Соттордун ачыктыгын жана экологиялык сот адилеттүүгүн илгерилетүүгө салым

2024-ж., 4-October

4-октябрь, 2024-жыл, Сары-Ой – Ушул күндөрү БУУӨП жана ЮСАИДдин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Судьялар Ассоциациясы уюштурган сот тутумун чыңдоо, мыйзам үстөмдүгү жана экологиялык сот адилеттүүлүк саясатын илгерилетүү боюнча судьялардын конференциясы өтүүдө.

Конференцияга Азербайжан, Өзбекстан жана Кыргызстандын сот тутумдары, мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдардын жана Судьялар ассоциациясынын 125тен ашуун өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө юстиция тутумун өркүндөтүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле экологиялык укуктар жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча сот адилеттигине жетүү маселелери талкууланууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сот Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын максаты адамдын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган, адилеттүү жана натыйжалуу иштеген сот адилеттиги системасына жетүү үчүн мыйзам чыгаруу, башкаруу, билим берүү чөйрөлөрүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүү экенин белгиледи.  «Жогорку сот Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Судьялар Ассоциациясы менен биргеликте Мамлекеттик максаттуу программада белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу боюнча олуттуу аракеттерди көрүп жатат», - деди Жогорку сот төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев. 

Мындан тышкары, Жогорку сот, экологиялык укуктар жана адилеттикке жетүү маселелерин талкуулоо үчүн Улуттук диалогдук платформаны түзүү боюнча Меморандумга кол койгон тараптардын бири болуп саналат. Бул меморандумга Жогорку сот, Башкы прокуратура, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана Бишкек шаарындагы "Орхус борбору" мекемеси кол койгон. Бул аркылуу Жогорку сот өлкөдөгү экологиялык адилеттикти илгерилетүүгө салым кошууда.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева белгилегендей, БУУӨП туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү үчүн ачык, адилет жана эффективдүү сот системасын түзүүдө Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүнү уланта берет. Мындан тышкары, ал мындай деп баса белгиледи: «БУУнун Өнүктүрүү программасы адам укуктарынын стандарттарына негизделген мыйзамдык базаны түзүү, адилеттүүлүктү жана экологиялык мыйзамдарды сактоону камсыз кылган институттарды бекемдөө, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу жана жарандардын жигердүү иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү аркылуу Кыргызстанга экологиялык адилеттүүлүктү бекемдөөгө жардам берип жатат. алардын экологиялык укуктарын коргоо жана экологиялык саясатка таасирин тийгизүү».

БУУӨП (Борбордук Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) узак мөөнөттүү өнөктөш катары өлкөнүн улуттук приоритеттерин ишке ашырууда жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетүүдө колдоо көрсөтүп, улуттук потенциалды чыңдоого жана адамдык өнүгүүгө басым жасайт.

БУУӨП жөнүндө:

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүгүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. Биз 1993-жылдан бери инклюзивдүү өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризистерге чара көрүү, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иштеп, Туруктуу Өнүгүү Максаттарына биргелешип жетүү үчүн иш-аракеттерди жүргүзүп келебиз.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин веб-сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan же @undpkg социалдык тармактардагы баракчаларыбызга жазылыңыз

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org