда катышуучулар аймактык инвестициялык план/жол картасын иштеп чыгууну, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн азыркы абалы жана илгерилетүү жолдорун, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн трансформациялык инфраструктурасын жана анын жаштарга, аялдарга, майыптыгы бар адамдарга айрыкча көңүл буруу менен жергиликтүү деңгээлде бизнес-экотутумдарын өнүктүрүү, мындан ары да жакшыртууну улантуунун зарылдыгына токтолушту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлү Уланбек Далиев: «Аймактык инвестициялык кеңештин Чолпон-Ата шаарында өткөн алгачкы жыйыны мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы натыйжалуу диалогду өрчүтүү аркылуу ишенимдүү мамиле түзүүдө орчундуу кадам экенин баса белгилейт элем. Биз калктын бакубатчылыгын арттырып, жергиликтүү деңгээлдеги ишкердикти узак мөөнөт бою өнүктүрүп, өргө сүрөй турган туруктуу аракеттерди жасоону максат кылабыз», - деди.

Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы өлкөнүн булуң-бурчундагы аймактык кеңештердин ишин илгерилетүүдө улуттук өнөктөштөргө колдоо көрсөтүүгө  дилгир. БУУӨП кызматташуу аянтчаларын түптөп, көп тармактуу инвестициялык программалар же өнүгүү пландарынын дараметин өрчүтүү менен колдоо көрсөтөт. Мындай далалат Өнүгүүнүн Улуттук стратегиясы сымал же аймактык инвестициялык кеңеш өңдүү улуттук план жана артыкчылыктарга ылайык келет[1].

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева Аймактык туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ролу эбегейсиз экенин белгиледи. Анын баамында, бул өз кезегинде аймакты өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоодо ийкемдүүлүктү да, жаңы ыкмаларды да камсыздап, ыкчам таасир этери айныгыс. «Инклюзивдик диалог куруп, чечимдерди чогуу кабыл алып жана аларды жапа тырмак ишке ашыруу – мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимдүү алаканын пайдубалы» – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Кеңештин биринчи отурумунда жарыш сөзгө чыккандар аймак жана ага караштуу райондорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ойлорун ортого салышууда. Булар менен катар эле жыйындын катышуучулары жаштар, аялдар жана майыптыгы бар адамдар алектенген ишкердикке басым жасоо менен жергиликтүү деңгээлдеги ишкердик экотутумдарын өнүктүрүү жөнүндө пикир алышышты.

Аймактык инвестициялык кеңештин бул отуруму Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгы, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Эл аралык каржылык корпорациясынын (IFC) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн колдоосунда уюштурулган.

***

 

БУУӨП тууралуу:

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) – адилетсиздикти жакырчылыкты, теңсиздикти жоюу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкөн БУУнун уюму. 170 өлкөдө эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштешип, биз өлкөлөргө адамдар жана планета үчүн узак мөөнөттүү комплекстүү, чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. БУУӨПтүн миссиясы – жакырчылыкты жоюу жана планетаны коргоо. Жетишилген прогрессти улантып кетиши үчүн биз өлкөлөргө көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, натыйжалуу саясатты, өнөктөштүк мамилелерди жана институттарды иштеп чыгууга жардам беребиз.


 


[1] Инвестиционный совет переходит на новую основу работы (investmentcouncil.kg)