Санариптик трансформация жана гендердик теңчилик

2021-ж., 28-June

Өлкөдө аялдардын санариптик сабаттуулугу төмөн деңгээлде: 15-49 жаштагы аялдардын 21 пайызы гана компьютерди жигердүү колдонушат, ал эми ар бир 3 кыздын ичинен бирөөнүн гана компьютердик сабаты бар.

БУУӨП Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрүнүн бирин талкуулады. БУУӨПтүн гендердик маселелер боюнча кеңешчиси Дибья Сингх гендердик теңчилик жана санариптештирүү жөнүндө сөз кылды.

-        Азыр COVID-19 илдетинен кийинки доор өкүм сүрүп жаткан мезгилде баарыбыз технологиялардын канчалык маанилүү экендигин түшүнүп турабыз.  Сиз, гендердик маселелер боюнча эксперт катары, гендердик теңчилик менен санариптик трансформациянын ортосундагы өз ара байланыш жөнүндө ой бөлүшө аласызбы? Кыргызстандын бул жааттагы тажрыйбасы, БУУӨПтүн Кыргызстандагы бул процессти жана анын гендердик теңчиликке тийгизген таасирин баалоо боюнча санариптештирүү миссиясы жөнүндө кандай ойдосуз?

-        Акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстандын Өкмөтү өлкөнү санарип дооруна өткөрүү боюнча бир катар демилгелерди көтөрүп чыкты. Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасында жана 2019–2023-жылдарга карата “Санарип Кыргызстан” Санариптик трансформациянын улуттук программасында санариптик революциянын жана экономиканы модернизациялоону колдоо үчүн санариптик шаймандарды колдонуунун зарылдыгы белгиленген.

Гендердик аспектилерге токтоло турган болсок, Улуттук Өнүгүү Стратегиясында бардык тармактарда гендердик теңчиликке жетүүгө артыкчылык берилген, ал эми Улуттук Санариптик Трансформация Программасы гендердик санариптик ажырымды аны четтетүү боюнча тийиштүү стратегияларды аныктабастан туруп эске алуунун маанилүүлүгүн белгилейт. Мен санариптештирүү экономикалык өсүштүн негизги фактору болот, ал эми санариптик технологиялар гендердик теңчиликке карай илгерилөө процессин тездете алат деп эсептейм. Кыргызстан эмгек жана каржы рынокторунда, ошондой эле ишкердикте эркектер менен аялдардын тең укуктуулуктун негизинде иш алпаруусу үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган санариптештирүүнүн эсебинен аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча аракеттерин улантууга тийиш.

-        Кыргызстанда бул жаатта көбүрөөк күч-аракет кылуу зарылдыгына ишендирүү үчүн кандай жүйөлөрүңүз бар жана бул боюнча кандай кеңеш берээр элеңиз?

-        Санариптик сабаттуулук жана тийиштүү көндүмдөр келечекте жумушка орношуу үчүн чоң мааниге ээ болот. Маалыматтарга таянсак, автоматизация дүйнө жүзү боюнча миллиондогон аялдарды жумушсуз калтырышы ыктымал. Жумушсуз калбоо үчүн аялдарга жаңы көндүмдөргө ээ болуу керек болот. STEM сектору санариптик үзгүлтүккө учуроолорго туруштук бере алат жана жакынкы жылдары укмуштуудай өсүшкө ээ болот деп болжолдонууда. Анткен менен бул тармактагы аялдардын санынын аздыгы алардын жумушсуз калуу ыктымалдыгы алдында аялуу болушун шарттоодо. Демек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн аялдарды STEM жаатындагы  санариптик көндүмдөргө үйрөтүүгө жана окутууга  артыкчылыктуу көңүл бурушу маанилүү болуп саналат, анткени бул аларга санариптик революция жана Төртүнчү Өнөр жай Революциясынын (4IR) технологиялары жараткан мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга шарт түзөт. Университеттер менен колледждер гендердик санариптик ажырымды жоюу жана келечектеги ишке жумушчу күчүн даярдоо үчүн гендердик аспектилерди эске алуу менен санариптик көндүмдөргө үйрөтүү боюнча макулдашып иш-аракет жасашы керек. Өлкөдө санариптик сабаттуулук деңгээли төмөн: аялдардын болжол менен үчтөн бир бөлүгү гана Интернетти жигердүү колдонушат (29%), ал эми ар бир үчүнчү кыздын гана компьютердик сабатсыздыгы жоюлган, бул аялдардын санариптик трансформация процесстерине жигердүү катышуусу үчүн жетишсиз болуп саналат. Кыргызстандагы жаш аялдар менен кыздардын дараметин толук кандуу ачуу үчүн санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүү зарыл.

Санариптик сабаттуулук жана санарип шаймандар - өнүгүүнүн негизги курамы ушулар. Аялдар өзгөрүүлөрдүн кубаттуу агенттери жана туруктуу, инклюзивдүү өсүштүн кыймылдаткыч күчү болушу үчүн санариптик көндүмдөрү бар аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек. Кыргыз өкмөтү жана илимий чөйрөсү орто жана жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү жаш аялдар менен кыздардын санариптик сабаттуулугуна артыкчылыктуу көңүл бурушу зарыл. Өлкөдө аялдардын санариптик сабаттуулугу төмөн: 15 жаштан 49 жашка чейинки аялдардын 21 пайызы гана компьютерди жигердүү колдонушат, ал эми ар бир үчүнчү кыз гана компьютерди пайдаланганды билет.

Университеттер менен колледждер гендердик санариптик ажырымды жоюу жана жумушчу күчүн санариптик экономикага кошуу үчүн гендердик аспектилерди эске алуу менен санариптик көндүмдөрдү үйрөтүп турууга тийиш. Ошондой эле санариптик ажырым Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги аялдардын арасында көбүрөөк байкалат. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын аялуу катмары, анын ичинде айылдык аялдар, кыздар, жаштар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн санариптик сабаттуулук боюнча максаттуу кампаниялар аркылуу шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды жоюу максатында алыскы айыл жергесинде санариптик технологиялар жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Санариптик тексттер жергиликтүү тилде болгону жакшы. Бул айыл жергесинде маалыматты жакшыраак түшүнүү жана кеңири кабыл алуу үчүн зарыл болуп саналат.

-        Гендердик теңсиздикти өзгөртүү үчүн кайсы көйгөйдүн дарамети өтө чоң деп ойлойсуз?

-        Санариптик саламаттык сактоонун гендердик теңсиздикти өзгөртүү үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптештирүү Кыргызстандын күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Азыркы тапта санариптик саламаттык сактоого өтүү боюнча кадамдар жасалууда. Маселен, медайымдар үчүн пайдалуу болгон маалыматты смартфонго киргизилген жана коопсуз төрөт маселесине арналган атайын тиркемени колдонуу менен алса болот, ал Кыргызстандын акушер айымдарына көмөк көрсөтө алат.

Ошондой эле телемедицинанын да дарамети чоң, мында аялдар айылдык саламаттык сактоо жаатындагы өзгөрүүлөргө дем берүүчү ролду аткарууга үйрөнсө болот. Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы учурунда телемедициналык кызмат көрсөтүүлөр обочолонуу шарттарында үйдө болгон бейтаптарга аралыктан кеп-кеңеш берүүдө натыйжалуу экендиги ачыкталды. Ошентип, клиникага баруунун кажети жок болуп, илдетти жугузуп алуу тобокелдиги азайды. Медициналык технологиялар, электрондук окутуу күчүн мобилдик тиркемелер, гаджеттер, AI (жасалма интеллект) базасындагы чечимдер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алат. Алар медициналык маалыматтардын жеңил жеткиликтүү болушун камсыздап, аялдардын ден-соолукка болгон укуктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатышат.

COVID-19 пандемиясынын натыйжасында санариптик ишкердик менен электрондук коммерция кескин жогорулагандыгы байкалды. Бул чөйрөлөрдүн Кыргызстандагы дарамети чоң, айрыкча – аялдарга таандык болгон чакан жана орто ишканалар жаатында, анткени алар аялдарга өз өнүмдөрүн дүйнө жүзүнө жана эл аралык рынокко алып чыгууга шарт түзүшөт. Тамак-аш, текстиль жана кол өнөрчүлүк өндүрүшү боюнча ишканалардын ээси болгон аялдар дүйнөлүк рынокко чыгып, экономиканы жакшыртууга жана жашоо үчүн кирешенин жогорулашына салым кошо алышат.

Кыргызстанда электрондук коммерция гүлдөп-өнүгүшү үчүн банк жана каржы чөйрөсүндөгү тийиштүү шыктандыруучу саясатты жана ченемдик укуктук базаны калыптандыруу зарыл. Бул соода аянтчаларын, төлөм шлюздарын, онлайн-транзакцияларын жана логистиканы  интеграциялоону камтыган электрондук коммерциянын экотутумун бекемдөө максатында аткарылууга тийиш. Өкмөт, жеке сектор жана сооданы колдоочу уюмдар бул жаатта кызматташып, бири-бирин толуктап турган ролду аткарышы керек.

БУУӨПтүн “Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан калыбына келтирүүгө көмөктөшүү механизми аркылуу натыйжалуу башкаруу” долбоорунун алкагында даярдалды.